Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 68-чуа буйругунун редакциясына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА,
КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК
ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
2018-жылдын 31-декабры № 32-нпа
Кыргыз Республикасынын КР КЧ 20-02:2018 “Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери” курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө
(КР Мамкурулушунун 2021-жылдын 26-февралындагы № 43-нпа, 2022-жылдын 28-февралындагы № 50-нпа буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Жаңы курулуш, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, капиталдык оңдоо объекттеринин туура эксплуатациялоосун татаалдаштырган сейсмикалык таасирлер болгон учурда айрым элементтеринин бузулушун, сейсмикалык таасирлерден зыян келтирүүлөрдү төмөндөтүү максатында, КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары - Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын КР КЧ 20-02:2018 “Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери” курулуш ченемдери, тиркемеге ылайык;
- 2018-жылдын 29-ноябрында КР УИА СИ тарабынан иштелип чыккан Кыргызстандын жер титирөөлөрүн пайда кылган активдүү жаракалардын жана алардын сегменттеринин максималдуу локалдык магнитудасынын (MLH) таралышынын картасы;
- 2018-жылдын 29-ноябрында КР УИА СИ тарабынан иштелип чыккан Кыргызстандагы мүмкүн болгон максималдуу жер титирөөлөрдө жер бетинин термелүү күчтөрүнүн (интенсивдүүлүгүнүн) балл менен көрсөтүлгөн картасы;
- 2018-жылдын 29-ноябрында КР УИА СИ тарабынан иштелип чыккан Кыргызстандагы аскалуу грунтта сейсмикалык термелүүнүн жогорку чектеги (пиктик) ылдамдануулар (PGA) картасы;
- 2018-жылдын 29-ноябрында КР УИА СИ тарабынан иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын сейсмикалык кооптуу аймактарынын баллдары жана ылдамдануулары (PGA) көрсөтүлгөн тизмеси;
2. КР КЧ 20-02:2018 “Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери” КР КЧ 20-02:2009 “Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери” менен катар жарыш түрдө 2019-жылдын 1-мартынан тартып ишке кирери аныкталсын.