Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтер тутуму
ДЕН СООЛУГУНУН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ ЧЕКТЕЛГЕН АДАМДАРДЫН МУКТАЖДЫКТАРЫН ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН ЖАШОО-ТУРМУШУНУН
ЧӨЙРӨСҮН ДОЛБООРЛОО
ПРОЕКТИРОВАНИЕ СРЕДЫ ЖИЗНЕДЕЯТЕЛЬНОСТИ С УЧЕТОМ ПОТРЕБНОСТЕЙ ЛИЦ С ОГРАНИЧЕННЫМИ ВОЗМОЖНОСТЯМИ ЗДОРОВЬЯ
The design of the living environment taking into account
the needs of persons with disabilities health
Киргизүү датасы 2018-жылдын 28-декабры
1 Жалпы жоболор
Ушул ченемдер ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын керектөөлөрүн эске алып, толук жарамдуу тиричилик чөйрөсүн түзүү максатында калк жашаган жерлерде долбоорлоого, мерчмедөөгө жана курууга, жаңы имараттарды курууга долбоорлорду иштеп чыгууга жана эксплуатацияланып жаткан имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоого жайылтылат.
Кыргыз Республикасынын “Мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” мыйзамынын 43-44-беренелерине ылайык мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, юридикалык жактар менчик формасына карабастан, Мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга турак, коомдук, административдик жана өндүрүш имараттарга, курулмаларга жана жайларга, эс алуу жана башка маданий-оюн-зоок мекемелерине, ошондой эле коомдук транспорт жана транспорт байланыштары, байланышуу жана маалымат каражаттары менен тоскоолдуксуз пайдаланууга, эркин ориентация алуу жана жүрүүгө шарттарды камсыздоого милдеттүү. Ошондой эле калктуу пункттарды долбоорлоо жана куруу, турак райондорду калыптандыруу, долбоорлоо чечимдерди иштеп чыгуу, имараттарды, курулмаларды, алардын ичинде аэропортторду, темир жол вокзалдарын, комплексттерди жана коммуникацияларды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жактардын пайдалануусуна жеткиликтүү болуусун эске алып ыңгайлаштырып өндүрүү керек.
Турган имараттарды жана курулмаларды, ошондой эле тарыхый жана маданий эстеликтерди реконструкциялоодо ушул документте баяндалган талаптар (коопсуздук талаптарынан тышкары) толук көлөмдө аткарылышы мүмкүн болбой калган учурда, аймактык архитектура жана шаар куруу, мамлекеттик көзөмөл, калкты социалдык жактан коргоо (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын коомдук уюмдарын кошуп) органдары менен макулдашуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар менен кары-картаңдардын жашоо-тиричилигин, ошондой эле жүргүнчүлөрдүн балдар коляскалары менен жүрүүсүн эң жогорку деңгээлде камсыздоочу чечимдерди кабыл алуу керек.
Ушул документтин талаптары калктуу жерлердин курулушун долбоорлоо мерчемдерин иштеп чыккан жана ал жерлерде курууну, ошондой эле айрым имараттардын, курулмалардын жана алардын турак-жарандык жана өндүрүш милдетиндеги комплекстеринин долбоордук чечимдерин ишке ашырган, тиешелүү лицензиялары жана тастыктамалары бар бардык министрликтер, ведомстволор, ишканалар, мекемелер, уюмдар үчүн милдеттүү болуп эсептелет.
2 Ченемдик шилтемелер
Ушул курулуш ченемдеринде төмөндөгү документтерге ченемдик шилтемелер пайдаланылды:
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 3-апрелиндеги №38 “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укугу жана кепилдиги жөнүндө” мыйзамы;