Загрузка документа…
| 1-тиркеме Экономика министрлигинин 2018-жылдын “__”-_______ № ____ буйругу менен бекитилген |
1. Ушул Туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу боюнча методология (мындан ары - Методология) мамлекеттик стратегиялык документтерди, ошону менен бирге региондук пландаштыруу документтерин иштеп чыгуунун тартибин аныктайт.
2. Методология мамлекеттик стратегиялык документтерди, региондук пландаштыруу документтерин (мындан ары-стратегиялык документ) иштеп чыгууда колдонулат жана стратегиялык документтерди унификациялоого, системага түшүрүүгө жана байланыштырууга багытталган.
3. Стратегиялык документтердин максаттары жана милдеттери мамлекеттик башкаруу системасынын төмөнкүдөй элементтери аркылуу түзүлөт:
- башкаруунун мамлекеттик институттары, анын ичинде, райондук мамлекеттик администрациялары (мындан ары - РМА);
- мыйзамдар;
- кадрдык потенциал;
- текшерилген саясый чечимдерди кабыл алуу үчүн маалыматтардын жеткиликтүүлүгү жана аныктыгы.
4. Мамлекеттик стратегиялык документ – бул мамлекеттик саясаты мамлекеттик стратегиялык пландаштыруунун белгиленген формадагы жазуу түрүндөгү расмий документ түрүндө иштелип чыккан, деңгээлге жана тартипке ээ болгон, ишке ашыруу мөөнөттөрү боюнча чектелген жана тийиштүү ченемдик укуктук акты менен бекитилген инструменти.
5. Стратегиялык документтин долбоорун иштеп чыгууну демилгелеген мамлекеттик органдын стратегиялык документинин долбоорун иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ бекитилет.
6. Жумушчу топтун курамына, профилдик адистерден тышкары, зарылдыгына жараша юриспруденция, финансы жана экономика тармагындагы адистер, мамлекеттик органдардын, анын ичинде РМА жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, экологдор жана айлана чөйрөнү коргоо маселелери боюнча адистер, мамлекеттик башкаруу жана коррупциянын алдын алуу маселелер боюнча эксперттер, этнос аралык өнүгүү тармагында эксперттер киргизилет. Андан тышкары, жумушчу топтун курамына башка адистер, ошондой эле башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн. Жумушчу топтун курамы туруктуу өнүктүрүү моделинин бардык түзүмдөрүн иштеп чыгууну эске алуу менен түзүлүшү жана сапаттуу стратегиялык документти иштеп чыгууга мүмкүндүк бериши керек.
7. Стратегиялык документтерди иштеп чыгуу процесси мамлекеттик башкаруу органдарынын, региондук өкүлчүлүктөрдүн, анын ичинде РМА, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын жана жарандык сектордун бардык кызыкдар тараптарынын тыгыз өнөктөштүгүндө ишке ашырылышы керек.