Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЭРЕЖЕЛЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму
ИМАРАТТАРДЫН ЖАНА КУРУЛМАЛАРДЫН ӨРТ КООПСУЗДУГУ
ПОЖАРНАЯ БЕЗОПАСНОСТЬ ЗДАНИЙ И СООРУЖЕНИЙ
Fire safety of buildings and structures
Киргизүү датасы 2018 ж.12 декабры
1 Колдонуу чөйрөсү
1.1 Ушул ченемдер жайлардын, имараттардын жана башка курулуш имараттарынын (мындан ары - имараттар) тургузулушунун жана эксплуатациялоосунун бардык этаптарында өрткө каршы коргонуунун талаптарын, ошондой эле имараттардын, алардын эелементтеринин жана бөлүктөрүнүн, бөлмөлөрүнүн, курулуш конструкцияларынын жана материалдарынын өрт-техникалык классификациясын аныктайт.
1.2 6-, 7-жана 8-бөлүмдөрдүн атайын милдеттеги (жарылуучу заттарды жана жардыруучу каражаттардыөндүрүүчү, аскер арналышындагы, метрополитендердин жер алдындагы курулмаларына, тоо өндүрүштөрүнө) имараттарга тиешеси жок.
1.3 Имараттарга, курулуш конструкцияларына, буюмдарына жана материалдарына ченемдик жана техникалык документтер ушул ченемдер менен жөнгө салынган өрт-техникалык мүнөздөмөлөрдү камтууга тийиш.
1.4 Курулуштагы ченемдик документтердин тутумунун өрткө каршы ченемдери жана талаптары ушул ченемдердин талаптарына негизделиши керек.
Ушул ченемдер менен катар башка да аныкталган тартипте бекитилген ченемдик документтердеги өрткө каршы талаптар аткарылууга тийиш. Бул ченемдик документтер ушул ченемдердин жоболоруна айрым имараттардын, жайлардын жана инженердик тутумдардын түрлөрүнүн өрткө каршы коргонуу бөтөнчөлүгүн жана функционалдык милдетинин өзгөчөлүгүн эске алган, кошумча, тактоолорду жана өзгөртүүлөрдү камтыйт.
1.5. Имараттардын бийиктиги 75 м* чоң болгон Ф1.3 функциялык өрт кооптуулук классындагы, башка функциялык өрт кооптуулук классындагы бийиктиги 50 м көп жана жер алдындагы кабаттардын саны бирден көп болгон, ошондой эле өтө татаал көп функциялуу имараттар үчүн ушул ченемдердин талаптарын тутуудан тышкары, алардын өрткө каршы коргонуусунун бөтөнчөлүгүн чагылдырган, алардын ичинде инженердик-техникалык жана уюштуруу иш-чараларынын кошумча топтому кирген техникалык шарттар өрттү алдын алуу, өчүрүү жана авариялык-куткаруучу иштерди жүргүзүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгышы керек. Аталган техникалык шарттар жергиликтүү өрттү алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсундөгу ыйгарым укуктуу мамлеккттик органдын жана КР Мамкурулушунун башкаруу органы менен макудашылып, тапшырык берүүчү менен бекитилүүгө тийиш.
Конкреттүү объекттер боюнча курулуш ченемдеринин өрткө каршы талаптарынан четке чыгууга уруксатты архтектура-курулуш чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган негизделген учурда бере алат. Андай учурда бул четке чыгууларды компенсациялоочу иш-чаралар өрттү алдын алуу, өчүрүү жана кырсыктан куткаруу иштерин жүргүзүү чөйрөсундөгу ыйгарым укуктуу мамлеккттик органдын макулдугу менен болууга тийиш.
1.5 Турган имараттардын же алардагы айрым бөлмөлөрүнүн функциялык арналышын, ошондой эле көлөмдүү-мерчемдүү жана конструкциялык чечимдерди өзгөрткөн учурда, ушул имараттардын жана бөлмөлөрдүн жаңы милдетине ылайык иштеп жаткан ченемдик документтер колдонулушу керек.
* Ушул жерде жана мындан ары, атайын айтылган учурлардан тышкары, имараттын бийиктиги жогорку кабаттын жайгашуу бийиктиги менен аныкталат, жогорку техникалык кабат саналбайт, ал эми кабаттын жайгашуу бийиктиги өрт өчүрүүчү машиналар үчүн өткөөлдөрдүнбетиндеги белгилер менен тышкы дубалдагы ачылуучу тешиктин (терезенин) төмөн чегинин айрымасы менен аныкталат.
2 Ченемдик шилтемелер
Ушул курулуш ченемдеринде төмөндөгү документтерге ченемдик шилтемелер пайдаланылды:
ЭАКЧ 2.04-05-95 «Табигый жана жасалма жарык берүү»;
КЧ КР 31-12:2018 «Автомобиль токтотуучу жайлар»;
КР КЧ 31-09:2018 «Бир батирлүү турак имараттар»;
КР КЧ 31-04:2018 «Коомдук имараттар жана курулмалар»;
МАСТ 12.1.044-89 ССБТ “Заттардын жана материалдардын өрт-жарылуу коркунучу”
МАСТ 25772-83 “Тепкичтердин, балкондордун жана чатырлардын болот тосмолору. Жалпы техникалык шарттар”;
МАСТ 30244-94 “Курулуш материалдары. Күйүүгө сыноолорду өткөрүү методдору”;
МАСТ 30247.0-94 “Курулушконструкциялары. Отко чыдамдуулукка сыноолорду өткөрүү методдору. Жалпы талаптар”;
МАСТ 30247.1-94 “Курулушконструкциялары. Отко чыдамдуулукка сыноолорду өткөрүү методдору. Көтөрүп туруучу жана тосмо конструкциялар.”;
МАСТ 30247.3-2002 “Курулушконструкциялары. Отко чыдамдуулукка сыноолорду өткөрүү методдору. Лифт шахталарынын эшиктери”;
МАСТ 30402-96 “Курулуш материалдары. Тез тутангычтыкка сыноолорду өткөрүү методдору”;
МАСТ 30403-96 “Курулушконструкциялары.Өрт кооптуулугун аныктоо методу” ;
МАСТ 30444-97 “Курулуш материалдары. Жалындын таралышына сыноолорду өткөрүү методу”;
МАСТ 12.1.044-89 Өрт жарылуу коркунучу заттар жана материалдар;
ӨКЧ 233-96 Имараттар жана имараттардын фрагменттери.
3 Терминдер жана аныктамалар
Ушул курулуш ченемдеринде терминдер тиешелүү аныктамалары менен пайдаланылды.
3.1 авариялык чыгуучу жер : Эвакуация жолуна түздөн-түз сыртка же коопсуз зонага алып баруучу чыгуучу жер (эшик, люк, терезе) жана ал адамдарды куткаруу үчүн кошумча чыгуучу жер катары колдонулат, бирок өрт болгондо адамдарды коопсуз эвакуациялоо шарттарына зарыл сандагы жана өлчөмдөгү эвакуация жолдорунун жана чыгуучу жерлердин ылайыктуулугун баалоодо эсепке алынбайт;
3.2 жарылуу: Чөйрөгө энергиянын бөлүнүп чыгышы жана кысылган газдардын пайда болушу менен коштолгон химиялык тез айлануу;
3.3 коргоо объекти: Аларга карата өрт коопсуздугунун талаптары белгиленген же белгиленүүгө тийиш болгон жеке жана юридикалык жактардын мүлкү, мамлекеттик же муниципалдык мүлк (аймакты, имараттарды, курулмаларды, транспорт каражаттарын, технологиялык түзүлүштөрдү, жабдууларды, агрегаттарды, буюмдарды жана башка мүлктөрдү кошкондо);
3.4 өрттүн коркунучтуу факторлору: Алардын таасири адамдын жаракат алышына, ууланышына же өлүмүнө жана (же) материалдык зыянга алып келиши мүмкүн болгон өрт факторлору;
3.5 өрт отсеги: Өрткө каршы дубал жана өрткө каршы калканч же өрткө туруктуулук чеги бар жабуу менен бөлүнгөн, өрттүн узактыгынын ичинде өрттүн анын чегинен тышкары таралып кетпешин камсыз кылуучу имараттын (курулманын) бөлүгү;
3.6 заттар менен материалдардын өрт-жарылуу коркунучу: Заттар менен материалдардын алардын физикалык-химиялык касиеттери жана (же) өрт шартындагы аракеттери менен мүнөздөлгөн, күйүүчү (өрттөнүү коркунучу же жарылуу коркунучу бар) чөйрөнү пайда кылуу жөндөмдүүлүгү;
3.7 конструкциянын отко туруктуулук чеги: Өрт таасири башталгандан тартып ал конструкция үчүн отко туруктуулугу боюнча четки абалдар үчүн ченемделгендин ичинен бири болгонго чейинки убакыт;
3.8 эвакуация: Өрттүн коркунучтуу факторлорунун аларга таасир тийгизүүсүнүн мүмкүнчүлүгү болгон жайлардан адамдарды тышка же коопсуз зонага уюштурулган өз алдынча (өз алдынча эмес) кыймылынын (орун которуусунун) процесси;
3.9 эвакуациялык чыгуучу жер: Эвакуациянын түздөн түз тышка же коопсуз зонага алып баруучу жолуна чыгуучу жер;
4 Негизги жоболор
4.1. Имараттарда өрт болуп калган учурда төмөндөгүлөрдү камсыздаган конструкциялык, көлөмдүү-мерчемдүү жана инженердик-техникалык чечимдер каралууга тийиш:
- өрттүн кооптуу факторлорунан улам, адамдарды алардын курагына жана физикалык абалына карабастан, алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч пайда болгонго чейин тышка имаратка чектеш аймакка (мындан ары- тышка) алып чыгуу мүмкүнчүлүгү;
- адамдарды сактап калуу мүмкүнчүлүгү;
- өрт өчүрүүчү бөлүмдөрдүн жеке курамынын өрткө жеткиликтүүлүгү жана өрт очогуна өрт өчүрүүчү каражаттарды жеткирүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле адамдарды жана материалдык баалуулуктарды сактап калуу боюнча иш-чаралар;
- өрт сакчыларына жана аны техникалык жактан жабдууга, өрткө каршы иш-чараларга сарпталган чыгымдардын жана зыян келтирүүнүн чоңдугунун ара катышы экономикалык жактан негизделген учурда, тике жана кыйыр материалдык чыгымдарды чектөө, анын ичинде имараттын ичиндегилери жана имараттын өзү;
- өрттүн жанында жайгашкан имараттарга жайылып кетүүсүн болтурбоо, алардын ичинде күйүп жаткан имарат ураганда.
4.2. Курулуш процессинде төмөндөгүлөрдү камсыздоо зарыл:
- аныкталган тартипте бекитилген жана иштеп жаткан ченемдерге ылайык иштелип чыккан долбоордо каралган өрткө каршы иш-чараларды артыкчылыктуу аткаруу;
- курулуш жана монтаждоо иштерин өрткө коопсуз жүргүзүү, курулуп жаткан жана көмөкчү объекттерди өрттөн коргоо жана улуттук ченемдик документтерде каралган өрткө каршы эрежелерди тутуу;
- өрткөкаршы күрөшүү каражаттарынын оң абалда жана бар болушу;
- адамдарды коопсуз эвакуациялоо жана сактап калуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле курулуп жаткан объектте жана курулуш аянтында материалдык баалуулуктарды сактап калуумүмкүнчүлүгү;
4.3. Эксплуатация учурунда төмөндөгүлөрдү тутуу керек:
- имараттын ичиндегилерин жана анын өрткө каршы каражаттарын долбоорлоо жана техникалык документтерине ылайык ишке жарамдуулугун камсыздоо;
- аныкталган тартипте бекитилген өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди аткарууну камсыздоо;
- аныкталган тартипте бекитилген иштеп жаткан ченемдерге ылайык иштелип чыккан долбоордун конструкциялык, көлөмдүү-мерчемдүү жана инженердик-техникалык чечимдерисиз өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол бербөө;
- ремонттоо иштери жүрүп жаткан учурда иштеп жаткан ченемдердин талаптарына жооп бербеген конструкцияларды жана материалдарды колдонууга жол бербөө.
Эгерде имаратты курууга уруксат имаратта же анын кайсы бөлүгүндө болбосунжайгашкан адамдардын саны же өрт жүктөмү чектелүү болот деген шарт менен алынса, анда имараттын ичинде көрүнө жерлерде ушул чектөөлөр туурасында билдирүүлөр болууга тийиш, ал эми имараттын администрациясы өрттү болтурбоо жана адамдарды эвакуациялоо боюнча атайын уюштуруу иш-чараларын иштеп чыгышы керек.
4.4. Имараттарды өрттөн сактоо боюнча иш-чаралары өрт өчүрүүчү бөлүмдөрдүн жайгашуусун жана техникалык жабдылуусун эске алып каралат.
4.5. Имараттардын өрткө кооптуулугун анализдөөдө адамдарды эвакуациялоого жана өрткө каршы күрөшүүгө, өрттүн өнүгүшүнүн жана анын кооптуу факторлорунун жайылышынын убакыттык параметрлеринин ара катышына негизделген эсептик сценарийлер колдонулат.
5. Өрткө каршы техникалык классификация
5.1. Жалпы жоболор
5.1.1 Курулуш материалдарын, конструкцияларды, жайларды, имараттарды, имараттардын элементтеринин жана бөлүктөрүнүн өрткө каршы-техникалык классификациясы өрттүн кооптуу факторлорунун пайда болушуна жана анын тарашына себеп болгон – өрткө кооптулук сапаттары боюнча, өрттүн таасирине жана анын кооптуу факторлоруна каршы туруу – отко чыдамдуулуксапаттары боюнча бөлүнүүгө негизделет.
5.1.2 Өрткө каршы-техникалык классификацияконструкцияларды, жайларды, имараттарды, имараттардын элементтеринин жана бөлүктөрүнүн алардын отко чыдамдуулугуна жана (же) өрт коркунучуна жараша өрткө каршы коргоо боюнча зарыл болгон талаптарды аныктоо үчүн арналат.
5.2. Курулуш материалдары
5.2.1.Курулуш материалдары өрт коркунучу боюнча гана мүнөздөлөт.
Курулуш материалдарынын өрт коркунучу төмөндөгү өрткө каршы-техникалыкмүнөздөмөлөр менен аныкталат: күйгүчтүгү, тез тутангычтыгы, жалындын нерсенин бетинде жайылышы, түтүн пайда кылуучулугу жана ууландыруусу.
5.2.2. Күйгүчтүгү боюнча курулуш материалдары: “Күйбөс” жана “Күйүүчү” болуп бөлүнөт. Күйүүчүкурулуш материалдары төрт топко бөлүнөт:
Күйүүчү 1 (начар күйүүчү);
Күйүүчү 2 (орто күйүүчү);
Күйүүчү З (кадыресе күйүүчү);
Күйүүчү 4 (катуу күйүүчү).
Күйүүчү жана курулуш материалдарынын күйгүчтүгү боюнча топтору ГОСТ 30244 боюнча аныкталат.
Күйбөс курулуш материалдары үчүн өрт кооптуулугунун башка көрсөткүчтөрү аныкталбайт жана ченемделбейт.
5.2.3. Тутангычтыгыбоюнча күйүүчү курулуш материалдары үч топко бөлүнөт:
В1 (оор тутануучу);
В2 (тутануусу орто);
ВЗ (тез тутануучу).
Курулуш материалдарынын тутангычтыгыбоюнча топтору ГОСТ 30402 боюнча аныкталат.
5.2.4. Жалындын нерсенин бетинде жайылышы боюнча күйүүчү курулуш материалдары төрт топко бөлүнөт:
РП1 (жайылбас);
РП2 (начар жайылуучу);
РПЗ (орто жайылуучу);
РП4 (тез жайылуучу).
Жалындын нерсенин бетинде жайылышы боюнча күйүүчү курулуш материалдарынын топтору тинекенин жана полдордун бет катмарлары үчүн, алардын ичинде килем жабуулары үчүн ГОСТ 30444 боюнча аныкталат.
Башка курулуш материалдары үчүн жалындын нерсенин бетинде жайылышы боюнчатоптору аныкталбайт жана ченемделбейт.
5.2.5.Түтүн пайда кылуучу күйүүчү курулуш материалдары үч топко бөлүнөт:
Д1 (түтүн пайда кылуусу аз);
Д2 (түтүн пайда кылуусу орто);
ДЗ (түтүн пайда кылуусу жогору).
Түтүн пайда кылуучу күйүүчү курулуш материалдарынын топтору ГОСТ 12.1.044 2.14.2 жана 4.18 п. боюнча аныкталат.
5.2.6. Күйүүдө ууландыруучу заттарды бөлүп чыгаруу боюнча курулуш материалдары төрт топко бөлүнөт:
Т1 (кооптуулугу аз);
Т2 (орто кооптуу);
ТЗ (кооптуулугу жогору);
Т4 (өтө кооптуу).
Күйүүдө ууландыруучу заттарды бөлүп чыгаруу боюнча курулуш материалдарынын топтору МАСТ 12.1.0442.16.2 жана 4.20 п. боюнча аныкталат.
Курулуш материалдарынын өрт коркунуч классы 1-таблицага ылайык келүүгө тийиш.
1-таблица
Курулуш материалдарынын өрт коркунуч сапаттары
| Топторуна жараша курулуш материалдарынын өрт коркунуч классы | |||||
КМ0 | КМ1 | КМ2 | КМ3 | КМ4 | КМ5 | |
Күйүүчүлүгү | НГ | Г1 | Г1 | Г2 | Г3 | Г4 |
Тутангычтыгы | - | В1 | В2 | В2 | В2 | В3 |
Түтүн пайда кылуу жөндөмү | - | Д2 | Д2 | Д3 | Д3 | Д3 |
Токсикалуулугу (уулуулугу) | - | Т2 | Т2 | Т2 | Т3 | Т4 |
Оттун таралышы | - | РП1 | РП1 | РП2 | РП2 | РП4 |