Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА,
КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК
ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2018-жылдын 10-июлу № 14-нпа
КР КЧ 12-02:2018 «Курулуш өндүрүшүн уюштуруу» бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүү жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнунда № 372 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алып, имараттарды жана курулмаларды жаӊы курууда, реконструкциялоодо курулуш өндүрүшүн уюштурууда жалпы талаптарды аныктоо максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Тиркемеде берилген КР КЧ12-02:2018 «Курулуш өндүрүшүн уюштуруу» бекитилсин.
2. Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту (мындан ары-ЖТТКжИДМИ):
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чараларды көрүшсүн;
- буйрук расмий жарыялангандан кийин үч күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, электрондук жана кагаз түрүндө, буйрукту жарыялаган басылманы көрсөтүп, мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүшсүн;
- буйрук күчүнө кирген күндөн баштап үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
3. КР КЧжЭ 12-02-2004 «Курулуш өндүрүшүн уюштуруу» колдонулуусу токтотулсун.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.А. Акматалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Б. Абдиев |
КР 12-02:2018 «Курулуш өндүрүшүн уюштуруу» КЧ бекитүү тууралу Мамкурулуштун буйругунун долбооруна министрликтердин жана ведомстволордун сын пикирлеринин жана сунуштарынын жыйнагы
№ п/п | Министрликтердин жана ведомстволордун аталышы (каттардын № жана келип түшкөн күндүн датасы) | Сын пикирлердин жана сунуштардын (кошумчалардын) кыскача мазмуну | Чечим кабыл алынды\алынбады |
1 | КР Адилет министрлиги. 9.07.2018-ж. № 02-5/20-8603 кат, министр жокто министрдин орун басары М.К. Есеналиев.
| 1.Долбоордун 4-бөлүмүнүн 4.5 пунктуна ылайык тапшырык берүүчү-курдуруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен курулуш чөйрөсүндө «Тапшырык берүүчү-курдуруучу (бирдиктүү тапшырык берүүчү, курулуп жаткан ишкананын дирекциясы) жөнүндө» жобого ылайык же аныкталган тартипте ыйгарым укуктарды берүүнүн алкагында бардык иш-милдеттердин аткарылышын камсыздоого милдеттүү. Ушуга байланыштуу, тапшырык берүүчү жөнүндө жобо да КР Өкмөтүнүн чечими менен ишке ашарын баса белгилей кетүү керек. | 1. Кабыл алынды. 4.5 пункт төмөндөгү редакцияда берилди: «Тапшырык берүүчү-курдуруучу КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2017-ж.15-декабрындагы №11-нпа буйругу менен бекитилген «Тапшырык берүүчү-курдуруучу (бирдиктүү тапшырык берүүчү, курулуп жаткан ишкананын дирекциясы) жөнүндө» жобого ылайык бардык иш-милдеттердин аткарылышын камсыздоого милдеттүү». |
2. Долбоордун 4-бөлүмүнүн 4.7 пункту боюнча ченемдик укуктук акттарга (жалпы мыйзамдарга) шилтеме жасоого жол берилбейт, коррупциялык көрүнүштөргө алып келет деп эсептелинет. | 2. Кабыл алынды. 4.7 пункт төмөндөгү редакцияда берилди: «Курулуш бүткөндөӊ кийин кабыл алуу, ошондой эле техникалык регламенттин, долбоорлоо жана жумушчу документтердин талаптарына ылайык курулуп бүткөн имаратты же курулманы ишке киргизүү жүргүзүлөт». | ||
3. Тексттин ичинде төмөндөгү: «зарыл болгон учурда», «жана башка», «укуктуу» сөз айкаштарын кайра карап чыгуу зарыл, себеби мындай сөз айкаштары тиешелүү субъекттерге тигил же бул кырдаалды өздөрү каалагандай түшүндүрүшүп, сунушталган ченемдерди ыктыярдуу колдонууга укук берип коет. | 3. Кабыл алынды. Төмөндөгү пункттардан төмөндөгү сөздөр алынып ташталды: - п. 9.5 «зарыл болгон учурда»; - п.6.2 «жана башкалар»; - п.п. 6.13 жана п. 6.16 «башка»; - п.9.17 «укуктуу» деген сөз «укукка ээ» деген сөзгө алмаштырылды. | ||
4. Ченемдик укуктук акттагы колдонулган терминдер жана түшүнүктөр түшүнүктүү жана бир мааниде болууга тийиш. Ушуга байланыштуу, «карста кубулуштары», «түбөлүк төӊ» сыяктуу сөз айкаштары кайра каралышы керек. | 4.Кабыл алынды. «Карста кубулуштары», «түбөлүк төӊ» сыяктуу сөз айкаштары 9.5 пунктан алынып ташталды. | ||
5. Долбоордун 9-бөлүмүнүн 9.8 пунктунда мурун аткарылган жашырын иштердин текшерүүдөн өткөндүгү(күбөлөндүрүү) тууралуу акты жок болгон учурда кийинки иштерди жүргүзүүгө бардык учурларда тыюу салынат.
| 5. Кабыл алынды. 9.8 п. төмөндөгү редакцияда берилди: «Жооптуу конструкциялардын тизмеси 6-тиркемеге ылайык долбоорлоо документтеринин тиешелүү бөлүмдөрүндө көрсөтүлүүгө тийиш, курулуш процессинде алардын даяр болгондугуна жараша (автордук көзөмөлдүн катышуусунда) кабыл алынышат жана 7-тиркемеде көрсөтүлгөн таризде ушул конструкцияларды арадагы кабыл алуу акты түзүлөт». | ||
6. «мурун аткарылган өндүрүш контролдун натыйжалуулугун текшерүү максатында курулуштун бардык баскычтарында тандалган инспекциялык контролдоо жүргүзүлүшү керек» деп жазылган 9.11 п. ылайык төмөндөгүлөрдү билдиребиз. Мындай жобо коррупциялык көрүнүштөргө алып келет деп эсептелинет, себеби белгиленген ченемди колдонуп жаткан субъектке курулуш өӊдүрүшүнүн субъекттерине өз ыктыяры боюнча тандап инспекциялык контролдоону жүргүзүүгө укук берип коет.
| 6. Кабыл алынды Пункт төмөндөгү редакцияда берилди: «мурун аткарылган өндүрүш контролдун натыйжалуулугун текшерүү максатында курулуштун бардык баскычтарында аныкталган тартипте инспекциялык контролдоо жүргүзүлүшү керек» . | ||
7. КР 12-02:2018 КЧ буйругунун долбоорун, ошондой эле ага негиздеме-маалым катты жалпысынан КР Өкмөтү 2017-ж. 31-майында №313 токтом менен бекиткен «Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу акттарынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускамага» ылайык келтирүү керек.
| 7. Кабыл алынды. КР 12-02:2018 КЧ буйругунун долбоору, ошондой эле ага негиздеме-маалым кат КР Өкмөтү 2017-ж. 31-майында №313 токтом менен бекиткен «Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу акттарынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускамага» жана КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-ж.11-июнундагы №13-нпа буйругу менен бекитилген «Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму жөнүндө» жобого ылайык келтирилди. | ||
2 | КР Экономика министрлиги, министр жокто – статс-катчысы А.О.Шаршеев,13.06.2018-ж. келип түшкөн № 061/8255 кат. | Сын пикирлер жана сунуштар жок |
|
3 | КР Финансы министрлиги, министрдин м.а. А.Бакетаев 05.06.2018-ж. келип түшкөн № 18-1-2/6672 кат. | Сын пикирлер жана сунуштар жок |
|
4 | КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, министр С.Жумагулов | Сын пикирлер жана сунуштар жок |
|
5 | КР Транспорт жана жолдор министрлиги, министр Калилов Ж.К. 31.05.2018-ж.келип түшкөн № 09-3/4255 кат. | Сын пикирлер жана сунуштар жок |
|
6 | КР Айыл чарба , тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, министр Н.Мурашов. келип түшкөн № 01-4/2471 кат | Сын пикирлер жана сунуштар жок |
|
7 | КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, министр Т. Исакунова 21.05.2018-ж. келип түшкөн № 05-6/3033кат. | Сын пикирлер жана сунуштар жок |
|
8 | КР Билим берүү жана илим министрлиги, министр Г.К. Кудайбердиева 31.05.2018-ж. келип түшкөн № 11-1/3859 кат. | Сын пикирлер жана сунуштар жок |
|
9 | КРӨзгөчө кырдаалдар министрлиги, министр Н.С.Мирзахмедов 29.05.2018 –ж. келип түшкөн № 02-10/3435 кат. | Сын пикирлер жана сунуштар жок |
|
10 | КР Саламаттыкты сактоо министрлиги, министр К.С.Чолпонбаев № 05-1/4-8257 кат. | Сын пикирлер жана сунуштар жок |
|
11 | КР Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитети, төрагасы Рыскулов У.Д. келген № 05-4/6897кат. | Сын пикирлер жана сунуштар жок |
|
12 | КР Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитети, төрагасы Б.Н.Шаршембиев, 21.05.2018-ж. келген № 02-3/2265 кат. | Сын пикирлер жана сунуштар жок |
|
13 | КР Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, директор К.Муратбеков 22.05. 2018-ж. келип түшкөн № 03/1938 кат. | Сын пикирлер жана сунуштар жок |
|