Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 13-декабрындагы № 20-нпа буйругуна)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтер тутуму
КООМДУК ИМАРАТТАР ЖАНА КУРУЛМАЛАР
ОБЩЕСТВЕННЫЕ ЗДАНИЯ И СООРУЖЕНИЯ
Киргизүү датасы
2018 ж. 13-декабры
(КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 10-февралындагы № 88-чуа, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 29-апрели № 163 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1 Колдонуу чөйрөсү
Ушул курулуш ченемдери жаңы, реконструкциялануучу жана капиталдык оңдоодонɵтүүчү коомдук имараттарды жана курулмаларды долбоорлоого, анын ичинде кыртыш деңгээлинен 15 мден ашпаган тереңдиктеги жер алдындагы кабаттары менен алардын функциялык арналышын ɵзгɵртүүгɵ жайылтылат.
Ушул курулуш ченемдеринин талаптары ошондой эле турак-жай имараттарына курулуучу коомдук арналыштагы жайларга жана коомдук имараттарга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык келүүчү башка объектилерге (мындан ары – коомдукимараттар) жайылтылат. Ушул курулуш ченемдери жайылтылуучу коомдук арналыштагы имараттардын жана жайлардын негизги топторунун тизмеси А тиркемесинде келтирилди.
2 Ченемдик шилтемелер
Ушул курулуш ченемдеринде тɵмɵнкү ченемдик документтерге шилтемелер пайдаланылды:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.04.2016-ж. №201 «Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтому;