Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 711 токтому менен бекитилген |
Адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-октябрындагы № 528 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү тартиби (мындан ары - Тартип) адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүүнүн эрежесин жана уюштурууну аныктайт.
2. Квалификациялык экзамен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери боюнча квалификациялык комиссия (мындан ары - Квалификациялык комиссия) тарабынан өткөрүлөт.
3. Квалификациялык комиссия өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын жана ушул Тартиптин негизинде жүзөгө ашырат.
4. Квалификациялык экзамен адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардын арыздары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде (мындан ары - Юстиция министрлиги) топтолгонуна жараша, бирок 3 айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Квалификациялык экзаменди өткөрүү күнү, убактысы жана жери Юстиция министрлигинин буйругу менен аныкталат.
Адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдарга почта байланышы аркылуу жазуу жүзүндөгү кабарлама жөнөтүү жолу менен квалификациялык экзаменди өткөрүү күнү, жери жана убактысы жөнүндө квалификациялык экзамен өткөрүүгө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбей билдирилет.
Квалификациялык экзаменди өткөрүү жөнүндө талапкерди маалымдоо телефон байланышы аркылуу да жүзөгө ашырылат, бул жөнүндө маалымкат түзүлөт. Талапкердин телефонунун номери көрсөтүлбөгөн же телефону өчүрүлгөн учурда, ошондой эле башка учурларда тиешелүү маалымкат түзүлөт.
5. Адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзамен тапшыруу үчүн суроолордун тизмеги Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилет жана анын расмий сайтына жайгаштырылат.
6. Квалификациялык экзамен компьютердик тестирлөө түрүндө өткөрүлөт.
7. Компьютердик тест 110 суроодон турат. Тесттин суроолору суроонун өзүнөн жана жооптун төрт вариантынан турат. Талапкер сунушталган ар бир суроо боюнча жооптордун бир же бир нече вариантын тандап, аларды тийиштүү түрдө белгилөөсү керек.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-октябрындагы № 528 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Талапкерлер компьютердик тестти өзүнүн каалоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде тапшырышат.
9. Квалификациялык экзамен видео байкоо камералары орнотулган компьютердик класстарда өткөрүлөт.
Квалификациялык комиссиянын мүчөлөрү экзамендин жүрүшүнө визуалдуу же онлайн шартында видео байкоо аркылуу көзөмөл кыла алышат.
10. Квалификациялык экзамен төмөнкүдөй тартипте өткөрүлөт: