КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтер тутуму
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ИМАРАТТАРДЫН, КУРУЛМАЛАРДЫН ЖАНА КОМПЛЕКСТТЕРДИН ДОЛБООРЛОО ДОКУМЕНТТЕРИНИН КУРАМЫ, АЛАРДЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ЖАНА БЕКИТҮҮ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ
СОСТАВ, ПОРЯДОК РАЗРАБОТКИ И УТВЕРЖДЕНИЯ ПРОЕКТНОЙ ДОКУМЕНТАЦИИ ЗДАНИЙ, СООРУЖЕНИЙ И КОМПЛЕКСОВ
ВКЫРГЫЗСКОЙРЕСПУБЛИКЕ
Composition, procedure of development and approval of
project documentation of buildings, constructions and
complexes in kyrgyz republic
Киргизүү датасы 2018 ж. 13 - декабры
1 Колдонуу чөйрөсү
1.1 Ушул курулуш ченемдери Жер кодексинин 77- жана 1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 463-, 468-1, 469-, 47-1, 473-, 474-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамынын негиздери жөнүндө» мыйзманын 1-бөлүгүнүн 14-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө» мыйзмадын 45-беренесине, «Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» мыйзамдын 1-беренесине жана «Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу» Техникалык регламенттин 16-, 32- беренелерине ылайык иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын башка иштеп жаткан ченемдик-укуктук акттары менен гармониялаштырылды.
1.2 Курулуш ченемдери ар кандай милдеттеги имараттардын жана курулмалардын, өндүрүш-өнөр жай, коомдук, турак-жарандык, айыл чарбалык, суу чарбалык, энергетикалык, тоо кендерин казып чыгаруучу, транспорттук, жол-чарбалык, байланыш жана коммуникация, инженердик тутумдардын жана тармактардын, аймактарды комплекстүү жакшыртуу объектилерининдолбоорлоо документтерининкурамын, аларды иштеп чыгүү жана бекитүү тартибин аныктайт.
1.3 Курулуш ченемдери тапшырык берүүчүнүн, архитектура-курулуш чөйрөсүндө мамлекеттик көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органдын, уюмдардын, бирикмелердин, долбоорлоо-курулуш фирмалардын, башка юридикалык жана жеке жактардын, алардын ичинде архитектуралык-курулуш процессине катышкан чет мамлекеттик жактардын колдонуусуна арналган.
1.4 Менчик формасына жана каржылоо булагына карабастан, архитектура-шаар куруу жана инвестициялык-курулуш ишмердүүлүк субъектилеринин баарына милдеттүү болуп эсептелет.1.5 Шаар куруу документтеринин курамы, аларды иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби Кыргыз Республикасынын архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик башкаруу органы кабыл алган өзүнчө ченемдик документ менен аныкталат.
1.6 Ушул курулуш ченемдеринин талаптары Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын коргоо жаатындагы мыйзамы менен жөнгө салынган тарыхый-маданий мурас объекттерине жана Кыргыз Республикасынын чет элдик мекемелеринин имараттарын жана курулмаларын курууда (реконструкциялоодо), ошондой эле чет мамлекеттин аймагында салынып жаткан мамлекеттик менчикке таралбайт.
2 Терминдер жана аныктамалар
Ушул курулуш ченемдеринде төмөндөгү терминдер тиешелүү аныктамалары менен берилген: 2.1 автордук көзөмөл: Аткарылып жаткан курулуш-монтаждоо иштеринин долбоорго туура келүүсүнө көзөмөл жүргүзүү, аны долбоорду иштеп чыккан уюмдар курулуш иштери аяктап, бүткөн объектилерди пайдаланууга киргизүүгө чейин жүргүзүп турат;
2.2 архитектуралык-мерчемдөө шарттары (АМШ): Аймактык архитектура жана шаар куруу органдары берүүчү, архитектуралык шарттарды жана талаптарды, анын ичинде курулуш объектисинин функциялык милдеттерине, жайгаштырылышына жана негизги параметрлерине карата талаптарды, ошондой элеинженердик тармактарга кошуунун техникалык шарттарын, санитардык, өрткө каршы, экологиялык милдеттүү шарттарды жана объектти долбоорлоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, шаар куруу документтеринде каралган чектөөлөрдү камтыган документ;
2.3 башкы (генералдык) подрядчы (генподрядчы): Тийиштүү лицензиясы бар курулуш уюму, ал тапшырык берүүчү менен түзүлгөн келишимдин негизинде объектти пайдаланууга берүүнү кошуп, объекттин курулушу боюнча башкы подрядчы менен келишим боюнча долбоорго ылайык зарыл учурда иштин атайын же айрым түрлөрүнүн бөлүгүн аткарган субподрядчы катары башка уюмдарды тартуу менен, объектти куруу боюнча бардык долбоордук документтерде жана келишимде каралган иштерди аткарат;
2.4 башкы (генералдык) долбоорчу: Долбоорлоо (долбоорлоо-изилдөө) иштеринин белгилүү түрүнө лицензиясы бар долбоорлоо уюму, ал инвестор же тапшырык берүүчү менен түзүлгөн келишимдин негизинде долбоордук документтердин айрым бөлүмдөрү боюнча субподрядчыларды жана адистерди тартуу менен долбоордук документтерди иштеп чыгуу боюнча иштерди аткарат;
2.5 шаар куруу регламенти: Калктуу аймактарда жер тилкелерин жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин пайдаланууга, ошондой эле кыймылсыз мүлк объекттерине шаар куруу ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө жол берилген өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилген шаар куруу документтери менен жана жерди пайдалануу жана анда куруу эрежелери менен аныкталган пайдалануунун түрлөрүнүн жана параметрлеринин жыйындысы;
2.6 тапшырык берүүчү: Жеке же юридикалык жак, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, алар өздөрүнө таандык же берилген жер тилкесинде капиталдык курулуш объекттерин долбоорлоону жана курууну, турган объекттерди реконструкциялоону, капиталдык оңдоону, ошондой эле инженердик изилдөөлөрдү аткарууну, аларды куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо үчүн тийиштүү адистештирилген уюмдар менен келишимдерди түзүү аркылуу өздүк жана башка каражаттарды пайдаланып, долбоорлоо документтерин даярдоону камсыз кылат;
2.7 инженердик-техникалык шарттар (ИТШ): Техникалык шарттарды, объектти инженердик-техникалык тармактар менен камсыздоо тармактарына кошуу схемасын жана талаптарды, инженердик коммуникацияларды чыгарууну, ошондой эле жаӊы магистралдык тармактардын (трубопроводдордун, газ өткөргүчтөрдүн, жогорку чыӊалуудагы электр чубалгыларын ж.б.) курулушуна талаптардыаныктаган документ;
2.8курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелери (ККжЖПЭ): Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калктуу пункттардын аймагында жана шаар четиндеги зоналарда жер тилкелерин пайдаланууну, долбоорлоону жана ал жерлерде курууну шаар куруу регламенттерин киргизүү аркылуу жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылары;
2.9курулуштун узактыгы:Курулуш аянтында жумуштар башталгандан тартып долбоордо белгиленген жумуштардын баары толук аткарылганча объекттер жана ишканалардын кубаттуулуктары, алардын кезектери, иштетилүүчү комплекстери жана айрым объекттери ишке киргизилгенге чейинки убакыт аралыгы;
2.10 долбоордук документтер: Курулушту, реконструкциялоону же курулуш объекттерине жана/же алардын бөлүктөрүнө башка өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыздоо үчүн зарыл болгон архитектуралык, функциялык-технологиялык, конструкциялык жана инженердик-техникалык чечимдерди аныктаган графикалык, долбоордук жана тексттик документтердин жыйындысы;
2.10.1 долбоор баскычы (Д): Кабыл алынган көлөмдүү-мерчемдүү жана техникалык чечимдердин негизинде объектти жалпысынан сүрөттөгөн, курулуш объекттерин долбоорлоо этабы. “Д” баскычындагы бөлүмдөр долбоордук чечимдердин техникалык-экономикалык негизи үчүн жетиштүү көлөмдө жана курамда берилип, долбоорлоо документтеринин иштелип чыгуусунун жана курулуштун кезектүүлүгүн аныктаган, реконструкциялануучу объекттерди жана курулуучу курулуш комплекстерин долбоорлоого бекитилип жаткан этаптын негизи болуп
2.10.2 жумушчу документтер (ЖД): Курулуш-монтаждоо иштерин аткаруу үчүн зарыл болгон долбоорлоо документтеринин бөлүмдөрү,долбоорлоо документи болуп эсептелет. Бул баскычта «Д» баскычында кабыл алынган чечимдер тыкыр талданып, такталат.“Д” баскычын ишке ашыруучу долбоор болуп, бардык бөлүмдөр боюнча жумушчу чиймелер сызылып, жердик сметалар түзүлөт, материалдардын жана жабдыктардын спецификациясы даярдалат, түйүндөр ж.б. подрядчыга курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө керек болгон документтер тыкыр иштелип чыгат;
2.10.3 жумушчу долбоор (ЖД): Эскиздик долбоордун (ЭД) негизинде кабыл алынган ар кандай функционалдык милдеттеги объекттерди куруу үчүн жана мындан мурунку эки баскычтарды – “Д” жана “ЖД” баскычтарын айкалыштырган долбоорлоо документтерине экспертиза жүргүзүү, аларды бекитүү жана макулдашуу үчүн техникалык жана архитектуралык жактан татаал эмес объекттерди долбоорлоонун айкалышытырылган баскычы болуп эсептелет;
2.11 долбоорлоого техникалык тапшырма (ТТ): Техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр, негизги объекттердин тизмеси, жайлардын курамы, кабаттары, инженердик жабдыктар тутумуна талаптар сыяктуу долбоорлонуп жаткан объекттин негизги параметрлерин жана курулуш аянтынын өзгөчө шарттарын тактаган долбоорлоого шарттар жана талаптар. ТТны тапшырык берүүчү долбоорлоочу уюм менен биргеликте түзөт, жана жогорку инстанция же тапшырык берүүчүнүн жетекчилиги тарабынан бекитилет;
2.12 техникалык көзөмөл: Долбоордук чечимдердин жана ченемдик-техникалык документтердин талаптарын тутуу максатында тапшырык берүүчү тарабынан курулушка, ошондой эле курулуш процессинде же объектти өзгөртүү учурунда аткарылып жаткан иштердин сапатына көзөмөл жүргүзүү;
2.13 техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН): Тапшырык берүүчүнүн тапшырмасынын негизинде кабыл алынып жаткан чечимдерди негиздөө жана варианттарын, объекттин курулуш наркын жана максаттулугун аныктоо үчүн иштелип чыгат;
2.14 типтүү долбоор: Курулуштун конкреттүү шарттарына байланыштырылып, көп жолу колдонууга арналган долбоордук документ;
2.15 эскиздик долбоор (ЭД): Келечектеги объект туурасында жалпы элес берген жана объекттин жер тилкесинде эӊ ыӊгайлуу жайгашуусун тандоого, мындан аркы долбоорлоого шарттарды жана талаптарды түзүүгө мүмкүндүк берген долбоорлоо иштеринин баштапкы баскычы. ЭДда объекттин техникалык-экономикалык көсөткүчтөрү менен негизги функционалдык-мерчемдик жана көлөмдүү-мейкиндик параметрлери аныктал
3 Жалпы жоболор
3.1 Долбоорлоо документи кандай объект болбосун, курулуш учун, функционалдык дайындоосуна карабастан анын курулушуна негизги документ болуп эсептелет.
3.2 Тапшырык берүүчү менен түзүлгөн келишим (контракт) тапшырык менен долбоорлоогунун (А тиркемеси) финасы-экономикалык мамилелерди, өз ара милдеттенмелерди жана тараптардын жоопкерчиликтерин жөнгө салган негизги укуктук документ болуп эсептелет. Келишимдин (контракттын) ажырагыс бөлүгү болуп долбоорлоого техникалык тапшырма болот. Долбоорлоого техникалык тапшырманын сунушталган курамы жана мазмуну Б тиркемесинде берилген.
3.3 Келечектеги долбоорлоочуга тапшырык берүүчү техникалык тапшырма менен бирге тапшырыкчы архитектуралык-мерчемдик шарттарын, инженердик-техникалык шарттарын боюнча баштапкы маалыматтарды берет. Зарыл болгон учурларда долбоордун жетекчилери курулуш аянттарын жана инженердик тармактардын жана коммуникациялардын трассаларын тандоого, архитектуралык-мерчемдик шарттарды, инженердик-техникалык шарттарды түзүүгө жана иштеп чыгууга, долбоорлоого техникалык тапшырманы ж.б. баштапкы маалыматтарды даярдоого катыша алат.
3.4 Тапшырык берүүчү катары мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, менчик формасына карабастан бардык уюмдар, мекемелер, бирикмелер ж.б., ошондой эле чет элдик мамлекеттер, юридикалык жана жеке жактар жана чет элдик жарандар чыга алышат.
3.5 Тапшырык берүүчү келишимдик негизде өзүнүн укуктарын атайын уруксаттары бар юридикалык же жеке жактарга өткөрүп бере алат, аларга тапшырык берүүчүнүн долбоорду иштеп чыгуудагы жана ишке ашыруудагы иш-милдеттерин аткарууну жүктөйт.
3.6 Курулуш өзгөчө татаал табигый-техникалык шарттарда жүргөн учурда тапшырык берүүчүнүн чечими боюнча объектти куруунун, айрым объекттер боюнча, имараттар, курулмалар, долбоордун бөлүмдөрү боюнча кабыл алынып жаткан чечимдерди негиздеп, варианттарын, наркын жана максаттуулугун аныктоо үчүн кошумчалап техникалык-экономикалык эсептерди (ТЭЭ) же техникалык-экономикалык негиздөөлөрдү (ТЭН) иштеп чыгып, долбоорло-техникалык чечимдерди толуктоо иштерин жүргүзүүгө болот.
3.7 Курулушка долбоорлоо документин иштеп чыгуу долбоорлоого тапшырманын маанилүүлүгүнө, татаалдыгына жана көлөмүнө жараша долбоорлоонун баскычтуу болушу аныкталат. Долбоорлоонун баскычтары долбоорлоонун үч деӊгээлин аныкташат: эскиздик долбоор, долбоор жана жумушчу документтер, жумушчу долбоор.
3.8 Долбоорлоо документтерин үч баскыч менен иштеп чыгуу мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды көздөгөн ири объекттерди курууда, долбоорлоо процессинде баштапкы көрсөткүчтөрдү, көлөмдүү-мерчемдүү, конструкциялык, инженердик-техникалык жана технологиялык чечимдерди оӊдоп-түзөө, деталдаштыруу зарыл болгон учурда жүргүзүлүшү мүмкүн:
- баштапкы баскыч – эскиздик долбоор (ЭД);
- биринчи баскыч – долбоор (Д), адатта, эскиз долбоорунун жыйынтыктарына жана көрсөткүчтөрүнө негизделип иштелип чыгат жана ушул курулуш ченемдеринде аныкталган тартипте бекитилүүгө тийиш;
- экинчи баскыч – жумушчу документтер (ЖД).
3.9 Ушул эрежелер жыйнагында каралбаган бир эле баскыч менен иштелип чыга турган долбоордук документтер:
- иштеп жаткан типтүү долбоорлордун (типтүү долбоорду байланыштырып) негизинде курула турган объекттер боюнча, же айрым типтүү долбоордук чечимдерди (типтүү курулуш конструкцияларын, буюмдарды, түйүндөрдү) колдонуу менен курула турган объекттер боюнча;
- курулушта мурун иштелип чыккан жеке долбоорду кайталоо үчүн же көп жолу колдонуу үчүн пайдаланууда (жеке долбоорду байланыштырып);
- турган объекттерди реконструкциялоодо (модернизациялоодо, техникалык кайра жабдууда, капиталдык ремонтто).
3.10 Техникалык-экономикалык, экологиялык ж.б. талаптарга жооп бербеген долбоорлор боюнча объекттерди курууга уруксат берилбейт.
3.11 Долбоорлоо документтери үч нускада, сөзсүз электрондук версиясы менен тапшырык берүүчүгө берилет.
4 Долбоорлоо документтеринин курамы жана мазмуну
Долбоорлоо документтеринин курамына жана мазмунуна коюлган талаптар В жана Г тиркемелеринде берилген.
5 Долбоорлоо документтерин иштеп чыгуу тартиби
5.1 Долбоорлоо документтерин иштеп чыгууну(долбоорлоо) курулушка долбоорлоо чөйрөсүндө тийиштүү изилдөөчүлүк ишмердүүлүктүн түрлөрүнө (түрчөлөрүнө) квалификациялык лицензияларга жана тастыктамаларга ээ юридикалык жана жеке жактар ишке ашыра алат.
5.2 Долбоорлоо документтери иштеп жаткан мыйзамдардын, ченемдик-укуктук акттардын, долбоорлоо чөйрөсүндөгү ченемдик-техникалык документтердин, инженердик-транспорттук инфратүзүлүштү жана башка аймактык-мерчемдик документтерди деталдуу мерчемдөө долбоорлорунун, шаарлардын жана калктуу пункттардын шаар куруу документтери менен бекитилген талаптарын эске алып иштелип чыгат.
5.3 Архитектуралык-курулуш ишмердүүлүк чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты болгон учурда гана ченемдик-техникалык документтердин талаптарынан негиздүү четке чыгууларга жол берилет.
5.4 Долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу процессинде төмөндөгүлөр камсыздалышы керек:
- илимий-техникалык прогресстин жетишкендиктерине негизделген, жогорку сапатты жана өндүмдүн атаандаштык жөндөмдүүлүгүн камсыздаган прогрессивдүү технологияларды жайылтуу;
- инвестициялардын экономикалык жогорку натыйжалуулугу үчүн шарттарды жана өбөлгөлөрдү түзүү;
- жергиликтүү материалдарды, чийки затты жана өндүмдөрдү кеӊири пайдалануу;
- жерлерди натыйжалуу пайдалануу жана курчап турган айлана-чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурастарды сактоо талаптарын аткаруу;
- талап кылынган бекемдик деӊгээлдерин, көтөрүп туруучу жөндөмдүүлүктү, туруктуулукту, жер титирөөгө туруктуулукту, экологиялык, өрт жана өнөр жай коопсуздугун камсыздоо;
- имараттардын жана курулмалардын эксплуатациялык ишенимдүүлүгүнкамсыздоо.
5.5 Долбоорлоого техникалык тапшырма (ТТ)тапшырык берүүчү тарабынан же анын ыйгарым укуктуу ишеним арткан жагы (курдуруучу, долбоорлоочу) тарабынан түзүлүп, тапшырык берүүчү аны бекиткен күндөн тартып, тараптар үчүн милдеттүү болуп калат.
5.6 Долбоорлоого техникалык тапшырма (ТТ) менен бирге тапшырык берүүчү генералдык подрядчыга долбоорлоо документтерин иштеп чыгуу үчүн баштапкы материалдарды (маалыматтарды) берет, аларга төмөндөгүлөр кирет:
- жер тилкесине укук орнотуучу жана укукту күбөлөндүрүүчү документтер, Жер пайдалануу жана курдуруу эрежелерине (ЖПжКЭ) ылайык аймакты анын чегинде объектти өз милдети боюнча пайдалануу регламенти;
- долбоорлоого жана курууга зарыл болгон топографиялык сүрөттөр жана геологиялык, гидрогеологиялык изилдөөлөрдүн материалдары;
- тармактардын ээлери берген инженердик жана коммуналдык булактарга туташтырууга инженердик-техникалык шарттар (ИТШ);
- аймактык архитектура жана шаар куруу органы тарабынан берилген архитектуралык-мерчемдөө шарттары (АМШ), ага аймакты инженердик даярдоо, жашылдандыруу жана жакшыртуу, экологиялык, өрт жана өнөр жай коопсуздугунун, жергиликтүү материалдарды, чийки затты жана өндүмдөрдү кеӊири пайдалануушарттары кирет;
- аныкталган тартипте иштелип чыккан жана бекитилген тийиштүү кварталды курдуруу долбоорунан же майда-чүйдөсүнө чейин мерчемдөөдөн көчүрмө алуу (выкопировка);
5.7 Эскиздик долбоорду иштеп чыгуу процессинде бекитилген шаар куруу документтеринин талаптарын эске алган жалпы мерчемделүүчү жана архитектуралык-долбоордук чечимдер кабыл алынат, долбоорлонуп жаткан объектке карата параметрлер, мүнөздөмөлөр, техникалык шарттар такталат.
5.8Ченемдик-техникалык документтерге ылайык иштелип чыккан жумушчу документтер баскычында (жумушчу долбоор) документтер жооптуу жактардын(долбоордун башкы инженеринин, башкы арихтекторунун) колдору менен бекитилет.
5.9Долбоорлоо документтеринин ар бир бөлүмүнүн (марканын) графикалык материалдарынын (негизги чиймелердин) «Жалпы маалыматтар» барактарында долбоордун башкы архитекторунун (башкы инженердин) колу коюлган (Д) долбоордун же (ЖД) жумушчу долбоордун иштеп жаткан улуттук, жана мамлекеттер аралык ченемдик-укуктук жана ченемдик-техникалык документтерге ылайык келгендиги туурасында жазуу болушу керек.
Жалпы түшүндүрмө катта долбоорлоочу уюмдун жетекчисинин, долбоордун башкы архитекторунун (башкы инженердин) жана долбоорлоо документтеринин (долбоордун, жумушчу долбоордун) ар бир бөлүмүнүн (марканын) жооптуу аткаруучусунун (иштердин жетекчисинин) колдору болушу керек.
Жазуулар курулуш үчүн долбоорлоо документтерин ГОСТ 1.5 "Мамлекет аралык стандарттар, эрежелер жана сунуштар мамлекет аралык стандартташтыруу боюнча" ылайык таризделет.
5.10Тапшырык берүүчү менен долбоорлоочу уюмдун ортосундагы долбоорлоо документин иштеп чыгуу жөнүндө келишимге (контрактка) кол кюлган күндүн датасы долбоорлоонун башталышы болуп эсептелет.
6 Долбоорлоо документин бекитүү тартиби
6.1 Макулдашылган жана экспертизадан өткөн долбоорлоо документи мыйзамда аныкталган тартипте бекитилүүгө тийиш.
6.2 Курулушка долбоорлоо документин тапшырык берүүчү бекитет.
6.3Долбоорлоо документи түзүлгөндөн кийин 3 жылга чейин курулуш башталбаса, ал документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте, иштеп жаткан ченемдик-укуктук документтерге ылайык келтирилгенден кийин пайдаланыла берсе болот.
А тиркемеси
(сунушталуучу)
Долбоорлоо документин иштеп чыгуу жөнүндө келишимге (контрактка) негизги талаптар
1 Долбоорлоо документин иштеп чыгуу жөнүндө келишим (контракт) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, тараптардын өз ара мамилелерин жөнгө салган Уставдардын ж.б. документтердин негизинде иштеп жаткан Тапшырык берүүчү жана Генералдык долбоорлоочу тарабынан таризделет.
2 Иштерди аткарууга түзүлөн келишимде (контрактта) келишимдин заты, долбоордун баскычынын аталышы жана курамы, долбоорлоого техникалык тапшырма, долбоорлоо иштеринин наркы, чыгаруунун божомолдуу мөөнөттөрү ж.б. долбоорлоо иштерин аткарууга зарыл болгон шарттар көрсөтүлөт.
3 Техникалык тапшырманы түзүү, макулдашуу, бекитүү, долбоорду иштеп чыгууга келишимдин (контракттын) шарттарын иштеп толуктоо, ошондой эле баштапкы маалыматтарды топтоо даярдык көрүү иштердин курамына кирет.
4 Келишимдик негизде иштердин жалпы наркын аныктоодо, аванс төлөмдөр, салык төлөмдөрүнүн пайыздары ж.б. шарттар, алардын ичинде долбоорлоо документтерин басып чыгаруу жана бөлүштүрүүгө кеткен чыгымдар аныкталат.
5 Топографиялык-геодезиялык сүрөткө тартуунун, инженердик-геологиялык, инженердик-гидрогеологиялык изилдөөлөрдүн, ошондой эле автордук көзөмөлдүн наркы долбоорду иштеп чыгуунун наркына кирбейт. Бул кызматтардын наркы тийиштүү баалоолордун жана ченемдердин негизинде өзүнчө келишим менен аныкталат.
Б тиркемеси
(милдеттүү)
МАКУЛДАШЫЛДЫ БЕКИТЕМ
Тапшырык берүүчүнүн жетекчиси
_________________________ _____________________
(аты-жөнү, колу) (кызматы, аты-жөнү, колу)
«___» ________ 20__ - ж. «___» ________ 20__ -ж.
Долбоорду иштеп чыгууга техникалык тапшырма
________________________________________________________________
курулуш объектисинин аталышы
Коюлуучу суроолордун тизмеси | Тапшырык берүүчүнүн, мамлекеттик көзөмөл жана башкаруу органдарынын негизги талаптары |
Долбоорлоо үчүн негиз | - тапшырык берүүчүнүн чечими; - АМШ, ИТШ; - инженердик изилдөөлөрдүн материалдары |
Курулуш аянтынын өзгөчө шарттары
| - сейсмикалуулугу; - отуруп калуусу; - жер көчкүгө кооптуулугу; - суу ташкындоого/селге кооптуулугу; - грунт суулары |
Долбоордун түрлөрү | - өнөр жай-өндүрүш милдетиндеги долбоор; - турак-жарандык милдеттеги долбоор |
Долбоорлонуп жаткан объекттин негизги параметрлеринин мүнөздөлүшү
| - өндүрүш кубаттуулугу; -техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр; - жайлардын курамы; - негизги объекттердин тизмеси; - көмөкчү объекттердин тизмеси; - кабаттуулугу; - имараттардын жана курулмалардын типтери; - батирлердин типтери жана саны; - курулуш конструкцияларынын колдонулуп жаткан түрлөрү жана типтери: - ири панелдүү; - каркас-панелдүү; - монолит; - таш-монолит; - каркас-кыш; - кыш; - металлкаркас конструкциясы; - башкалар; - жумушчу аянт; - жалпы аянт; - имараттардын жана курулмалардын көлөмү; - инженердик жабдыктардын ички тутумуна негизги талаптар (жылытуу, желдетүү, кондициондоштуруу, суу түтүгү, канализация, маалыматтык тейлөө, байланыш, сактоочу-өрт сигналдаштыруу ж.б.); - башка мүнөздөмөлөр (объекттин бөтөнчөлүгүнө жана милдетине жараша) |
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кошумча шарттары
| - өнөр жай коопсуздугу боюнча; - өрт коопсуздугу боюнча; - экологиялык шарттар боюнча; - архитектура эстеликтерин коргоо боюнча |