Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтер тутуму
УЧУРДАГЫ ИМАРАТТАРДЫН ЖЕР ТИТИРӨӨГӨ ТУРУКТУУЛУГУН БААЛОО
ОЦЕНКА СЕЙСМОСТОЙКОСТИ ЗДАНИЙ СУЩЕСТВУЮЩЕЙ ЗАСТРОЙКИ
Seismic evaluation of existing buildings
Киргизүү датасы – 2019-03-01
1.1 Ушул курулуш ченемдерин учурдагы турак жай, коомдук жана өндүрүштүк имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун текшерүүдө жана баалоодо аткаруу керек.
1.2 Ушул курулуш ченемдери төмөндөгү талаптарды камтыйт:
сейсмикалык таасирлерде жөндөмдүүлүгү жана техникалык абалы адамдардын коопсуздугуна жана мүлктүн сакталышына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон көтөргүч, өзүн көтөргүч жана көтөргүч эмес курулуш конструкцияларын текшерүүгө карата;
текшерүүнү өткөрүү ыкмаларына жана каражаттарына карата;
долбоордук-техникалык документтерди изилдөөгө карата;
текшерүүдө коопсуздук техникасына карата;
учурдагы имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун баалоого карата.
1.3 Ушул курулуш ченемдеринин негизги максаттары болуп саналат:
- учурдагы имараттардын жер титирөөгө туруктуулугун баалоо;
- жер титирөөдөн улам болгон зыянды азайтуу;
- текшерүү жана имараттарды бекемдөө боюнча техникалык чечимдерди иштеп чыгуу процессин иретке келтирүү;
- сейсмикалык таасирлерде имараттардын сейсмикалык аярлуулук деңгээлин аныктоо.
1.4 Ушул курулуш ченемдери төмөндөгүлөр менен байланыштуу өзгөчөлүү маселелерди камтыбайт: