Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
АЙЫЛ ЧАРБА, ТАМАК-АШ ӨНӨР ЖАЙЫ ЖАНА
МЕЛИОРАЦИЯ МИНИСТРИЛИГИ
БУЙРУК
2019-жылдын 04- марты № 4 -дп
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн делегацияланган балык чарбасы чөйрөсүндөгү ченем жаратуу ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу жөнүндө
Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ченемдик базаны андан ары өркүндөтүү жана өнүктүрүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченемдик ишкердигин аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына делегациялоо жөнүндө» токтомун аткаруу максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
- Көлмөлөрдүн абалын жана Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө балыкты жана башка суу организмдерин кайрадан өндүрүү шарттарын жакшыртуу боюнча балык өстүрүү-мелиоративдик иш-чараларды өткөрүү тартиптери жөнөндө Жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Суу объектилеринде балык чарбасын мелиораиялоону өткөрүү тартиптери жөнүндө Жобо, 2-тиркемеге ылайык;
- Балык камдарын жана алар жашаган жерлерди коргоого алуу, балык коргоонун штаттан тышкаркы кызматкерлерин уюштуруу жана ишкердигинин тартиптери тууралуу Эрежелер, 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндөн балык чарбаларын уюштуруу жана балык уулоону аткаруу үчүн көлмөлөрдү жана балык уулоо тилкелерин бекитип берүүнүн тартиптери жөнүндө Жобо,
4-тиркемеге ылайык;
- Анча баалуу эмес жана кереги жок балыктарды мелиоративдик кармоону жана балык чарба көлмөлөрүнүн балык уулоо тилкелерин тазалоону жүзөгө ашыруунун тиртиби жөнүндө Жобо, 5-тиркемеге ылайык;
- Табыгий жана жасалма көлмөлөрдү балыктандыруу ченемдерин белгилөөнүн жана балык өстүрүү-мелиоративдик иштерди өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо, 6-тиркемеге ылайык;
- Көлмөлөрдөн алынган же көл, олтургузуу жана авиз балык чарбаларында өтүрүлгөн балык жана балык өндүрүмүн эсепке алуу тартиби тууралуу Жобо, 7-тиркемеге ылайык;
- Балык өстүрүү - биологиялык ченемдери жана Кыргыз Республикасынын балык чарбаларында товарды балык жана балык олтургузма материалдарын өстүрүүнүн эрежелери, 8-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын балык чарбаларында товардык балыкты жана балык олтургузуу материалдарын өстүрүүнүн балык өстүрүү-биологиялык ченемдери жана эрежелери, 8-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө балык өнөр-жайын, ихтиологиялык мониторингди жана балык камдарын кайрадан өндүрүүнү уюштуруу жана алып баруу жөнүндө Жобо, 9-тиркемеге ылайык;
- Илимий-изилдөө максаттары үчүн балык кармоого, контролдук кармоо, балык өстүрүү-мелиоративдүү иштерди, акклиматизацилоону, балыктандыруу жана кайра өндүрүүнү аткаруу үчүн балык уулоо документтерин жана билеттерин берүү жана пайдалануу тартиптери жөнүндө Нускоо, 10-тиркемеге ылайык;
- Балык камдарын жасалма өндүрүү максатында өнөр жайлык балыктарын өндүрүүчүлөрдү атайлап уулоо боюнча ишти аткаруунун тартиби жөнүндө Нускоо, 11-тиркемеге ылайык;
- Балык өстүрүү, балык багуу жана балык уулоо максаттарында балык чарбасы көлмөлөрүн жана балык уулоо тилкелерин сынактын негизинде берүүнүн тартиби жөнүндө Жобо, 12-тиркемеге ылайык;
- Балык өстүрүү, балык багуу жана балык уулоо максаттарында юридикалык жактарга жана жеке адамдарга бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде егердик кызматты уюштуруу жана ишкердигинин тартиби жөнүндө Жобо, 13-тиркемеге ылайык;
- Балык чарбачылыгы көлмөлөрүндө жана балык уулоо тилкелеринде ихтиологиялык ишти жүргүзүү жана балыкты контролдук уулоонун тартиптери жөнөндү Жобо, 14-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы, балык чарбасын өздөштүрүү жана пайдалануу үчүн берилген табыгий жана жасалма көлмөлөрдө чарбалык жигер тууралуу балык-өстүрүү биологялык негиздөөлөрдү түзүү жөнөндө Жобо, 15-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Жайыт, мал чарба жана балык чарба Департаменти:
- расмий жарыяланган учурдан тартып 7 жумуш күнү ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйрук менен бекитилген балык чарбасы чөйрөсүндөгү укуктук актыларды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүүнү ишке ашырсын;
- балык өстүрүү, балык көбөйтүү жана балык уулоо максаттарында көлмөлөрдү пайдаланууга берүү боюнча ведомстволор аралык сынак комиссиясынын курамын жана санын, ошондой эле Балык өстүрүү-биологиялык эксперттик Кеңештин курамын жана санын аныктасын жана министрликтин бекитүүсүнө киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба, тамак аш-өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Жайыт, мал чарба жана балык чарба Департементинин алдындагы Балык өстүрүү-биологиялык эксперттик Кеңеши жөнүндө Жобону иштеп чыгып жана министрликтин бекитүүсүнө киргизсин.
3. Бул буйрук Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба, тамак аш-өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин расмий сайтына жарыялансын.
4. Буйруктан аткарылышына контролду кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба, тамак аш-өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Мурашев |
1-тиркеме
Көлмөлөрдүн абалынжана Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө балыкты жана башка суу организмдерин
кайрадан өндүрүү шарттарын жакшыртуу боюнча балык
өстүрүү-мелиоративдик иш-чараларды
өткөрүү тартиптери жөнөндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо, көлмөлөрдүн абалын жана Кыргыз Республикасындагы көлмөлөрүндөгү балык камын кайрадан өндүрүүнүн шарттарын жакшыртууга багытталган балык өстүрүү-мелиоративдик иш-чараларын жүзөгө ашрууну уюштуруунун, мерчемдөөнүн жана өткөрүүнүн тартиптерин таныктайт.
2. Ушул Жобонун максаттары үчүн балык чарба башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы дегендин алдында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба Департаменти түшүндүрүлөт (мындан ары - балык чарба чөйрөсүндөгү ыгарым укуктуу орган).
3. Бул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:
- акклиматизациялоо иштери –бул, суу биологиялык ресурстарды бир көлмөдөн, мурда алар болбогон же жок болуп кеткен, алардын кийин жаңы шарттарга ыкташуусу жана өзү кайрадан өсүп популциялануусу үчүн экинчи көлмөгө көчүрүү;
- биологиялык мелиорация–биологиялык иш-чаралардын жардамы менен максатка жетишүүн камсыз кылган чаралардын комплекси;
- ашыкча суу өсүмдүктөрү жана көлмөлөрдүн эфтрофикациясы менен биологиялык күрөшүү – суу өсүмдөктөрүн жана суунун өңүнүн өчүүсүнө алып келген эң түбүндөгү балырларды жок кылуу үчүн көлмөлөргө балырлар менен тамактанган балыктарды көчүрүү;
-табыгий урук чачуучу жайды калыбына келтирүү – мурда жоголуп кеткен урук чачуучу жайларды суу менен бастырууга, алардын баткак басып кетүүсүнүн алдын-алууга, агын жана башка шилендилерден тазалоого, балыктын урук чачуусу мезгилинде нормалдуу суу теңдемин камсыз кылууга өбөлгө түзгөн техникалык чаралар комплекси;
- балыктандыруу–товардык массасына чейин жетүүсү же ошол көлмөдө жашаган, бирок өнө албаган же начар өнгөн балыктын жергиликтүү түрлөрүнүн санын толтуруу максатында көлмөгө балыктарды кое берүү;
- балыктардын суу топтомо курулмаларына жана ирригациялык тутумга кирип кетүүсүнөн коргоо - жаш жана өрчүгөн балыктардын ар кыл түрүндөгү суу топтомо жана ирригациялык тутумдарда өлүүсүнүн алдын алуу боюнча долбоордук жана техникалык чаралар системасы;
- балыктардын урук чачуу жайларына өтүүсүн камсыз кылуу - өтүмдүү жана жарым өтүмдүү балыктардун сууларга көтөрүлүүсүн камсыз кылуу боюнча гидротехникалык чаралар системасы;
- ихтиологиялык мониторинг– жүргүзүлүп жаткан иштердин суу биологиялык ресурстарга жана алардын жашаган чөйрөсүнө тийгизген таасирине баа берүү, биологиялык объекттер менен иш алып барууда техникалык ченемдерди сактоо, көлмөлөрдүн абалын жана балык азыгын өндүрүү шарттарын жакшыртууга карата жүзөгө ашырылып жаткан балык өстүрүү-мелиоративдик иштердин натыйжалуулугун баалаган маалыматты топтоо;
- көлмөлөрдү пайдаланучулар - балык өстүрүү, балук уулоо жана балык багуу максаттарында, алардын алдына өзүнчө көлмөлөр жана балык уулоо тилкелери бөлүнүп берилген балык заводдору, балык чарбалары, балык чарбалар ассоциациялары,коомдук бирикмелер жана балык чарбасынын башка субъекттери;
- балык өстүрүү-мелиоративдик иш-чаралар - бул, көлмөлөрдүн абалын жана балык камдарын табыгий өстүрүү шарттарын жакшыртууга багытталган иштердин топтому;
- утурумдук мелиорация -кыска мөөнөттүү оңтойлуу натыйжага алып келген (жаш балыкты сактап калуу, көлмөлөрдү чөгүп кеткен торлордон тазалоо) ыкчам мүнөздөгү техникалык жана биологиялык иш-чаралар топтому;
- техникалык мелиорация – балыктардын жашоо шарттарын жана көбөйүүсүн, аларды уулоо ыкмаларын жакшыртууну камсыз кылган техникалык чаралар комплекси;
- капиталдык мелиорация – узак мөөнөттүү оңтойлуу таасирди (акклиматизация, балыктандыруу, сууну тереңдетүү) камсыз кылган техникалык жана биологиялык иш чаралардын же алардын өзүнчө түрлөрүнүн топтому;
- көлмөлөрдүн суу менен камсыз болуусун жакшыртуу - балыктын жана башка суу биоресурстардын (суунун химиялык курамы, агын суу, деңгээлдик ыргак жана башка көрсөткүчтөр) жашоосун жана көбөйүүсүн колдоо жана жакшыртуу боюнча гидротехникалык жана башка чаралардын топтому.
4. Каражаттарды пайдаланууга жараша балык өстүрүү-мелиоративдик иш-чаралар биологиялык жана техникалык мелиорацияга бөлүнүшөт, ал эми чыгымдары жана таасир этүү узактыгы боюнча утурумдук жана капиталдык мелиорация деп аталышат.
Капитылдык мелиорацияны жүргүзүү жашоо чөйрөсүнүн жана гидробиотондордун түрдүк курамынын олуттуу өзгөрүүсүнө алып келет.
Утурумдук мелиоративдик иштер учурунда жашоо чөйрөсүнүн жана гидробиотондордун түрдүк курамынын олуттуу өзгөрүүсү жүрбөйт.
II. Жүзөгө шырылап жаткан балык
өстүрүү-мелиоративдик иштердин түрлөрү
5. Биологиялык мелиорация төмөнкү негизги иш-чараларды камтыйт: акклиматизациялык иштерди жана көлмөлөрдү балыктандырууну, ихтиофаунаны жана балыктардын азык базасын реконструкциялоону, балыктын эндемикалык жана баалуу түрлөрүн жок кылышкан балыктардын баасы начар, бааланбаган жана жырткыч түрлөрүн кыскартууну жана биологиялык объекттердин жардамы менен ашыкча богон суу жашылчасын жок кылууну.
6. Техникалык мелиорация төмөнкү негизги иш-чараларды камтыйт: суу менен камсыз кылууну жана гидрибионттордуун жашоо шарттарын жакшыртууну, ашыкча суу жашылчаларын чаап бүтүрүүн, жайкы жана кышкы кырылуулардын алдын алууну, табыгий урук чачуу жайларын калыбына келтирүүнү жана жасалма урук чачуу жайларын орнотууну, балыктарды байланган көлмөлөрдөн сактоону, түбүн тереңдетүү жана балыктын урук чачуу жайларына өтүүсүн камсыз кылган башка иштерди, балыктын суу тосмолоруна кирип кетүүсүнөн коргоону, балык ишкердигинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында балык уулоо тилкелерин жана түбүн тазалоону.
7. Балык өстүрүү-мелиоративдүү иш-чараларды уюштуруу, мерчемдөө жана өткөрүү тартиби ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
8. Балык өстүрүү-мелиоративдүү иш-чараларды өткөрү балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен балык өстүрүү-мелиоративдүү иштердин макулдашылган жылдык мерчеминин негизинде жүзөгө ашырылат.
9. Балык өстүрүү - мелиоративдүү иштерди өткөрүүнүн демилгечилеринин болуп, мамлекеттик балык чарбалары, көлмөнү пайдалануучулар, айыл өкмөттүн балансында турган көлмөлөрдө жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, балык чарба ассоциациялары жана алардын алдына бекитилип берилген көлмөлөрдө жана балык уулоо тилкелеринде балык өстүрүү, балык көбөйтүү жана балык уулоо менен иш алып барышкан коомдук бирикмелер саналышат.
10. Капиталдык мелиорация, орун алган көйгөйдү талдоону, сунушталып жаткан иш-чаралардын биологиялык негизденүүсүн, аны аткарууну камсыз кылуу боюнча долбоордук чечимди, аталган долбоордун экологиялык, социалдык-экономикалык максаттуулугун камтыган биологиялык жана технико-экономикалык негиздөөлөрдүн негизинде жүргүзүлөт.
11. Утурумдук мелиорация, илимий уюмдардын кызматкерлери же балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын балык өстүрүү адистери тарабынан аткарылган эксперттик баа берүүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт.
12. Биологиялык жана технико-экономикалык негиздемелер илимий, долбоордук жана башка уюмдар тарабынан мамлекеттик, муниципалдык, балык чарба жана коомдук бирикмелердин буюртмасынын негизинде аткарылат.
13. Көлмөлөрдү балык чарба мелиорациялоо боюнча демилгечи долбоорлор балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт жана арызды, биологиялык-техникалык негиздемени камтууга тийиш.
14.Балык өстүрүү-мелиоративдик иш-чараларды өткөрүүгө биологиялык негиздеме мамлекеттик экологиялык экспертизанын кароосуна жөнөтүлөт. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын оңтойлуу корутунду алынгандан кийин, балык өстүрүү-биологиялык негиздеме иштелип чыгат.
15. Капиаталдык мелиоративдик иштерди өткөрүүнүн милдеттүү шартынан болуп, коштоп жүргөн ихтиологиялык мониторинг жана суу биологиялык ресурстарга жана алардын жашаган чөйрөсүнө таасирге баа берүү саналат.
16. Коштоп жүргөн ихтиологиялык мониторингдин максатынан болуп, жүргүзүлүп жаткан иштердин гидробионтторго тийгизген таасирине баа берүү, биологиялык объекттер менен иш алып барууда технологиялык ченемдерди сактоо, жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжалуулугуна баа берген маалыматтарды топтоо саналат.
17. Балык өстүрүү-мелиоративдик иш чаралардын бардык түрлөрүн, алар аяктагандан кийин, балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан түзүлгөн комиссия кабыл алат жана алардын аткарылган санын жана аткарылган иштердин өлчөмдөрүн белгилөө менен белгиленген форма боюнча, бүткөрүлгөн мелиоративдик иштердин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен таризделет.
2-тиркеме
1. Бул Жобо, балык чарбасы маанисиндеги суу объектилеринде балык чарбасын мелиорациялоону өткөрүү тартиптерин аныктайт.
2. Балык чарбасын мелиорациялоо, көлмөлөрдүн балык өндүрүмүн сактоого жана жогорулатууга, балыктын (анын ичинде эндемикалык жана жана сейрек кездешкен түрлөрүн) башка гидробионттордун жашоо шартын жана көбөйүсүнө жакшыртууга багытталган комплекстик иш-чаралардын негизги бөлүгү болуп саналат.
3. Ушул Жобонун максаттары үчүн балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы дегендин алдында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба Департаменти түшүндүрүлөт (мындан ары - балык чарба чөйрөсүндөгү ыгарым укуктуу орган).
4. Балык чарбасын мелиорациялоону өткөрүүнүн объектиси болуп, балык чарбасын жүргүзүүгө пайдаланылып жаткан же пайдаланылышы мүмкүн болгон суу объекттери саналат.
5. Балык чарбасын мелиорациялоо өзүнө төмөнкү негизги иш-чараларды камтыйт:
- биологоиялык ресурстардын табыгий кайра өндүрүлүшүнө тоскоолдук кылган, балыктын семирүү жана урук чачуусу жайларындагы катуу суу өсүмдүктөрүн чабууну жана жумшактарын жок кылууну;
- көлмөлөрдүн түбүн тиешелүү иштетүү жолу менен суу өсүмдүктөрдүн тамыр бөлүгүн жок кылуу;
- көлмөнү ашыкча баткактан тазалоону, түбүн мерчемдөөнү, көлмөнүн түбүнө ташталган, чөгүп кеткен, эски балык торлорунан жана башка таштандылардан тазалоону;
- суулардын агымын, куймаларын жана өзөндөрүн тазалоо;
- суу биоресурстарын жасалма жана табыгий кайра өндүрүүнүн оптималдуу шарттарын камсыз кылуу үчүн жырткыч жана анча бааланбаган, кереги жок балыктарды жана суу омутркасыздарын мелиоративдик уулоону;
- балык коргоо курулмаларды орнотууну;
- өндүрүүчүлөрдүн өтүүсү жана жаш балыктардын агып кирүүсү мүмкүн болуусу үчүн балык өткөрүү курулмаларын орнотууну;
- жасалма урук чачуу жайларын орнотууну.
6. Көлмөлөрдө балык чарбасын мелиорациялоо боюнча иштер, балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган, көлмөлөрдө балык чарбасын мелиорациялоо боюнча иштер мерчеминин негизинде жүзөгө ашырылат.
7. Көлмөлөрдө балык чарбасын мелиорациялоо боюнча иштер мерчеми илимий уюмдардын же балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ихтиолог-адистеринин жана балык багуучуларынын сунуштарынын негизинде түптөлөт.
8. Көлмөлөрдүн түбүн мерчемдөө жана өзгөртүү менен байланыштуу болгон көлмөлөрдө, балык чарбасын мелиорациялоо боюнча иштерди өткөрүү жаратылышты коргоо жана балыкты коргоо боюнча талаптарды жана ченемдерди сактоо менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
9. Көлмөлөрдө балык чарбасын мелиорациялоо аларга бекитилип берилген көлмөлөрдө же башка өзүнчө тилкелерде көлмөлөрдү колдонуучулар тарабынан жүзөгө ашырылат.
10. Мамлекеттик балык чарбалары тарабынан көлмөлөрдө балык чарбасын мелиорациялоо боюнча иштерди каржылоого акысыз негизде демөөрчүлүк каражаттарды тартууга, тараптар ортосунда келишилген эки тараптуу келишимдин негизинде гана жүзөгө ашырылат.
Келишимде укуктук, экономикалык жана башка шарттар, тараптадын милдеттери жана укуктары, аткарылуучу иштердин түрлөрү, иштерди каржылоо өлчөмдөрү жана шарттары, тараптардын өз ара эсептешүү тартиптери, келишимдик шарттарды аткарбагандыгы үчүн тараптардын жоопкерчиликтери так регламенттелүүгө тийиш.
11. Көлмөлөрдө балык чарбасын мелиорациялоо боюнча мерчемделген иштер аткарылгандан кийин, балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн комиссия, иштерди аткаруу боюнча жыл сайын иштелип чыккан мерчемдердин негизинде, бүткөрүлгөн иштерди кабыл алуу актысын түзүү менен көлмөлөрдө балык чарбасын мелиорациялоо боюнча бүткөрүлгөн иштерди кабыл алат, ал актыга комиссия мүчөлөрү кол коюшат жана балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга өткөрүлүп берилет.
4-тиркеме
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо, Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө балык чарбаларын уюштуруу жана балык уулоону аткаруу үчүн көлмөлөрдү бекитип берүү шарттарын жана тартиптерин аныктайт.
2. Ушул Жобонун максаттары үчүн балык чарбасын башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы дегендин алдында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба Департаменти түшүндүрүлөт (мындан ары - балык чарба чөйрөсүндөгү ыгарым укуктуу орган).
3. Бул Жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
- акватория - табыгий четтери, жасалма жана шарттуу чектери менен чектелген көлмөнүн суу бетинин тилкеси;
- балык чарбасы маанисиндеги сууобъекттери - балык чарбасы жана балык уулоо үчүн колдонулган же колдонулушу мүмкүн болгон табыгий жана жасалма көлмөлөр, авиздер жана суулар, ошондой эле алардын айрым тилкелери;
- вегетациялык мезгил – анын өсүшү үчүн жагымдуу болгон (абанын жана суунун температурасы, жарык күндүн узактыгы жана башкалар) жаратылыш факторлору менен балык өстүрүү сезону;
- табыгий балык өндүрүмдүүлүк - бул, анын табыгий азык базасынын (кг/га) эсебинен көлмөнүн аянтынын бирдигине карата балык биомассасынын саны;
- суунун күзгүсү - жээк менен чектелген ачык көлмөлөрдүн суу беттери;
- зообентос - көлмөнүн түбүндө отурукташкан суу организмдеринин топтому, балыктар үчүн азык болуп саналышат;
- зоопланктон - суу катмарында отурукташкан, агын менен акырындан жүргөн суу азыкорганизмдеринин топтому, балык үчүн азык болуп саналышат;
- азык коэффициенти - булл, балыктын массасынын 1 кг. алышы үчүн балык тарабынан желген табыгий же жасалма азыктарды санын мааниси;
- балык уулоо (балык кармоо) - балыкты, суу омутркасыздарды жана башка суу биологиялык ресурстарды алардын жашаган чөйрөсүнөн алып коюу, ал балыкты жана суу омурткасыздарды өндүүштүк алуу, ошондой эле, балык чарба көлмөлөрүнөн ышкыбооз жана спорттук балык уулоо жолу менен жүзөгө ашырылат;
- балык өстүрүү - балык чарбасы көлмөлөрүн балыктандыру учүн икраны жана балыктын баалуу түрүнүн жаш балыктарын инкубациялоо;
- балык чарбасы - көлмө жана авиздердин балык камдарынын курамын жакшыртууга башытталган, ошондой эле товардык балыкты, олтургузуу жана асыл тукум материалын өстүрүүнү, кармоону, аны коргоону жана кайра иштеттүүнү уюштуруу боюнча балык өстүрүү, балык уулоо, кайра өндүрүү жана балык камдарын коргоо тутуму;
- балык уулоо документтери - балык уулоо билеттери жана эсепке алуу документтери (журналдар, ведомосттор, өндүрүш билеттери жана уулоону, топтоону, ташып жеткирүүнү, икраны инкубациялоону, өстүрүүнү, балыктын жаштарын чыгарууну жана көлмөлөрдү балыктандырууну эсепке алуу актылары);
- рекрациялык максаттарда балык өстүрүү-ышкыбооз жана спорттук балык уулоо тартибинде товардык балыкты кармоо боюнча калкка кызмат көрсөтүү максатында жасалма шарттарда товардык балыкты көбөйтүү жана өстүрүү ишкердиги;
- рекреациялык ишкердик-ышкыбооз жана спорттук балык уулоо менен байланыштуу эс алуу жайларын түзүү жана тиешелүү деңгээлде күтүүгө багытталган ишкердик;
- балык өнөр-жайы чарбасы-негизги ишкердиги, кармалган балыкты кийин сатуу же кайра иштеттүү үчүн балык чарба көлмөлөрүнөн жана балык уулоо тилкелеринен балыкты алып коюу (кармоо) болгон чарба;
- балык өстүрүү чарбасы-көлмөлөрдө товардык балыкты жана/же балык олтургузуу материалдарын өстүрүү максатында көлмөлөрдө түзүлгөн чарба;
- рекреациялык балык уулоо чарбасы - негизги ишкердиги бекитилип берилген көлмөлөрдө балыктандыруу, балык чарба мелиорациясы, зарыл болгон инфраструктураны түзүү жана ышкыбооз жана спорттук балык уулоо чөйрөсүндө жарандарга акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү максатындагы башка ишкердик болуп саналган чарба;
- балык өндүрүмү - көлмөнүнү аянтынын бирдигинен алынган балыктын жалпы биомассасы (кг) же белгилүү бир мезгил (сутка, декада, ай, вегетациялык мезгил) ичиндеги өлчөмү;
- көл-товардык балкык чарбасы (КТБЧ) - бул, аларда чарбалык-начар баадагы балыкты кармоонун, аларга баалуу товардык балыкты көчүрүү, өстүрүү жана кийин кармоонун эсебинен ихтиофаунаны толук же жарым-жартылай алмаштыруу жолу менен көлмөлөрдү балык чарбалык пайдаланууну жакшыртуу менен иш алып барган чарба;
- балык чарбасын жана балык уулоону уюштуруу жана алып жүрүү – балыкты өстүрүү, кармоо, кайра иштеттүү жана кийин сатып өткөрүү жолу менен балык чарба ишкердигинин пайдалануучулары тарабынан балык уулоону жүзөгө ашыруусу;
- көлмөнү пайдалануучулар (пайдалануучулар) - балык өстүрүү, балык көбөйтүү жана балык уулоо тармагында ишкердигин жүзөгө ашырышкан балык заводдору, балык чарбалары, балык чарба ассоциациялары, коомдук бирикмелер жана башка балык чарба субъекттери;
- товардык балык өстүрүү - аны кийин көлмөдөн алып коюу жана сатып өткөрүү максатында, товардык балыкты көбөйтүү, өстүрүү жана багуу менен байланыштуу болгон ишкердик.
4. Көлмөлөрдү же алардын айрым тилкелерин пайдаланууга берүү, көлмөлөр же балык уулоо тилкелерин балык чарбасын же балык уулоону уюштуруу үчүн сынакты жеңип чыккан пайдалануучуларга бекитип берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
5. Балык чарбаларын же балык уулоону уюштуруу максатында пайдалануучуларга көлмөлөрдү же анын тилкелерин бекитип берүү, балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан, аларды кийин балык чарбасына өздөштүрүү, балык чарбаларын орнотуу жана уюштуруу максатында, өткөрүлгөн сынактык тандоонун жыйынтыгы боюнча балык өстүрүү-биологиялык негиздеменин негизинде аткарылат.
6. Сынак комиссиясынын прот околунун негизинде 10 күндүк мөөнөт ичинде балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен саныкту жеңип чыккан падалануучунун ортосунда балык чарбасын же балык уулоону жүргүзүү үчүн көлмөнү же балык уулоо тилкесин бекитип берүү тууралуу бүтүм келишилет.
7. Көлмөнү же балык уулоо тилкесин бекитип берүү тууралуу бүтүм, ага тиешелүү көлмөнүн же балык уулоо тилкесинин чектерин 1:50000 масштабындагы карта-чиймесин тиркөө менен эки нускада түзүлөт.
Бүтүмдүн бардык нускаларына эки тарап кол коюп, мөөр менен бекитилет.
8. Көлмөнү же балык уулоо тилкесин бекитип берүү жөнүндөгү бүтүм таризделгенден кийин, балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган пайдаланууга берилген көлмөнүн же анын айрым тилкелеринин чектерин белгилейт жана аларды пайдалануучулар ортосунда бөлүп берет. Көлмөнүн (көлмө тилкелеринин) карта-чиймеси тиркелген бүтүмдүн бир нускасы балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда калат, экинчиси -көлмөнү же анын айрым тилкелери пайдаланууга алган пайдалануучуга берилет.
9. Көлмөнү же анын айрым тилкелерин бекитип берүү бүтүмүнүн негизинде пайдалануучуга бекитилип берилген көлмөлөрдө же анын айрым тилкелеринде балык уулоо, кармоого укук берген балык уулоо жана эсепке алуу документтери берилет.
10. Табыгий жана жасалма көлмөлөрдө балык чарбаларын уюштуруу жана балык уулоону жүргүзүү үчүн балык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, балыктын жашаган, өстүрүлгөн жана кармалган чөйрөсү катары көлмөлөрдүн же анын айрым тилкелеринин суу акваторияларын (суу мейкиндигин) пайдалануучуга бекитип берет.
11. Балык өстүрүү жана балык багуу максаттарында көлмөлөрдү жана балык уулоо тилкелерин бекитип берүү он жылдык мөөнөткө аткарылат, ал эми балык уулоо максаттарына бир жылдык мөөнөткө берилет. Бүтүм ага эки тарап кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
12. Пайдалануучуга балык өстүрүү, балык көбөйтүү же балык уулоо максаттарында бекитилп берилген көлмөлөрдү жана балык уулоо тилкелерин субижарага берүүгө тыюу салынат.
13. Эгерде пайдалануучуга бекитилип берилген көлмө же балык уулоо тилкеси масаттуулугу боюнча колдонулбаса, же пайдалануучу тарабынан келишим шарттары ар дайым бузулуп же аткарылбай келсе, бүтүм балык чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгары укуктуу орган тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн.
14. Көлмөнү максаттуулугу боюнча пайдаланбай коюу же көлмөнү тараптар ортосунда келишилген бүтүмдө каралбаган максаттарда пайдалануу, көлмөнү же анын айрым тилкелерин балык чарбасы үчүн пайдаланууга каралган белгиленген акыны төлөөдөн бошотпойт.
III. Балык өстүрүү жана балык көбөйтүү максаттарында
суу объекттерин пайдалануу үчүн акынын өлчөмүн
аныктоонун ыкмасы
15. Пайдалануучуга бекитилип берилген көлмөнүн же анын арым тилкелеринин авкаториясынын аянты суу күзгүсүнүн үстү боюнча суу акваториясы менен белгиленген чектер менен, же болбосо көлмөнүн айрым тилкелерин пайдалануучулар ортосунда бөлүштүрүү учурунда карта-чиймеде белгиленип түшүрүлгөн шарттуу чектер менен чектелет.
16. Көлмөнү балык өстүрүү жана балык көбөйтүү максаттарында пайдалануу учурунда акы, көлмөнүн же балык уулоо тилкесинин балык чарба паспортунун негизинде суунун күзгүсүнүн үстү (суу акваториясынын аянты) менен аныкталат, мында, көлмөнүнү акваториясынын аянты жасалма көлмөдөгү суунун кымылына жараша өзгөрүп турушу мүмкүн.
17. Балык өстүрүү жана балык көбөйтүү максаттарында суу объекттерин пайдалануу үчүн акынын өлчөмү, товардык балыкты жана балык олтургузуу материалдарын өстүрүү үчүн көлмөлөрдүн табыгий азык базаларын (зоопланктон, зообентос) колдонуунуни эсебинен көлмөлөрдүн балык өндүрүмдүүлүгүнүн табийгуулугуна жараша арныкталат.
18. Суу объекттерин пайдаланууга акынын өлчөмүн эсептеп чыгуу төмөнкү форма боюнча аныкталат:
П = ФпхК1хК2хК3хК4хS, мында
П-пайдалануу үчүн акынын өлчөмү (1 вегитациялык сезгил үчүн сом менен);
Фп – суу объектисинин суу күзгүсүнүн 1 га аянты үчүн акынын белгиленген чоңдугу;
К1 – көлмөнүн түрүн эске алган коэффициенти (1-таблица);
К2 –кыртыш сапатын эске алган көлмөлөрдүн табыгий өндүрүмдүүлүгүнө коэффициенти(2-таблица);
К3 – суу объектисинин тереңдигин эске алган коэффициенти (3-таблица);
К4 – суу объектисинин жогорку жана суу өсүмдүктөрү менен өсүп кетишин эске алган коэффициенти (4-таблица);
S – суу объектисинин суу күзгүсү.
19. Акынын катталган чоңдугун аныктоо төмөнкүдөй аткарылат:
1) Катталган чоңдугун эсептеп чыгуу үчүн көлмөнүнү эң төмөн табыгий балык өндүрүмдүүлүгү алынган (атап айтсак, суу сактагыч, БДР, БСР), башкача айтканда, бир вегетациялык мезгил ичинде көлмөнүн аянтынын 1 гектарынан табыгий гидробионттор азыктык базасын керектеген балыктын массасынын өсүшү.
Зообентос өндүрүмүнүн эсебинен балык өндүрүмдүүлүккө баа берүү үчүн орточо өндүрүм-биомассалык коэфицциент (Р/В) колдонулат, ал өндүрүмдүн өсүш арымынын (Р) 5 деген мааниге ээ орточо биомассасына (В) таасири болуп саналат.
Зообентос боюнча мүмкүн болуучу балык өндүрүмдүүлүгүнүн эсептеп чыгуусу төмөнкү формула боюнча өткөрүлөт:
V – балыктын зообентос организмдеринин эсебинен өндүрүмдүүлүгүнүн өлчөмү;
S –биотоп/көлмө аянты;
В –зообентостун орточо биомассасы, г/м2;
R-зообентостун балык-бентофагдар тарабынан пайдалануусу коэффициент коэффициенти - 70%;
КК – зообентос организмдеринин азыктык коэффициенти-6 түзөт.
2) Зооплактон боюнча балык өндүрүмүн эсептеп чыгуу төмөнкү формула боюнча жүзөгө ашырылат (бүтүндөй вегетациялык мезгилге бардык көрсөткүчтөр орточо):
V - зоопланктондор эсебинен балык өндүрүмүнүн өлчөмү;
W-суунун өлчөмү;
В- зоопланктондун орточо биомассасы, г/м3;
R -зоопланктонду балыктар тарабынан колдонуу коэффициенти, ал– 50% түзүт; АК -зоопланктондун азык коэффициенти, ал зоопланктон организмдери үчүн - 10 түзөт.
Эсептеп чыгуулар
3) Зообентос боюнча (иш жүзүндө) Биздин суу сактагычтар үчүн эсептеп чыгуу (зообентостун орточо биомассасы - 27,7 мг/м2же 0,0277 г/м2):
Бардыгы болуп: 807,9 мг/м2же 8,0 кг/га
4) Зоопланктон боюнча (иш жүзүндөгү) зоопланктондун орточо биомассасы -5,6мг/м3:
Бардыгы болуп: 140мг/ м3же 1,4 кг/га
5) Жыйынтыгында: 8,0 кг + 1,4 кг = 9,4 кг/ га жалпы балык өндүрүмү.
6) 9,4 кг/гаХ30 сом (өсүмдүк менен тамактанган балыктар чени) = 282 сом.
7) 9,4 кг/гах50 сом (лосось жана сига балыктар чени) = 470 сом.
8)(282 сом + 470 сом)/2 = 376 сом – бул,көлмөнүн бир вегетациялык мезгил ичинде 1 гектар суу күзгүсүн пайдалануу үчүн акы өлчөмүнүн катталган чоңдугу.
20. Коэффициенттердин мааниси:
Суу объектисинин түрүн эсепке алган
коэффициенттин мааниси (К1)
1-таблица
№ | Суу объектисинин түрү | Коэффициенттин мааниси |
1 | Суу сактагыч | 1.0 |
2 | Авиз | 1.1 |
3 | Көл | 1.2 |
4 | Туюк табыгий көлмө (карьер) | 1.2 |