Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму
АДМИНИСТРАТИВДИК ЖАНА ТУРМУШ-ТИРИЧИЛИК ИМАРАТТАР
АДМИНИСТРАТИВНЫЕ И БЫТОВЫЕ ЗДАНИЯ
Аdministrative and domestic buildings
Киргизүү датасы
1 Колдонуу чөйрөсү
1.1 Ушул курулуш ченемдери бийиктиги 50м чейин болгон административдик жана турмуш-тиричилик имараттарды (мындан ары- имараттар) долбоорлоого жайылтылат. Ушул ченемдик документтеги ченемдер жаңы, кеңейтилип, реконструкцияланып жаткан жана техникалык жактан кайра жабдылып жаткан менчиктин ар кандай түрүндөгү өнөр жайдын өндүрүш ишканаларына тиешелүү.
1.2 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын эмгегин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн караштырып жаткан ишканаларда, административдик жана турмуш-тиричилик милдеттеги имараттарда жана жайларда КР КЧ 35-01 талаптарын тутуу керек.
1.3 Ушул курулуш ченемдери коомдук имараттарды жана курулмаларды долбоорлоого жайылтылбайт.
2 Ченемдик шилтемелер
Ушул курулуш ченемдеринде төмөндөгү документтерге ченемдик шилтемелер пайдаланылды:
ЭАКЧ 2.04-05-95 Табигый жана жасалма жарыктандыруу;
КЧжЭ 2.04.01-85* Имараттардын ички суу түтүктөрү жана канализациясы;
КЧжЭ 2.04.05-91* Жылытуу, желдетүү жана кондициондоштуруу;
КР КЧ 21-01:2018 Имараттардын жана курулмалардын өрт коопсуздугу;
КР КЧ 31-04:2018 Коомдук имараттар жана курулмалар;
КР КЧ 31-05:2018 Өндүрүштүк имараттар;
КР КЧ 31-09:2018 Бир батирлүү турак үйлөр;
КР 35-01:2018 Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын муктаждыктарын эске алуу менен жашоо-турмушунун чөйрөсүн долбоорлоо.
КР КЭ 35-101:2018 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга имараттардын мерчемдик чечимдерин кабыл алууда жашоо-турмуш чөйрөсүн камсыздоо;
3 Жалпы жоболор
3.1 Имараттар жана курулмалар турган циклинин бардык этаптарында коопсуздук талаптарына жооп бериши керек.
Ушул ченемдердеги жана эрежелердеги өрт коопсуздугу боюнча талаптар жоболорго жана классификацияларга негизделген.
Ушул ченемдердеги терминдер жана аныктамалар КЧ КР 31-05 жана КР КЧ 31-04 келтирилгендерге ылайык келет.
3.2 Ушул ченемдерде жайлардын аныкталган аянттарынын чоңдуктарынан четке чыгууларга жол берилет: ченемдештирилген аянты 12 м2 жана андан чоң жайларга–10 % чейин; ченемдештирилген аянты 12 м2 аз жайларга –15 % чейин.
3.3 Жалпы, пайдалуу жана эсептик аянтты, курулуш көлөмүн, курулуштун аянтын, имараттын бийиктигин жана кабаттуулугун КР КЧ 31-04 ылайык аныктоо керек.
3.4 Имараттарда инженердик жабдыктардын төмөндөгү түрлөрүнө бөлмөлөр жана орнотмолор каралууга тийиш:
а) КЧжЭ 2.04.05 ылайык долбоорлонгон жылытууга, вентиляцияга жана кондициондоштурууга;
б) КЧжЭ 2.04.01, ушул курулуш ченемдерге жана КР КЧ 21-01 ылайык ички суу түтүктөрү жана канализацияга;
в) электр жабдуу орнотмолорго, электр жарык берүүгө, автоматтык өрт ишараттоого (сигнализация) жана өрт жөнүндө билдирүүчү тутумга, телефондун, радионун ж.б. байланыш түрлөрүнүн тогу аз тармагына, ошондой эле саатташтырууга ж.б. Имарттардын электр жабдуусун, күч жабдыктарын жана электр жарыктандыруусун ЭАКЧ 2.04-05 жана КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык долбоорлоо керек;
г) жүргүнчүлөр үчүн электр лифти КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык каралат;
д) таштандыларды топтоочу камералары бар тик (вертикалдуу) таштанды ташуучу ушул ченемдердин жана КР 31-04 КЧ талаптарына ылайык каралат.
3.5 Автоматтык өрт өчүрүүчү жана өрт ишараттоочу орнотмолорду, ошондой эле өрт учурунда өрт жөнүндө билдирүүчү жана элдерди эвакуациялоону башкаруучу тутумдарды КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык караштыруу керек.
4 Көлөмдүү-мерчемдүү жана конструкциялык чечимдер
4.1 Архитектуралык чечимдерди курулуш жүрүп жаткан райондун шаар куруу, климаттык жана сейсмикалык шарттарын жана айланасындагы курулуштардын мүнөзүн эске алып кабыл алуу керек.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана пенсионерлердин эмгегин пайдалануу мүмкүн болгон ишканаларда (цехтерде жана тилкелерде) санитардык-тиричилик жана атайын бөлмөлөргө, эмгек жана эс алуу режимдерине, медициналык тейлөөгө жана КЧ КР 35-01 айтылган талаптар сакталышы керек.
4.2 Курулуш-монтаждоо уюмдарынын курулуш аянттарындагы административдик жана турмуш-тиричилик бөлмөлөрүн, мобилдүү имараттарда (бүктөлмө конструкциялар, блок – контейнерлер) жайгаштыруу керек. Мындай максатта курулуп жаткан объекттердин имараттарын жана алардын ичинде бузула турган турак жайларды да пайдаланууга жол берилет.
4.3 Бөлмөлөрдүн полдон шыпка чейинки бийиктиги 2,5м кем эмес болууга тийиш, IA, IГ климаттык райончолордо - 2,7 м кем эмес. Жыйындар залынын, ашкананын жана сыйымдуулугу 75 адамдан кем эмес административдик бөлмөлөрдүн бийиктиги 3м кем эмес болууга тийиш.
Э с к е р т ү ү:
1 Мобилдүү имараттардын (блок – контейнерлер) бийиктигин 2,4м кабыл алууга жол берилет.
2 Бийиктиги 2,4; 2,5 жана 2,7 м болгон, жумушчулар дайым жүргөн бөлмөлөрдүн аянтын 7%га көбөйтүүгө жол берилет.
4.4 Полдон перекрытиелердин, жабдыктардын жана коммуникациялардын чыгып турган конструкцияларынын төмөн жагына чейинки бийиктикти, ошондой эле коридордогу полдон шыпка чейинки бийиктикти 2,2 м кем эмес кабыл алуу керек.
Техникалык кабаттардын бийиктигин жайгаштырылган жабдыктарды, инженердик тармактарды жана аларды эксплуатациялоо шарттарын эске алып кабыл алуу зарыл; мында тейлөөчү персонал өткөн жерлерде таза бийиктик 1,8м кем эмес болууга тийиш.
4.5 Имараттын далисинин (вестибюлунун) аянтын 0,2 м2, 18 м2 кем эмес эсеп менен кабыл алуу керек.
4.6 Далистин (вестибюлдун) полу менен жогорку кабаттын ортосундагы айырма 12м жана андан көп болгон көп кабаттуу административдик жана турмуш-тиричилик имараттарда, ошондой эле экинчи кабатта жана андан жогорку кабаттарда кресло-коляска колдонгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын үчүн бөлмөлөр болгон учурда, лифттерди же тикесинен турган транспорттоо каражаттарын орнотуу керек.
Лифттердин санын эсеп менен менен кабыл алуу керек, бирок экиден кем эмес болууга тийиш; мында лифттердин бири жүк ташуучу болушуна жол берилет. Лифттердин биринин кабинасынын кеңдиги 2,1м кем эмес болуп, туурасы – 1,1м кем эмес, ал эми эшик тешиги – 0,9м кем эмес болушу керек.
Кресло-коляска колдонгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын пайдалана турган бөлмөлөр каралбаса жана полдун белгиси 14м көп болбогон мансарда кабаты курулган имараттарда лифттерди караштырбай коюуга болот.
4.7 Лифттер бир катар жайгашкан учурда лифт холлунун туурасы лифттин кабинасынын эң аз кеңдигинин 1,3 бөлүгүнөн кем эмес болууга тийиш, эки катар жайгашкан учурда – каршы катардагы лифттердин биринин кабинасынын эң аз кеңдигинин эки эсе көбөйтүлгөнүнө барабар болушу керек. Кабинасынын кеңдиги 2,1м жана андан көп болгон лифттердин алдындагы холлдун туурасы 2,5м кем эмес болууга тийиш.
Жер төлө жана цоколь кабаттарындагы лифт шахталарынын чыгыштары өрт учурунда аба тирөөчү бар тамбур-шлюздар аркылуу каралышы керек. Эки лифти бар имараттарда аларды тепкич бөлүктө жайгаштырууга жол берилет.
4.8 Имараттарда ысык жана муздак суу тутуму менен камсыздалган жыйнап-тазалоочу инвентарды коюуга, кургатууга жана тазалоого арналган, адатта, даараткана менен чектеш болгон бөлмө каралышы керек. Мындай бөлмөлөрдүн аянтын кабаттын ар бир 100 м2 не 0,8 м, бирок 4 м2 кем эмес эсеп менен кабыл алуу керек. Кабаттын аянты 400 м2 аз болгон учурда эки чектеш кабатта бир бөлмө каралууга тийиш.
4.9 Жылытылуучу өндүрүш имараттар менен өзүнчө жайгашкан тиричилик имараттарынын ортосундагы байланышты жылытылуучу өткөөлдөр аркылуу караштыруу керек. IV климаттык райондо жайгашкан (IV Г райончондон тышкары) имараттарда, ошондой эле кайсы климаттык районго карабасын – бир сменада 30дан көп эмес адам иштеген жылытылуучу өндүрүш имараттардан жылытылуучу өткөөлдөрдү караштырбай койсо болот. Мында өндүрүш имараттарында жылуу сырткы кийимдерди сактоого кийим илгичтер менен жабдылган бөлмө болууга тийиш.
4.10 Административдик жана турмуш-тиричилик бөлмөлөрдү КР КЧ 31-05 ылайык, КР КЧ 21-01 талаптарына жооп берген кошо курулган, улай курулган жана арасына курулган курулмаларда жайгаштырууга болот.
4.11 Өндүрүш имараттардын кошо курулган бөлмөлөрүндө дааратканалар, эс алуу, жылынуу же салкындоо үчүн, аялдардын өздүк гигиенасы үчүн жайлар, кол жуугучтар, ичүүчү суу менен камсыздоочу түзүлүштөр, жуунучу бөлмөлөр, жарым душтар, өндүрүштүн шарттары боюнча жумушчу орундардын жанында жайгашуучу жана КР КЧ 21-01 талаптарына жооп берген мастер ж.б. персонал үчүн бөлмөлөр каралышы мүмкүн.
Кошо курулган бөлмөлөрдүн (полдон шыпка чейин) бийиктиги 2,4 м кем эмес болууга тийиш.
4.12 Жумушчулардын саны 300 жана андан ашкан көп кабаттуу административдик жана турмуш-тиричилик имараттарында, ошондой эле жалпы аянты 3000 м2 жана андан көп болгон көп кабаттуу турмуш-тиричилик имараттарында КР КЧ 21-01 отко чыдамдуулук талаптарына жооп берген тосмо конструкциялуу таштандыларды топтоочу камералары бар тик (вертикалдуу) таштанды ташуучу каралышы керек.
4.13 Сантардык-тиричилик жана административдик бөлмөлөрдөн эвакуациялана тургандардын саны бир сменада иштегендердин санына ылайык болушу керек, ашканалардын, жыйын жана кеңешме залынан – 25 %га көбөйтүлгөн залдардагы орундарга ылайык болууга тийиш.
4.14 Эвакуация жолдордун өткөөлдөрүн, коридорлорун ж.б. горизонталдуу тилкелерин эвакуацияланып жаткандардын тыгыздыгы 1м2 ге 5 кишиден ашпагандай эсеп менен кабыл алуу зарыл, мында бөлмөдөгү өткөөлдүн туурасын 1м кем эмес кабыл алуу керек, коридорлордун же башка имаратка өткөөлдөрдүн туурасын 1,4 м кем эмес кабыл алып, ал эми жумушчулардын арасында кресло-коляска колдонгон ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар болгон учурда 1,2 м жана 1,8 м кем эмес кабыл алынышы керек.
Бөлмөлөрдөн жана коридорлордон тепкич бөлүктөрүнө чыгуучу эвакуациялык чыгыштардын туурасы чыгыштын (эшиктин) 1метрине ушул чыгыш аркылуу чыга тургандардын санына жараша эсеп менен КР КЧ 21-01 талаптарын эске алып, аныкталышы керек (бирок 0,8 м кем эмес болушу керек).
4.15 Тепкич марштарынын туурасы эң көп тургундары бар кабаттын тепкич бөлүгүнө чыга турган чыгыштын туурасынан кем эмес болууга тийиш, бирок 1м кем эмес болушу керек, ал эми бир убакта 5 кишиге чейин болгон бөлмөлөргө алпарган тепкичтердин туурасы 0,9 м кем эмес болууга тийиш.
Ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар иштеген учурда бөлмөлөрдөн чыккан эвакуациялык чыгыштын туурасы 0,9 м кем эмес болууга тийиш, тепкич марштарынын жана тепкич бөлүгүнө чыгуунун туурасы 1,2 м кем эмес болушу керек.
4.16 Тепкич бөлүктөрдүн же тышка чыгуулардын ортосундагы эң алыс жайгашкан бөлмөнүн эшигинен коридор боюнча жакынкы тепкич бөлүгүнүн чыгышына же тышкы чыгышка чейинки аралык (дааратканалардан, жуунучу бөлмөлөрдөн, душтардан, тамеки чегүүчү жерлерден тышкары) КР КЧ 21-01 талаптарына жооп бериши керек.
4.17 Өндүрүш имараттарда антресолдордо жайгашкан кошо курулган бөлмөлөрдүн өндүрүш жайларга чыгыштары ачык тепкичтер аркылуу каралса болот.
Кошо курулган бөлмөлөрдүн чыгыштарынан тышка чейинки аралык КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык кабыл алынышы керек.
4.18 Алардын үстүндөгү тепкич бөлүктөрүнүн ички дубалдарындагы айнектелген эшиктерди жана фрамугаларды отко чыдамдуулуктун бардык даражаларындагы имараттарда колдонууга жол берилет; мында бийиктиги 4 кабаттан жогору болгон имараттарда армирленген айнектерди коюу каралышы керек.
4.19 Эвакуация жолдорундагы полдорго, тосмолорго, дубалдарга, ошондой эле залдык жайларда аларын сыйымдуулугуна жараша беттелүүчү жана декоративдүү-жасалгалоочу материалдарды колдонуу КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык кабыл алынышы керек.
4.20 Отко чыдамдуулук даражасын, өрт коопсуздугунун конструкциялык классын, имараттардын бийиктигин жана өрт отсегинин чегиндеги кабаттардын аянтын КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык кабыл алуу керек.
5 Турмуш-тиричилик имараттар жана жайлар
5.1 Ишканалардын турмуш-тиричилик имараттары аларда жумушчуларды социалдык: санитардык-тиричилик, саламаттыкты сактоо, коомдук тамактануу, соода, тиричилик кызматы, маданият жактан тейлөө үчүн бөлмөлөрдү жайгаштырууга арналган.
Ушул ченемдерде каралбаган бөлмөлөрдү же социалдык багыттагы объекттерди ишкананын бекитилген социалдык-экономикалык өнүгүү мерчемине же ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жумушчу орундардын квотасына ылайык кароого жол берилет. Аталган бөлмөлөрдүн же объекттердин долбоордук документтери долбоорлоо ченемдерине ылайык болууга тийиш.
5.2 Долбоордун технологиялык бөлүгүндө жумушчулардын саны тизме түрүндө аныкталышы керек: эң көп сандуу смендеги жана сменанын эң көп сандуу бөлүгүндө, тиричилик бөлмөлөрдү жана түзүлүштөрдү эсептөө үчүн кабыл алынган сменанын башындагы сан менен аягындагы сандын 1 сааттык айырмасы; мында жумушчулардын санына өндүрүш практикасына келген практиканттарды да кошуу керек.
Мобилдүү имараттар (блок – контейнерлер) үчүн тизме боюнча 70%га барабар болгон сменанын санын алса болот, алардын ичинде 30% аялдар түзөт.
5.3 Тиричилик бөлмөлөрүндөгү жабдыктардын катарынын ортосундагы аралыкты жана октордун ортосундагы минималдуу аралыктарды, геометриялык көрсөткүчтөрдү (параметрлерди) 1-таблица боюнча кабыл алуу керек.
1-таблица
Аталышы
|
Көрсөткүч, м |
Мерчемдеги өлчөмдөр |
|
Кабиналар: |
|
Жабык душтуку | 1,8х0,9 (1,8х1,8) |
ачык жана аралап өтүүчү өткөөлү бар душтардыкы, жарым душтуку | 0,9х0,9 (1,2х0,9)
|
Аялдардын өздүк гигиенасы үчүн | 1,8х1,2 (1,8х2,6) |
Дааратканалардыкы | 1,2х0,8 (1,8х1,65) |
Гардеробдордогу отургучтар | 0,3х0,8 (0,6х0,8) |
Ичүүчү суу менен камсыздоочу түзүлүш | 0,5x0,7 |
Көчө жана үй кийими үчүн гардеробдордогу шкафтар климаттык райондорго жана атайын кийим жана бут кийимге жараша *: |
|
IIБ, IIВ, IIГ, IIIБ, IIIВ, IV | 0,25х0,5 |
IB, IД, IIА, IIIА | 0,33х0,5 |
IA, IБ, IГ жана ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн | 0,4х0,5 |
Бийиктик боюнча өлчөмдөр | |
Бөлүп туруучу тосмолор: |
|
Тосмонун жогору жагына чейин | 1,8 |
Полдон тосмонун этегине чейин | 0,2 |
Кийим сактоочу шкафтар | 1,65 |
Санитардык куралдардын окторунун ортосундагы аралык | |
Жалгыз кол жуугучтар | 0,65 |
Кол жана бут ванналары, писсуарлар | 0,7 |
Катарлардын ортосундагы өткөөлдөрдүн туурасы | |
Жабык душ кабиналары, топтошуп жуунучу жуунгучтар | 1,2 (1,8)
|
Ачык душ кабиналары жана дааратканалар, писсуарлар | 1,5 (1,8) |
Жалгыз кол жуугучтар | 1,8 |
Кол жана бут ванналары, өздүк гигиена жана фотарийлер үчүн кабиналар | 2
|
Катардагы бөлүмдөрдүн саны төмөндөгүдөй болгон учурда кийим үчүн гардеробдордогу шкафтар: |
|
18ге чейин | 1,4/1** (2,4/1,8) |
18ден 36га чейин | 2/1,4** (2,4/1,8) |
* Атайын кийимдин кадимки курамы үчүн (халат, алжапкыч, жеңил комбинезон) 0,25х0,5 м мерчеминдеги шкафтар каралышы керек, кеңейтилген курам үчүн (кадимки плюс ич кийим, жеке коргонуучу каражаттар) - 0,33х0,5 м, көлөмдүү атайын кийимдер үчүн (кеңейтилген курам плюс чолок тон, кийиз өтүк, атайын комбинезон) -0,4х0,5 м. ** Бөлүүчүсүндө шкафтардын отургучтары жок катарларынын ортосундагы өткөөлдөрдүн туурасы Э с к е р т ү ү: 1 Дубал менен жабдыктардын ортосундагы өткөөлдөрдүн туурасын 40%га азайтуу керек. Эгерде жабдыктардын бирдигинин саны катарда алтыдан көп болсо,анда 25% көбөйтүү керек. 2 Кийим шкафтарынын ортосундагы туюк өткөөлдөрдөгү бөлүмдөрдүн катарынын санын 35%га азайтуу керек. 3 Кашаанын ичинде ден соолугу мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн көрсөткүчтөр келтирилген.
| |