Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын 2018-жылдын ___-_________ № ____ буйругу менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө тынчтык мезгилде (буюм кызматы боюнча) материалдык-техникалык каражаттарды чыгымдоо (жабдуу) ченемдери жөнүндө ушул жобо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн буюмдук камсыздоосун уюштуруу максатында иштелип чыккан жана аскерлердин күжүрмөн даярдоо маселелерин чечүү, аларды дайым күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыкта кармоо үчүн керектүү шарттарды түзүүгө багытталган.
2. Ушул Жободо колдонулчу терминдердин негизги түшүндүрмөлөрү:
буюмдук камсыздоо – ар тараптан камсыздоону уюштуруу жана аскер кызматчыларга жана аскердик бөлүктөргө буюм кызматынын материалдык-техникалык каражаттарын жеткирүү боюнча иш-чаралардын жыйындысы;
буюм мүлкү - кийимдер, бут кийим, ички кийим, жууркан-төшөк керек-жарактар, күзөт мүлкү жана жылуу буюмдар, атайын кийимдер, санитардык-чарбалык мүлк, жарандык кийимдер, спорт мүлкү жана аспаптар;
аскер кызматчылар - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн органдарында жана бөлүкчөлөрүндө аскер кызматын өтөп жаткан адамдар, аскерге милдеттүүлөр, жыйындарга чакырылган адамдар, аскердик окуу жайлардын курсанттары, ошону менен катар Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.Асанов атындагы аскер лицейинин тарбиялануучулары;
аскердик бөлүктөр – аскердик башкаруу органдары (Куралдуу Күчтөрдүн ведомстволору, органдары, аскерлер топтору), кошуундар, мекемелер, уюмдар, аскердик окуу жайлар, ошону менен катар Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Д.Асанов атындагы аскер лицейи;
камсыздоочу орган – аскер кызматчылардын жана аскердик бөлүктөрдүн буюмдук камсыздоо тапшырмаларын жүргүзүүчү жана ишке ашыруучу жана буюмдук камсыздоо жана буюм мүлкүнүн чыгымдоо (жабдуу) ченемдерин колдонуу тартиби маселелери боюнча көрсөтмө жана түшүндүрмө берүүгө укуктуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн буюм кызматынын башкаруу органы (буюм бөлүмү, бөлүмчөсү);
буюм мүлкүнүн ордуна акчалай компенсация – аскер кызматчыга ушул Жобо менен каралган тартипте берүүгө тийиштүү болгон төлөнүүчү буюм мүлкүнүн наркынын акчалай суммасы;
күндөлүк чыгымдоо (жабдуу) мүлкү – тынчтык мезгилинде күнүмдүк жана атайын тапшырмаларды аткаруу максатында аскер кызматчыларды жана аскердик бөлүктөрдү камсыздоо үчүн багытталган материалдык- техникалык каражаттар;
жыйноо фондунун мүлкү – окуу жана түгөлдөө жыйындарына чакырылчу аскерге милдеттүүлөрдү камсыздоого арналган материалдык-техникалык каражаттар;
кол тийгис запастын мүлкү – аскерлердин мобилизациялык жайылтуусун камсыздоого жана согуш мезгилине запастарды түзүүгө арналган материалдык-техникалык каражаттар;