Загрузка документа…
КР Юстиция министрлигинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 218 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 242 буйругуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө ЖОБО
(КР Юстиция министрлигинин 2018-жылдын 6-сентябрындагы № 176, 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 628, 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 1, 2022-жылдын 19-августундагы № 1 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиянын ишин уюштуруу тартибин аныктайт (мындан ары - Квалификациялык комиссия).
2. Квалификациялык комиссия өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын "Нотариат жөнүндө" Мыйзамына, башка ченемдик укуктук актыларга жана ушул Жобого таянуу менен иш алып барат.
3. Квалификациялык комиссия Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары - Юстиция министрлиги) алдында төмөнкү курамдан турган жети адамдан түзүлөт: нотариат маселесин көзөмөлгө алган Юстиция министринин орун басары (Квалификациялык комиссиянын төрагасы), нотариат маселеси боюнча Юстиция министрлигинин түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, "нотариалдык палатанын өкүлү" коомдук бирикмесинин төрагасы, бир мамлекеттик нотариус, нотариат маселеси боюнча Юстиция министрлигинин түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкери (Квалификациялык комиссиянын катчысы), жарандык коомдун эки өкүлү.
(КР Юстиция министрлигинин 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 1 буйругунун редакциясына ылайык)
4. Квалификациялык комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет.
2. Квалификациялык комиссиянын функциялары
5. Квалификациялык комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
1) квалификациялык экзамен тапшыруусуз жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардын арыздарын карайт;
2) жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардын мамлекеттик же жеке нотариустан такшалуудан өтүүгө жөнөтүү жөнүндө арыздарын карайт (мындан ары - талапкерлер);
3) квалификациялык экзамен өткөрүүнүн күнүн жана убактысын белгилейт (анын которулган күнүн);
4) Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилүүчү квалификациялык экзамендин суроолорун макулдашат;