Редакцияот 11.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРЛИГИ

БУЙРУК

2019-жылдын 11-апрели № 3

«6-КРАЭ. Аба кемелерин эксплуатациялоо. Вертолеттор» III-чү Бөлүк Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежесин бекитүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 токтомуна ылайык, Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун стандарттары жана сунушталуучу тажрыйбасы менен максималдуу бир түрдүүлүктү камсыз кылуу максатында,

БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Расмий тилде тиркелген «6-КРАЭ. Аба кемелерин эксплуатациялоо. Вертолеттор» III-чү бөлүк Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежеси бекитилсин.

2. Бул буйрук расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кире тургандыгы бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги бул буйрукту аткарууга кабыл алсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Ж.А.Ногойбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж.Бейшенов