Загрузка документа…
СТРОИТЕЛЬНЫЕ НОРМЫ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
Система нормативных документов в строительстве
СТОЯНКИ АВТОМОБИЛЕЙ
АВТОМОБИЛЬ ТОКТОТУУЧУ ЖАЙЛАР
Parkings
Киргизүү датасы 2018-ж. 27-декабры
1 Колдонуу чөйрөсү
1.1 Ушул курулуш ченемдери автомобилдерди, кичи автобустарды жана башка мото транспорт каражаттарын токтотууга (сактоо) арналган имараттарды, курулмаларды, аянттарды жана жайларды долбоорлоого тиешелүү.
1.2 Ушул курулуш ченемдери автомобилдерди күнүмдүк оңдоо (КО) жана техникалык тейлөөгө (ТТ) арналган гараждарга, ошондой эле жарылуучу, уулуу жана радиоактивдүү заттарды ташуучу автомобильдерди токтотуучу жайларга жайылтылбайт.
2 Ченемдик шилтемелер
Ушул курулуш ченемдеринде төмөндөгү документтерге ченемдик шилтемелер пайдаланылды:
ЭАКЧ 2.04-03-2005 Ызы-чуудан коргоо;
ЭАКЧ 2 .04-05-95 Табигый жана жасалма жарык берүү;
КЧжЭ 2.04.01-85* Имараттын ички суу түтүгү жана канализациясы;
КЧжЭ2.04.03-85 Канализация. Тышкы тармактар жана курулмалар;
КЧжЭ 2.04.05-91* Жылытуу, вентиляция жана кондиционер менен жабдуу;
КЧжЭ 2.06.15-85 Аймакты суу каптоодон жана суу басуудан инженердик коргоо;
КЧжЭ 2.09.03-85 Өндүрүштүк ишканалардын курулмалары;
КР КЧ 35-01:2018 Жашоо-турмуш чөйрөсүн долбоорлоо керектөөлөрүн эсепке алуу менен мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү;
КР КЧ 21-01:2018 Имараттардын жана курулмалардын өрт коопсуздугу;
КР КЧ 20-02:2018 Сейсмотуруштуу курулуш. Долбоорлоо нормалары;
КР КЧ 31-04:2018 «Коомдук имараттар жана курулмалар»;
КРнын Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан 2016-жылдын 27-майындагы №6 б. бекитилген Кыргыз Республикасында шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды пландоо жана куруу боюнча эрежелердин жыйындысы;
КРнын Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан 2016-жылдын 20-сентябрындагы № 7 б. бекитилген Кыргыз Республикасында айылдык калктуу конуштардын аймактарын пландаштыруу жана куруу боюнча Эрежелер топтомун бекитүү жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 Коомдук саламаттык сактоо тармагында актыларды, Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана ченемдерди бекитүү жөнүндө. “Санитардык-коргоолуучу аймактар жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объектилерди санитардык классификациялоо” Токтомунун 3-тиркемесине ылайык;
ГОСТ Р 51631-2008 (ЕН 81-70:2003) Жүргүнчүлөр лифтиси. Жеткиликтүүлүктүн техникалык талабы, кошумча дагы жеткиликтүүлүк майыптар жана калктын кыймылы чектелген тобу үчүн;
ГОСТ Р 52382-2010 (ЕН 81-72:2003) Жүргүнчүлөр лифтиси. Өрт өчүрчүчтөр үчүн лифтер;
ГОСТ Р 53296-2009 Иммараттарда жана курулуштарда лифтерди орнотуу. Өрт коопсуздугунун талабы;
ГОСТ Р 53297-2009 Жүк ташуучу жана жүргүнчүлөр лифтиси. Өрт коопсуздугунун талабы;
ГОСТ Р 53771-2010 (ИСО 4190-2:2001) Жүк ташуучу лифтер. Негизги өлчөмдүү жана ченемдери.
Э с к е р т ү ү - Ушул курулуш ченемдерин колдонууда жогорудагы шилтеме жасалган ченемдик документтердин Кыргыз Республикасынын аймагында иштешин үстүбүздөгү жылда жарык көргөн Стандартташтыруу боюнча улуттук органдын жана архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тийиштүү маалыматтык боюнча текшерүү максатка ылайык келет. Эгерде шилтеме жасалган документ алмаштырылса (өзгөртүлсө), анда ушул курулуш ченемдерин колдонууда алмаштырылган (өзгөртүлгөн) документтерди жетекчиликке алуу абзел. Эгерде шилтеме жасалган документ алмаштырылбай эле алынып ташталса, анда ага шилтеме берилген тиркеменин ушул шилтемеге тиешеси жок бөлүктөрү гана колдонулат.
3 Терминдер жана аныктамалар
Ушул курулуш ченемдерде төмөнкү терминдер тиешелүү аныктамалары менен колдонулду:
3.1 тышкы радиус: Бурулуштун тоскоолдуксуз болушун камсыз кылуучу жолдун автомобил өткөн бөлүгүнүн жээги (айдоочудан оң тарапта) боюнча бурулушунун эң кичине радиусу.
3.2 автомобиль кирүүчү жана чыгуучу тилкелер: Өтүү тыш өлчөмү автомобиль кыймылынын өтүү тилкесинин чегинде.
3.3 гараж: Автомобилдерди, мотоциклдерди жана башка транспорт каражаттарын токтотуу үчүн (сактоого), оңдоого жана техникалык тейлөөгө арналган имарат жана курулма, жай; турак үйдүн бөлүгү (кошулуп курулган гараждар) жана өзүнчө курулма болушу да мүмкүн.
3.4 механизмделген автомобиль токтотуучу жайлар: Автомобилдерди сактоочу ордуна (ячейка) жеткирүүгө механизмделген түзүлүштүн жардамы менен (айдоочу катышпаган) жүргүзүлүүчү автомобиль токтотуучу жай.
3.5 жер үстүндөгү жабык типтеги автомобиль токтотуучу жай: Тышкы тосмо конструкциялары бар автомобилдерди токтотуучу жай.
3.6 ачык типтеги жер үстүндөгү автомобиль токтотуучу жай: 50% аз эмес аянттын үстү тышкы тосмолордон жана ар бир кабатта тешикче орундардан, калганы тосмодон турган автомобилдерди токтотуучу жай.
3.7 кырдалган автомобиль токтотуучу жай: Жердин деңгээлинен кырча болуп чыгып турган 50% көп тышкы тосмо конструкциялары менен жер үстүндөгү же тереңдетилген автомобилдерди токтотуучу жай.
3.8 пандус: Бир кабаттуу (жер үстүндөгү жана жер астындагы) автомобилдерди токтотуучу жайларда автомобилдердин кирүүсүнө (чыгуусуна) ылайыкталган жантык конструкция.
3.9 тегиздик түрүндөгү ачык автомобиль токтотуу жайы: Автомобильдерди же башка жеке мото транспорттук каражаттарды бир деңгээлде ачык же жабык (өзүнчө бокстордо же металл тенттерде)сактоо үчүн атайын аянт (фундаментсиз).
3.10 жер астындагы автомобиль токтотуу жайы: Бардык кабаттары жайдын жертаманын белгилөөдө жердин мерчемделген белгисинен жайдын бийиктигинин жарымынан ашык төмөн жайгашкан автомобилдерди токтотуучу жай.
3.11 жарым жартылай механизмделген автомобиль токтотуу жайы: Автомобилдерди парковка ордуна жеткирүү айдоочу тарабынан механизмделген түзүлүштү пайдалануу менен жүргүзүлүүчү автомобиль токтотуучу жай.
3.12 сактоо үчүн жай:Багыты жана колдонулушу боюнча кампа жайларына кирбеген автомобиль токтотуучу жайдын негизги жайы.
3.13 кирме кабат: Айдоочу автомобиль токтотуучу жайдан отура турган (чыга) кабат.
Э с к е р т ү ү: Механизмделген автомобиль токтотуучу жайда бул кабатта автомобилди айдоочудан кабыл алуучу/берүүчү жай жайгашкан.
3.14 автомобилдерди жана башка мото транспорттук каражаттарды туруктуу сактоо: автомобиль токтотуучу жайларда белгилүү бир автомобильдердин ээсине бекитилген автомобиль -орунда автомобильди жана башка мото транспорттук каражаттарды узак убакыт (12 сааттан ашык) сактоо.
3.15 техникалык тейлөө (ТТ) жана күнүмдүк оңдоо (КО) орду: Автомобилдерди тейлөө үчүн түзүлүштөрү бар орун.
3.16 рампа:Көп кабаттуу автомобиль токтотуучу жайларда автомобилдердин кабаттар ортосунда жүрүүсүнө ылайыкталган жантык конструкция; рампа ачык б.а. каптамы жана толук же жарым-жартылай дубал тосмолору жок, же аны жаан-чачындан коргоочу (толук же жарым-жартылай), каптам жана дубал менен болушу мүмкүн.
3.17 автомобиль токтотуучу жай(автомобиль токтотуучу жай, паркинг, парковка, гараж, гараж- токтотуучу жай):Жеңил автомобилдерди жана башка мото транспорт каражаттарын (мотоциклдерди, мотороллерлерди, мотоколяскаларды, мопеддерди, скутерлердиж.б.у.с.) сактоого (токтотууга) арналган имарат, курулма (имараттын бөлүгү) же атайын ачык аянт.
Э с к е р т ү ү: Автомобиль токтотуучу жайлар уланып курулган, кошулуп курулган, өзүнчө турган, жер астындагы, жер үстүндөгү жабык типтеги; тегиздикте ачык типтеги; ачык типтеги; модулдук тез тургузулуучу; калкып жүрмө (дебаркадердик); механизмделген; жарым-жартылай механизмделген, кырдалган; тосуп калма болушу мүмкүн.
3.18 автомобилдерди бокстук типте сактоо: Автомобилдерди өзүнчө бокстордо сактоо, андан чыгуу сыртка же ички өткөөлгө жүргүзүлөт.
3.19 автомобилдерди манеждик типте сактоо: Автомобилдерди жалпы ички өткөөлгө чыгуусу менен жалпы залда сактоо.
3.20 жер төлө кабат: Жайдын жер таманын белгилөөдө жердин мерчемделген белбелгисинен жайдын бийиктигинин жарымынан ашык төмөн жайгашкан кабат. 3.21 жер астындагы кабат: Жайдын жер таман белгисинин жердин мерчемделген белгисинен жайдын толук бийиктиги боюнча төмөн жайгашкан кабат. 3.22 техникалык кабат: Үйдүн ички инженердик тутумдарын жайгаштыруу жана тейлөө үчүн арналган кабат, ал имараттын төмөнкү бөлүгүндө (техникалык жертөлө) же имараттын үстүнкү бөлүгүндө (техникалык чатыр), же болбосо жер үстүндөгү кабаттардын ортосунда жайгашуусу мүмкүн. 3.23 жер төлө кабат: Жайдын жер таманын белгилөөдө жердин мерчемделген белгисинен жайдын бийиктигинин жарымынан ашык төмөн жайгашкан кабат.
4 Автомобиль токтотуучу жайларды жайгаштыруу. Жалпы жоболор.
4.1 Ушул курулуш ченемдеринде А тиркемесине ылайык жеңил автомобилдерди, кичи автобустарды жана мото транспорттук каражаттарды токтотуучу жайлар каралат (мындан ары – автомобиль токтотуучу жайлар). Автомобилдерди токтоттучу жерлерди жайгаштыруу аймагында, шаардык жана айылдык калктуу конуштардын ченемдерин эсептөө жана өлчөмдөө, аларды жер тилкелер токтоочу жайларга чейин объекттерин куруу жана башка ченемдик талаптарды кабыл алуу керек: - шаарлардын жана шаар тибиндеги калктуу пункттарга үчүн Кыргыз Республикасында шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды пландоо жана куруу боюнча эрежелердин жыйындысына ылайык, - айылдык калктуу конуштардын үчүн Кыргыз Республикасында айылдык калктуу конуштардын аймактарын пландаштыруу жана куруу боюнча Эрежелер топтомун бекитүү жөнүндө; 4.2 Башка багыттагы имараттарга кошулуп курулган автомобиль токтотуучу жайлар ал имараттардан 1-типтеги КР КЧ 21-01 дубалдары менен бөлүнүүсү зарыл. 4.3 Башка багыттагы имараттарга же курулмаларга кошулуп курулган автомобиль токтотуучу жайлар кошулган имараттын же курулманын отко туруштук берүү даражасынан жана конструкциялык өрт кооптуулугу классынан кем эмес отко туруштук берүү даражасына жана конструкциялык өрт кооптуулугу классына ээ болушу керек. Автомобиль токтотуучу жайлар кошулуп курулган функционалдык өрт кооптуулугу башка класстагы имараттар отко туруштук берүү даражасы I жана II, конструкциялык өрт кооптуулугу классы C0 жана C1 болушу керек. Мында функциялык өрт кооптуулугу Ф1.1, Ф4.1 классчадагы, ошондой эле А жана Б жарылууга жана өрткө кооптуу Ф5 классындагы имараттар кирбейт. Имараттарга кошулуп курулган автомобиль токтотуу жайлары (механизмделген) ал имараттын жайларынан (кабаттан) 1-типтеги дубалдар жана тосмолор менен ажыратылуусу керек. 4.4 Ф1.3 Функциялык өрт кооптуулугу Ф1.3 классчасындагы имараттарда кошулуп курулган автомобиль токтотуу жайларды 2-типтеги өрткө каршы тосмолор менен бөлүүгө жол берилет, мында турак кабаттар автомобиль токтотуучу жайдан турак эмес кабат менен бөлүнүүсү керек. 4.5 Функциялык өрт кооптуулугу Ф1.4 классчасындагы имараттардагы автомобиль токтотуу жайында үй ээлерине имараттын отко туруштук берүү даражасына жана конструктивдүү өрт кооптуулугу классына көз карандысыз токтотууга уруксат берилет. Мында автомобиль токтотуучу жайлар отко туруштук берүү чеги EI 45 төмөн эмес өрткө каршы тосмолор менен бөлүнүшү керек. Автомобиль токтотуу жайы менен турак жайлардын ортосундагы эшик өрткө каршы болуп, отко туруштук берүү чеги EI 30дан төмөн эмес (жабылганда тыгыздалуучу жана өзү жабылуучу түзүлүшү бар) болушу жана уктоочу бөлмөгө түз чыкпашы керек. 4.6 Функциялык өрт кооптуулугу башка класстагы же классчадагы имараттарга улап курулган же кошулуп курулган автомобиль токтотуучу жайларда (Ф1.4 классчадагы имараттардан башка) өрттүн жайылып кетишин чектөө максатында автомобиль токтотуу тешикчеси менен башка функционалдык багыттагы имараттын жакынкы терезе же башка тешикчелеринин төмөнкү бөлүгүнө чейинки 4 м кем эмес аралыкты камсыз кылуу же көрсөтүлгөн тешикчелердин өрткө каршы толтурулушу же тешикчелердин үстүнө кеңдиги 1м кем эмес тешикченин кеңдигин бардык тарабынан 0,5 м кем эмес жаап туруучу күйбөгөн материалдан (К) туюк калканч каралышы керек. 4.7 Санитардык-коргоолуучу аймактар жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объектилерди санитардык классификациялоо” ылайык ачык жана жабык автомобиль токтотуу жайларын чарбалык-ичүүчү багыттагы суу алгычтардын санитардык-коргоочу үчүнчү-төртүнчү алкагында, ошондой эле суулардын, көлмөлөрдүн корук аймактарына жайгаштырууга жол берилбейт. 4.8 Суулуу мейкиндик жетиштүү корголгон шартта, эгер суулуу мейкиндикке химиялык жана бактериялык кирдетүүдөн коргоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн болсо, автомобиль токтотуу жайын санитардык-коргой турган аймактын үчүнчү алкагында жайгаштырууга жол берилет. Мындай учурлар санитардык-эпидемиологиялык, суу, геологиялык-гидрологиялык, экологиялык мамлекеттик органдар менен милдеттүү түрдө макулдашууну талап кылат. 4.9 Автомобиль токтотуу жайлары жердин деңгээлинен төмөн жана/же жогору жайгашса болот, жер астындагы жана жер үстүндөгү бөлүктөрдөн турушу, анын ичинде, бул имараттар чатырды колдонуу менен башка багыттагы имаратка кошулуп курулууга же I жана II отко туруштук берүү даражасындагы конструкциялык өрт кооптуулугу C0 жана C1 класстагы башка функциялык багыттагы имаратка уланып курулса болот. Мында функциялык өрт кооптуулугу Ф1.1, Ф4.1 классчадагы, ошондой эле Ф5 классындагы А жана Б жарылууга жана өрткө кооптуу имараттары кирбейт. Жер астындагы автомобиль токтотуучу жайларды курулуш түшпөгөн аймакка жайгаштырууга да болот (өтмөктөрдүн, көчөлөрдүн, аянттардын, гүлбактардын, көк майсандын алдына ж.б.). Функциялык өрт кооптуулугу Ф1.3 классчадагы имараттарга жабык типтеги автомобиль токтотуу жайларын гана улап курууга жол берилет. 4.10 Функциялык өрт кооптуулугу Ф1.3 классчадагы имараттарга улап курулган жеңил автомобиль токтотуу жайлары жеке ээлер үчүн туруктуу бекитилген орундары менен болушу керек. Автомобиль токтотуу жайларын функциялык өрт кооптуулугу Ф1.1 жана Ф4.1 классчадагы жайлары бар улап курулган имаратка түздөн-түз жайгаштырууга болбойт. 4.11 Кыймылдаткычы кысылган табигый газ жана суюлтулган мунай газы менен, ошондой эле газ жана суюк мотор күйүүчү отун/майларын айкалыштырып иштеген автомобилдер үчүн жабык типтеги автомобиль токтотуу жайларын башка багыттагы имаратка кошуп курууга жана ага улап курууга, ошондой эле жердин деңгээлинен төмөн жайгаштырууга жол берилбейт. 4.12 Автомобиль токтотуу жайларынан башка имаратка жана курулмаларга чейинки аралыкты Санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдерге “Санитардык коргоочу чөлкөмдөр жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объектилерди санитардык классификциялоо”, 3-тиркемеге жана КР КЧ 21-01 ылайык кабыл алуу керек. Жер астындагы жана жарым жартылай жер астындагы автомобиль токтотуу жайларын турак жана коомдук имараттарга жайгаштырууда, ошондой эле кырдалган автомобиль токтотуу жайы үчүн кирүү-чыгуудан турак же коомдук имаратка чейинки аралык регламенттелбейт. 4.13 Жер астындагы жана жарым-жартылай жер астындагы жана кырдалган автомобиль токтотуу жайлары үчүн кирүү-чыгуудан жана вентиляциялык шахталардан мектептин, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, дарылоо-алдын-алуучу мекемелердин, турак үйлөрдүн, эс алуу аянттарынын ж.б. аймагына чейинки аралык регламенттелет жана ал 15м кем эмес болушу керек. 4.14 Калктын кыймылы чектелген тобу үчүн машина оруну КР КЧ 35-01 ылайык каралышы керек. 4.15 Автомобиль токтотуу жайларын жайгаштыруу үчүн жер тилкелеринин көлөмү Санитардык-эпидемиологиялык эрежелер жана ченемдер “Санитардык коргоочу чөлкөмдөр жана ишканаларды, курулмаларды жана башка объектилерди санитардык классификциялоо” боюнча аныктоо керек. 4.16 Автомобиль токтотуу жайына кирүү-чыгуу жакшы байкоо менен камсыз болуп жана автомобильдердин бардык кыймыл-амалдары жөө жүрүүчүлөргө жана жакын жайгашкан аймактагы транспорт кыймылына тоскоолдук жаратпай жүргүзүүгө ыңгайлуу жайгашуусу керек. Турак жана коомдук имараттарга чейинки эң аз аралык атмосфералык абаны булгоо эсептерине жана акустикалык эсептерге негизделет. 4.17 Жер үстүндөгү жана жер үстүндөгү-жер астындагы турак жана коомдук имараттарга чейинки өрткө каршы аралык КР КЧ 21-01 талаптарына ылайык кабыл алынышы керек. |