Редакцияот 03.11.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН

БУЙРУГУ

2017-жылдын 3-ноябры № 241

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 21-беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 8-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы № 764 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө" жобонун 11-пунктун жетекчиликке алып

БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссия жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Буйрук расмий жарыяланууга тийиш.

3. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-февралындагы № 79 "Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нотариат жана адвокатура башкармалыгы (А.У.Искендеров) зарыл болгон учурда ушул буйруктан келип чыккан тиешелүү буйруктун долбоорлорун даярдап бекитүү үчүн кароого киргизсин.

5. Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө адвокаттык иштин маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басарына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин милдетин аткаруучу

М.Сарымсаков