Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 2-майындагы № 162 буйругуна тиркеме |
Автомобиль жолдорун реконструкциялоодо, капиталдык, орто, учурдагы оӊдоодо жана тейлөөдө аткарылуучу жумуштардын түрлөрүнүн классификациясы
(КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2021-жылдын 15-июнундагы № 166 буйругунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Классификация жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун реконструкциялоодо, капиталдык, орто, учурдагы оӊдоодо жана тейлөөдө аткарылуучу жумуштардын түрлөрүн аныктайт.
2. Классификация жол-оӊдоо жумуштарынын көлөмдөрүн негиздөө жана автомобиль жолдорун оӊдоо менен тейлөөнү ченемдик каржылоону эсептөө үчүн колдонулат.
3. Ушул Классификацияда төмөнкү аныктамалар колдонулат:
1) жол кийиминин кызмат кылуусунун оӊдоо ортосундагы мөөнөтү – бул жолду куруудан, реконструкциялоодон же капиталдык оӊдоодон соӊ эксплуатацияга берүү учурунан кийин кезектеги капиталдык оӊдоого чейинки, жол курулушунун көтөрүү жөндөмдүүлүгүнүн жогорулоосу (күчтөнүүсү) менен байланышкан мезгил. Автомобиль жолунун долбоорлук керектөөчүлүк касиеттеринде жана жолду техникалык ченемдерге шайкеш тейлөөдө жана автомобиль жолдорун эксплуатациялоонун эрежелери сакталса, жол кийиминин оӊдоо ортосундагы кызмат кылуу мөөнөтү 17-19 жылга барабар;
2) автомобиль жолунун керектөөчүлүк касиеттери – жолдун жолду пайдалануучулардын кызыкчылыктарын чагылдыруучу унаалык-эксплуатациялык көрсөткүчтөрү: кыймылдын үзгүлтүксүздүгү, ыӊгайлуулугу жана коопсуздугу, өткөрүү жөндөмдүүлүгү жана кыймылга жүктөлүү деӊгээли, жол берилүүчү ылдамдык, автомобилдердин кыймыл үчүн уруксат этилген окко оордугу, жалпы салмагы жана өлчөмдөрү, жолдун экологиялык коопсуздугу жана эстетикалык касиеттери;
3) автомобиль жолун реконструкциялоо – аларды аткарууда автомобиль жолунун көрсөткүчтөрүн өзгөртүү жүзөгө ашырылуучу, автомобиль жолунун классын жана (же) категориясын өзгөртүүгө алып баруучу, же өз артынан автомобиль жолунун бөлүү тилкелерин өзгөртүүнү алып келүүчү жумуштардын комплекси;
4) автомобиль жолун тейлөө – автомобиль жолунун ченемдик техникалык абалын колдоо боюнча, ошондой эле жол кыймылын уюштуруу жана анын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жумуштардын комплекси;
5) орто оӊдоо – жол жабуусунүн жешилген үстүӊкү катмарынын ордун толтуруу боюнча, жолдун жана жол курулмаларынын баштапкы эксплуатациялык сапаттарын калыбына келтирүү менен байланышкан жумуштарды мезгил-мезгили менен аткаруу;
6) автомобиль жолун учурдагы оӊдоо – автомобиль жолунун транспорттук-эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн калыбына келтирүү боюнча жумуштардын комплекси, аларды аткарууда автомобиль жолунун ишенимдүүлүгү менен коопсуздугунун курулуштук жана башка мүнөздөмөлөрү өзгөрүлбөйт.
4. Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын эксплуатациялоо боюнча жумуштарды жүргүзүүгө факт жүзүндө бөлүнгөн акча каражаттары жолдор менен жол курулмаларынын транспорттук-эксплуатациялык абалын текшерүүнүн жана диагностикалоонун материалдарынын негизинде аныкталган жүргүзүлүүчү оӊдоо иштеринин түрлөрүнө жараша бөлүштүрүлөт.
5. Жолдорду реконструкциялоодо, капиталдык, орто, учурдагы оӊдоодо жана тейлөөдө аткарылуучу жумуштардын классификациялануучу түрлөрү, жол тармагында иштеп жаткан стандарттардын талаптарына шайкештикте аткарылат.
2. Жолдорду жана жол курулмаларын реконструкциялоодогу, капиталдык, орто, учурдагы оӊдоодогу жана тейлөөдөгү оӊдоо жумуштарынын түрлөрү жана курамы