Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму
МЕЧИТТЕР
МЕЧЕТИ
Mosques
Киргизүү датасы 2018-жылдын 28-декабры
1 Колдонуу тармагы
Бул курулуш ченемдери жаңы курулуучу жана реконструкциялануучу мечиттердин имараттарын, курулмаларын, ошондой эле башка багыттагы имараттарга кошулуп курулган сыйынуучу жайларды долбоорлоого жана курууга жайылтылат. Медреселерди, комплекстерди, миссияларды жана диний борборлорду долбоорлоо ушул курулуш ченемдердин талаптарын эске алуу менен долбоорлоого бекитилген тапшырмаларга ылайык жүргүзүлөт.
Ченемдер убактылуу жайгаштырылган чогултулуучу жана ажыратылуучу мечиттерди жана ушуга окшош имараттарды долбоорлоого жайылтылбайт.
2 Ченемдик шилтемелер
Бул курулуш ченемдеринде төмөнкү ченемдик документтерге шилтемелер колдонулду:
ЭАКЧ 2.04-03-2005 Чуудан коргоо;
ЭАКЧ 2.04-05-95 Табигый жана жасалма жарык берүү;
КЧжЭ 2.01.07-85* Жүктөмдөр жана таасирлер;
КЧжЭ2.04.01-85* Имараттын ички суу түтүгү жана канализациясы;
КЧжЭ 2.04.02-84* Суу менен жабдуу. Курулманын тышкы тармактары;
КЧжЭ 2.04.05-91* Жылытуу, вентиляция жана кондиционер менен жабдуу;
КЧжЭ 3.05.06-85 Электротехникалык түзүлүштөр;
КЧжЭ КР 23-01:2009 Курулуш жылуулук техникасы;
КР КЧ 21-01:2018 Имараттын жана курулманын өрт коопсуздугу;
КР КЧ 11-03:2018 Кыргыз Республикасында имараттардын, курулмалардын жана комплекстердин долбоордук документтеринин курамы, иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби;
КР КЧ 31-04:2018 Коомдук имараттар жана курулмалар;
КР КЧ 31-05:2018 Өндүрүштүк имараттар;
ЭЖ 31-110-2003 Турак жана коомдук имараттарды долбоорлоо жана электр түзүлүштөрүн монтаждоо;
КР Мамлекеттик курулуштун 2016-жылдын 27-майындагы №6-уча буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды пландоо жана куруу боюнча эрежелердин жыйындысы.
КР Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан 2016-жылдын 20-сентябрындагы № 7 б. бекитилген Кыргыз Республикасында айылдык калктуу конуштардын аймактарын пландаштыруу жана куруу боюнча эрежелер топтомун бекитүү жөнүндө;
Э с к е р т ү ү – Бул курулуш ченемдерин колдонууда шилтемедеги ченемдик документтин Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуусун Стандартташтыруу боюнча Улуттук органдын жана Мамлекеттик курулуштун ушул жылы жарыяланган тиешелүү маалыматтык көрсөткүчү боюнча текшерүү максатка ылайык. Эгерде шилтемедеги документ алмаштырылган (өзгөргөн) болсо, анда ушул курулуш ченемдерин колдонууда алмаштырылган (өзгөргөн) ченемдик документти жетекчиликке алуу керек. Эгерде шилтемедеги документ алмаштырылбастан жокко чыгарылган болсо, ага шилтеме берилген жобо ал шилтемеге тиешелүү эмес бөлүгүндө колдонулат.
3 Терминдер жана аныктамалар
Бул курулуш ченемдеринде тиешелүү аныктамалары менен төмөнкү терминдер колдонулат:
3.1айван: Бул терең оюк же алдыңкы дубалдары жок зал түрүндөгү чатырлуу жай;
3.2 аназа: Мечитке кире беришке жакын жайгашкан оймолуу мрамор такта же жыгач оюк, короодогу өзүнчө михраб;
3.3 гипостиль: Кенен чатырлуу жай, анын төбөсү жыш коюлган көптөгөн колонналарга тирелет;
3.4 даараткана: Санитардык-гигиеналык бөлмөлөр;
3.5 дарскана: Аудитория, медреседеги окуу жайы;
3.6 дикка: Атайын платформалар, анда азанчылар туруп имамдын кыймылдарын кайталайт жана динге ишенүүчүлөрдүн кыймылын багыттайт;
3.7 имам (араб. - башчы): Исламда мечитти башкарган дин адамы, ал хутба жасайт. Имам – “үлгү болуучу адам” маанисин да түшүндүрөт. 8 жашка толгон бардык эле мусулман намаздын имамы боло алат;
3.8 кааба (араб.): Тыюу салынган мечиттеги (Мекке) куб түрүндө курулма мусулман ыйыктыкбелгиси. Кааба кара таштан турат. Ажылык учурунда каабанын тегерегинде зыяратчылар таваф (кара ташка табынуу) жөрөлгөсүн жасашат. Кааба бүткүл дүйнө мусулмандары намаз учурунда жүзүн буруучу кыбыла – багыт болуп саналат;
3.9 капитель: Колоннанын, мамынын же пилястранын биригүүчү баш жагы;
3.10 кыбыла: Кааба тарап. Мусулмандардын диний практикасында динге ишенген адамдын жүзү ошол тарапка багытталышы керек. Мечиттерде кыбыланы белгилөө үчүн өзгөчө белги – михраб (дубалдагы табынуучу оюк) жасалат;
3.11 консоль: имараттын (карниздин, болкондун) чыгып турган кырын кармап туруучу элемент;
3.12 контрфорс: Көпчүлүк учурда көтөрүүчү конструкцияга түз бурчу менен курулган туурасынан кеткен дубал;
3.13 конха: Жарым цилиндрдик бөлүктөрдү, мисалы оюктарды тосуу үчүн жасалган жарым купол. Аталган учурда михрабдын жогорку бөлүгү;
3.14 куран: Мусулмандардын негизги ыйык китеби, Мухамеддин “пайгамбардык жаңылыктар” түрүндө Мекке жана Мединада 610-632-ж.ж. аралыгында айткан жана исламды дин катары изилдөөнү баштаган үгүт, жөрөлгө жана юридикалык далилдердин, дубалардын жана намаздын, насыят берүүчү баяндамалардын жана тамсилдердин жыйындысы.
3.15 курси: Куранды окуп жатканда койгон такта.
3.16 максура: Бул негизги мейкиндиктен оймолуу жыгач же металл менен тосулган михраб жана минбарга жакын жайгашкан төрт бурчтуу жай;
3.17 мечит: Мусулмандардын табынуучу жайы мечит деп аталат (араб. масджид- жерде сыйынуу жайы);
3.18 медресе: Мусулмандар окуу жайы, ал орто мектептин жана мусулман диний семинариясынын ролун аткарат;
3.19 мекке:1,4 млн калкы бар Кызыл деңизден 100 км жакын Батыш Сауд Арабиясындагы шаар. Мусулмандар үчүн зыярат борбору болуп саналат ( кара- ажылык сапар). Мусулман эместерге Меккеге кирүүгө тыюу салынган.
3.20 минарет (мунара): Ислам архитектурасында мунара (тегерек, төрт бурчтуу же көп кырдуу кесилиштүү) мында азанчы мусулмандарды намазга чакырат. Мунара мечитке жакын курулат же анын композициясына киргизилет. Алгачкы мунараларда көбүнчө буралма тепкичтер же тышында пандус ( спираль түрүндөгү минареттер) болгон, кийинкилерде – мунаранын ичинде жайгашкан.
3.21 минбар: Мечиттеги имам насыят айтуучу трибуна же кафедра. Ал михрабдын оң тарабында жайгашкан. Тепкич түрүндө болот.
3.22 муэдзин:Исламда мунарадан мусулмандарды намазга чакыруучу мечит кызматчысы;
3.23 михраб:Көбүнчө колона жана арка менен кооздолгон кыбыланы, башкача айтканда, Меккедеги Кааба жайгашкан тарапты көрсөткөн мечиттин дубалындагы оюк. Мусулмандар ага намаз учурунда жүзүн бурушат, дубалдын ортосунда жайгашат;
3.24 парус: Куполдук конструкциянын элементи, ал төрт бурчтуу куполдун алдындагы мейкиндиктен куполдун айланасына же анын барабанына өтүүнү камсыз кылат. Сфера сымал үч бурчтук түрүндө болуп, анын чокусу төмөн каратылат. Бул византия архитектурасынын жергиликтүү конструкцияларынын бири;
3.25 пиштак: Айван түрүндөгү чоң портал (башкы кире бериш), анда мечитке, медресеге же мавзолейге кирүү жайгашкан.
3.26 тимпан: Архитектурада–үч бурчтуу же фронтондун жарым тегеректүү талаасы (капталдарында чатырдын жантаймасы менен чектелген) же кире бериштин же терезенин аркасынын үстүндөгү дубалдын бети;
3.27 тромп: Конустун жарымы, тегерек куполдун жарымы же чейреги түрүндөгү бириктирме конструкция;
3.28 хауз: Мечиттин короосундагы көлмө, бассейн же фонтан, ал мечитке кирүүдөн мурун даарат алууга арналган;
3.29 хутба: Мусулман сыйынуусу, ошондой эле жума күнү түшкү намаз убагында, майрам күндөрү же өзгөчө учурларда (жеңишти белгилөөнү, ачкачылыктан, кургакчылыктан, түшүмсүздүктөн, эпидемиядан кутулууда) мечитте имама тарабынан айтылуучу сөз, же насыят;
3.30 сегиз саны: Исламда дүйнөнү башкарган такты араб алфавитиндеги тамгалардын сегиз багытына жана сегиз тобуна ылайык келген сегиз периште кармап турат.
Ушуга байланыштуу, чыгыш оюуларында сегиз мүчөлүү жылдызга жол берилет.
4 Жалпы жоболор
4.1 Мечит комплекстери иш-милдеттеринин багытына карата негизги башкы мечит, шаардык мечит, айылдык мечит, жолоочулар мечити, имараттардагы жана курулмалардагы табынуучу жайлар болуп бөлүнөт. Алардын жайгашуусу, болжолдуу курамы, имараттын, курулманын жана жайлардын, кудайга сыйынуу жана жардамчы багыттагы жайлардын негизги жана кошумча жыйындысы 1-таблицада берилди.
1-таблица
№ п.п. | Комплекстин түрү | Орундаштыруу аймагына сунушталган жайгаштыруу | Имараттар, курулмалар жана жайлар | |||
|
|
| диний багыттагы | жардамчы багыттагы | ||
|
|
| Негизги (сыйымдуулугу) | Кошумча | Негизги | Кошумча |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
1 | Негизги башкы мечит | Жалпы шаардык борбор | Мечит (5-15 миң адам.) | Мунара (2ден 6 даанага чейин) Даараткана Медресе
| Диний башкаруу
Чарба кызматтары, анын ичинде гараж | Мусулман мектеби Басма редакциясы Администрациялык жайлар Мусулман дүкөнү
|