Загрузка документа…
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министирлигинин 2019-жылдын 25-февралындагы № 3-дп буйругу менен бекитилген
Топуракты изилдөөнүн материалдарын
корректировкалоо жөнүндө методикасы
1. Жалпы жоболор
1. Топуракты текшерүү мурда өткөрүлгөн текшерүүлөрдүн материалдарын корректировкалоону жана картада топурактын камтылышын толуктоодо, контурлардын чектерин тактоодо же картографиялык тиркемелерди кайра түзүүнү карайт жана ушул Методиканын талаптарына ылайык өткөн жылдардын ири масштабдуу изилдөөлөрүнүн материалдарын шайкеш келтирүүдө турат.
2. Ири масштабдуу топурак изилдөөлөрүнүн материалдарынын төмөнкү беш тобу корректировкалоого жатат:
- 15 жыл жана андан ашык жылдар мурда түзүлгөн материалдар;
- изилдөөлөр өткөн бардык мөөнөтүнүн материалдары, эгерде топурак картасын түзүү үчүн жерди пайдалануу контурдук планы негиз болгон болсо.
- эки жылдан кем эмес мурда бир топ аймактарда түп тамырынан бери мелиорация (кургатуу, сугаруу ж.б.) өткөрүлгөн жерди пайдалануу материалдары, ошондой эле, акыркы 3-5 жыл мезгилинде эрозиянын интенсивдүү процесстери, өзгөчө шамал эрозиясы болгон жерлер;
- материалдар камтылышы боюнча жакшы сапатта, бирок, изилденген жерлердин чектери жерди пайдалануунун заманбап чектерине дал келбейт же акыркы 3-5 жылда олуттуу чарба ичиндеги жерлерди трансформациялоо болуп өткөн;
- 15 жылдан кем эмес мурда аткарылган материалдар, курамындагы топурак картасы аэрофотосъемка жана топографиялык карталардын негизинде сапаттуу аткарылган, бирок, керектүү курам жана тиркемелердин тиешелүү сапаты (картограмма, очерк ж.б.) жок.
3. Ири масштабдагы топурак изилдөөлөрүндөгү оңдоочу кемчиликтер, картанын өзүндө, ошондой эле, аны коштоочу картографиялык жана текстик тиркемелерде болушу мүмкүн.
4. Эгерде топурактык картанын камтылышында кемчиликтердин көп саны болсо, анда мындай карта биринчи текшерүү материалдарын колдонуу менен кайра түзүлүүгө тийиш.
5. Тигил же бул материалдарды оңдоонун зарылдыгы жана кезектүүлүгү, өткөн жылдарда топуракты текшерүүнү түзөтүү боюнча боло турган иштердин көлөмдөрү болгон материалдарды жакшылап изилдөө жолу менен белгиленет. Изилдөөнүн жыйынтыгында айыл аймактарынын же түзөтүү боюнча иштер пландалган аймактагы чарба субьекттердин тизмеси түзүлөт.
6. Топуракты изилдөө материалдары 15 жылда бир жолу оңдолот. Интенсивдүү мелиорация өткөрүлгөн аймакта 5-10 жылда бир жолу болот. Топуракты изилдөөчүлөр топурак картасына өзгөртүү киргизет, топуракты колдонуу боюнча сунуштарды такташат. Эгерде топурактын начарлоосу байкала турган болсо (эрозияга учураган топурактардын аянттарынын кеңейишин, топурактын туздануусун, саздануусун) топуракты изилдөөчү бул көрүнүштүн себептерин тактоого жана аларды жок кылууга сунуштарды берүүгө милдеттүү. Топурактын начарлоо фактылары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана райондук агрардык өнүктүүрү башкармалыктарына маалымат катары жеткирилиши керек.
7. Ар бир жер пайдалануу жана мамлекеттик жер запасынын аймагы аларды колдонуу жана жакшыртуу боюнча бүтүндөй жерди пайдаланууда топурактардын мүнөздөмөсүн жана сунуштарды камтыган керектүү картографиялык тиркемелери жана топурак очерки бар топурак картасын камтыган ири масштабдуу топуракты изилдөө материалдары менен камсыздалышы керек.
Бул материалдарды атайын талаа изилдөолөрүнүн, лабораториялык жана камералдык иштердин негизинде түзүшөт.
1:50 000 жана ири мастабдагы топурак карталары ири машстабдууларга кирет.
8. Топуракты изилдөөнүн материалдары Мамлекеттик жерге жайгаштыруу, Мамлекеттик жерлерди эсепке алуу жана баалоо, аймактын топурактык өзгөчөлүктөрүн билүүнү талап кылган райондордун, облустардын жана республиканын жыйынды топурак карталарын түзүүгө жана башка максаттар үчүн дайындалат.
9. Топурак катмарларын изилдөөнүн жыйынтыктарынан келип чыккандарды ири масштабдуу топурак изилдөөлөрдүн материалары төмөнкү маселелер боюнча сунуштарды камтууга тийиш:
- айыл чарба жерлерин которуу (трансформациялоо);
- топурактын суу жана шамал эрозиясынан коргоо;
- сугат, кургатуу, маданий техникасы;
- топурактарды химиялык мелиорациялоо (гипстөө ж.б.);
- которуштуруп айдоону туура жайгаштыруу;
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн курамы;
- топурак шарттарына жараша агротехника өзгөчөлүктөрү жана жер семирткичтерди колдонуу;
- чөп чабынды жана жайыттарды жакшыртуу.
10. Топуракты изилдөө боюнча иштерди пландоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан жүргүзүлөт. Изилдөөлөрдү “Кыргызмамжер-долбоорлоо” мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институту мамлекеттик ишканасына караштуу Республикалык топурак- агрохимиялык станциясы жана анын филиалдары өткөрөт.
11. Илимий-методикалык жетекчилик Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биология институту тарабынан жүргүзүлөт.
12. Ири масштабдуу топурак изилдөөлөрүн жана топурак карталарын түзүү топурак таануучулар, химик-аналитиктер, картографтардын жана башка адистердин катышуусу менен аткарылат.
Иштер топурак таануучулардын жетектөөсү алдында макулдашылган программалар боюнча жүргүзүлөт.
13. Топурак изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарынын негизинде, жерлерди пайдалануу жана жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууда илимий-изилдөө мекемелеринин, тажрыйба станциялардын, агрохимиялык лабораториялардын, ошондой эле, жерлерди колдонуунун алдыңкы тажрыйбалары колдонулат.
14. Топуракты изилдөө иштери үч жумушчу мезгилинен турат – даярдоо, талаа жана камералдык (аяктоочу).
2. Текшерилген аймактардын татаалдыгынын
категорияларынын мүнөздөмөсү
15. I категория: жарым чөл райондору, начар бөлүнгөн рельефи бар талаалар, бир түрдүү ботаникалык жана топурак катмары менен, топурак комплекстеринин контурлары 15-20% чейин. Аймактын таштактылуугу 10м3/га чейин.
16. II категория: ар түрдүү топурак пайда кылуучу тектерден жана өсүмдүк катмарларынан турган, тоо этектеринин, бөксө тоолордун жана орто тоолордун ар түрдү рельефи бар талаалардын жана жайыттардын райондору.
Тайыз топурак калыңдыгы, туздуу, эрозияга чалдыккан жана таштуу топурактардын орун алышы. Бадалдуу жана токойлордун өсүшү 25% аянтка чейин.
Топурак компоненттеринин контурлары 30% чейин.
Аймактын таштуулугу 10 дан 50 м3/га чейин.
17. III категория: катуу кескин айырмаланган бөксө тоо жана жайыттын рельефтери, майда- контурлуу аймактар, солонецтер, кумдар, тоо аскалары жана кум шагылдар менен коштолгон 30% ашык бадалдуу жана токойлуу жерлер.
18. Өсүмдүк жана топурак катмарынын комплекстүүлүгү (40-60%) орун алган аз өздөштүрүлгөн аймактар, топурак пайда кылуучу тектердин көп түрдүүлүгү. Бактардын татаал курамынан түзүлгөн, өтө жыш өскөн бадалдардын орун алышы.
Аймактын таштактуулугу 50 м3/га жогору.
3. Топуракты изилдөө этаптары
19. Даярдоо мезгили:
- бул мезгилде топуракты изилдөө обьекттерин белгилешет; изилдөө масштабын аныктайт, талаа жана камералдык иштердин көлөмдөрү; иштердин календарлык пландары жана лабораториялык талдоолордун болжолдуу программасы түзүлөт, картографиялык, адабий жана сурамжылоо материалдары чогултулат;
- аны менен катар топурак картасы жасала турган масштабдагы топографиялык негизди (карта же план) даярдоо же көчүрүү керек;
- бул негиздердин сапаты талаа изилдөөлөрү үчүн олуттуу мааниге ээ: негиз канчалык толук болсо, топурактык карта ошончолук мыкты жана так болушу мүмкүн. Топурактык изилдөөлөр үчүн толук кандуу негиз болуп аэрофотосъемка материалдары боюнча түзүлгөн топографиялык карта эсептелет;
- талаа изилдөөлөрүнүн масштабына жана жердин татаалдык категориясына жараша текшерүү аянтына талап кылынган топурактык кесиндилеринин болжолдуу саны аныкталат;
- талаа иштерине даярдоо процессинде адис-аткаруучулар райондун жаратылыш шарттарын мүнөздөгөн материалдар менен таанышат; климатты, рельефти, геологиялык жана гидрогеологиялык өзгөчөлүктөрдү, топурак пайда кылуучу тектердин жана өсүмдүктөрдүн, топурактардын систематикасын, чарбаны жүргузүу системасы жана башкалар боюнча сунуштарды, агроөндүрүштүк топтоо схемасын изилдешет.
20. Талаа мезгили:
- талаа топурактык изилдөөлөр мамлекеттик администрацияларды, Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарын, айыл аймактарынын администрацияларын топурак изилдөөлөрдүн башталгандыгы жана алардын милдеттери тууралуу маалымат бергенден тартып башталат. Ошол эле учурда, иштерди уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан маселелер макулдашылат;
- топурак изилдөөлөрдүн жана топурак картасынын масштабы айыл аймагынын адистештирилгендигине, жерлерди колдонуу интенсивдүүлүгүнө жана топурак кыртышынын татаалдыгына жараша белгиленет. Ушуга байланыштуу, республикада колдо болгон топографиялык негиздерге жараша дыйканчылык аймактары үчүн– 1:10 000, 1:25 000 масштабдагы карталар, жайыт зонасы үчүн 1:50 000 же 1:100 000 маштабдагы карталар колдонулат;
- ири масштабдуу топурак картасы жогорку тактык менен айырмаланышы керек, аны менен топурактардын жаратылышта жайгашышынын тактуулугун чагылдырылган деңгээли түшүндүрүлөт;
- талаа изилдөөлөрүнүн процесси рекогносцирленген изилдөөрлөрдөн жана картага түшүрүүдөн турат.
21. Топурактарга рекогносцирленген изилдөө жүргүзүү:
- топуракты пайда болуу шарттарына жана айыл аймагынын топурактарынын системалуу тизмесин тактоого байланышкан топурактардын таралышынын мыйзам ченемдүүлүгү менен таанышуу үчүн өткөрүлөт.
- рекогносцировкалоо процессинде изилдене турган аймакта жайгаша турган топурак топурак кесиндилери (разрез) белгилеп, ал профилдер боюнча каттамдарды (маршрут) белгилөө керек. Муну менен катар, бир нече негизги топурак- геоморфологиялык профилдерди түзүү жана сүрөттөө пайдалуу;
- рекогносцировка менен төмөндөгүлөр такталат:
1) аймактын геоморфологиялык түзүлүшү;
2) эрозиянын негизги типтери жана айыл аймагында, райондо алардын таркалуу мыйзам ченемдүүлүгү;
3) мындан аркы изилдөөлөрдүн түрлөрү жана көлөмү.
22. Түздөн-түз топурак изилдөө:
- бул айыл аймагынын геоморфологиялык райондорунун чектерин жана рельеф формаларынын классификациясын тактоо менен башталат;
- профилдер боюнча топурактарды терең так изилдөө үчүн (генетикалык горизонттор боюнча), топурактык ар түрдүүлүгүн аныктоо жана алардын ортосунда чектерди белгилөө үчүн текшериле турган аймакта топурак кесиндилерин – чуңкурларды казып түзүшөт. Алардын тереңдигине жараша (жана багытына) негизги кесинди (разрез), текшерүүчү (жарым кесинди) жана казынды болуп айырмалашат;
- аймактагы кесиндилер жайгашкан жерлер фотопланга же топокартага түшүрүлүп жана алардын номерлери коюлат. Кесиндилерди белгилөө тактыгы планда ±3 мм ашпагандай болууга тийиш;
- картадагы топурак контурларынын мазмунун тастыктоочу топурак кесиндилеринин саны топурак изилдөө маштабына жана топурак кыртышынын татаалдыгына жараша аныкталат;
- түзүлө турган картанын масштабына жана топурак изилдөөсү үчүн жергиликтүү аймактын татаалдык категориясына жараша бир топурак кесиндисинин туура келген гектарлардын болжолдуу саны 1-тиркемеде келтирилген;
- негизги кесинди, текшерүүчү (жарым кесинди) жана казынды ортосундагы катыш төмөнкүдөй сунушталат: 1:4:5 – топографиялык негизде иштөөдө, 1:4:2 – аэрофотосъемка материалдарында иштөөдө.
1-тиркеме
Бир топурак кесиндисине туура келген гектарлардын саны (казындысыз)
Изилдөө масштабы | Гектарлар жана татаалдык категориясы | Картадагы квадрат сантиметрлер | ||||
I | II | III | I | II | III | |
1: 10 000 | 25 | 20 | 18 | 25 | 20 | 18 |
1: 25 000 | 80 | 65 | 50 | 12,8 | 10,4 | 8,0 |
1: 50 000 | 150 | 130 | 110 | 6,0 | 5,2 | 4,4 |