Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура,
курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин
2023-жылдын 1-декабрындагы № 64-нпа
буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
+ _КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ_ Курулуштагы ченемдик документтер тутуму
КАЛКЫНЫН САНЫ 3000 ГЕ ЧЕЙИНКИ КИЧИ КОНУШТАРДЫ ТЫШКЫ СУУ МЕНЕН ЖАБДУУ ТУТУМДАРЫ
ДОЛБООРЛОО ЖАНА КУРУУ ЧЕНЕМДЕРИ
СИСТЕМЫ НАРУЖНОГО ВОДОСНАБЖЕНИЯ МАЛЫХ НАСЕЛЕННЫХ ПУНКТОВ С ЧИСЛЕННОСТЬЮ ДО 3000 ЖИТЕЛЕЙ НОРМЫ ПРОЕКТИРОВАНИЯ И СТРОИТЕЛЬСТВА
Outdoor Water Supply Systems For Small Settlements With A Population of up To 3,000 Inhabitants Norms on the Design And Construction
|
|
Киргизүү датасы 2018-12-31
|
|
1.1 Бул курулуш ченемдери калкынын саны 3000 чейинки кичи конуштардын жана күнүнө 200м3дан ашпаган көлөмдө ичүүчү сууну керектеген бөлөк жайгашкан социалдык объектилердин (санаториялык-курорттук мекемелер, балдардын саламаттыкты чыңдоо борборлору, жаза аткаруу мекемелери жана саламаттыкты сактоо мекемелери) тышкы суу менен жабдуу тутумдарын долборлоодо коюлуучу талаптарды аныктайт. Ченемдер эсептелген чыгымдарды, булактарды, ичүүчү суу менен камсыздоонун схемаларын жана тутумдарын, алардын тармактарын жана курулмаларын аныктоого карата талаптарды белгилейт.
1.2 Ичүүчү суу менен камсыздоо объектилерин долбоорлоодо жана курууда "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, "Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “"Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, “Ичүүчү суу менен камсыздоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомун жетекчиликке алуу зарыл.
1.3 Ушул ченемдердин өрткө каршы талаптары өрткө кооптуу, жарылгыч заттарды өндүрүүчү, колдонуучу же сактоочу ишканалардын, күйүүчү жана жеңил тутануучу материалдардын кампаларынын, мунай-газ өндүрүү жана мунайды кайра иштетүү өнөр жайынын суу өткөргүчтөрүнө таркалбайт, өрт өчүрүүгө карата талаптар “Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
2.1 Калкынын саны 3000ге чейинки жашоочусу бар конуштарда ичүүчү суу менен жабдуу тутумдарын долбоорлоодо алардын кайсы ведомствого таандык экенине карабастан тутумдар менен объектилердин кооперациялашууларынын максатка ылайыктуулугун кароо зарыл.
2.2 Суу менен жабдуу объектисинин ээсинин тиешелүү түрдө таризделген макулдугу бар болгондо айыл чарбалык, өндүрүштүк жана коммерциялык муктаждыктар үчүн сууну чыгымдоолор суу өткөргүчтүн бөлүштүрүүчү эсептөөлөрүнө эске алынууга тийиш.
Мында объектилерди суу менен жабдуу долбоорлорун канализация тутумдарын жакшыртуу долбоорлору менен бир мезгилде жана суу колдонуунун жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелер менен ченемдерди сактап кир сууларды агызуунун теңдемин милдеттүү талдоо менен иштеп чыгуу зарыл.
2.3 Суу, электр жана жылуулук энергиясы менен катар эле, энергетикалык өнүм болуп саналат, буга байланыштуу аны колдонуунун экономикалык майнаптуулугуна карата тиешелүү талаптарды эске алуу зарыл.
2.4 Чарбалык-ичүү муктаждыктарына берилүүчү суунун коопсуздугу ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө техникалык регламенттин талаптарына шайкеш болууга тийиш.
Суу колдонуу көлөмү же тейленүүчү калктын сана боюнча ушул Ченемдерге шайкеш келген объектилер үчүн, ичүү максатында 1-таблицада келтирилген көрсөткүчтөргө ылайык кээ бир элементтерди камтуусу боюнча параметрлери бар сууну колдонууга уруксат кылынат.
1- т а б л и ц а
Параметрлер | Өлчөө бирдиги | Көрсөткүч |
Аммоний | мг/л | 2,0 |
Бор | мг/л | 0,1 |
Хлориддер | мг/л | 250 |
Марганец | мг/л | 0,5 |
Темир | мг/л | 0,3 |
Сульфаттар | мг/л | 250,0 |
Киргилдиги | мг/л | 1,5 |
Нитраттар | мг/л | 10 |
Бактериялардын жалпы саны | в 1 мл | 100 |
Суутек реакциясы рН | -- | 6-9 |