Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2019-жылдын 23-мая №77
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү алкагында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борбору берген төмөнкү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттери (1-тиркеме) бекитилсин:
1) Кошумча кесиптик билим берүү (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеси) 1-главасынын 66-пункту);
2) Аккредиттелген лабораториялардын ишин инспекциялык контролдоону эске алуу менен эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык лабораториялардын компетенттүүлүгүн ырастоо (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеси) 4-главасынын 46-пункту);
3) Продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоо боюнча аккредиттелген органдын ишин инспекциялык контролдоону эске алуу менен эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификациялоо боюнча органдын компетенттүүлүгүн ырастоо (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеси) 4-главасынын 47-пункту);
4) Менеджмент системасын сертификациялоо боюнча аккредиттелген органдын ишин инспекциялык контролдоону эске алуу менен эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык менеджмент системасын сертификациялоо боюнча органдын компетенттүүлүгүн ырастоо (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеси) 4-главасынын 48-пункту);
5) Персоналды сертификациялоо боюнча аккредиттелген органдын ишин инспекциялык контролдоону эске алуу менен эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык персоналды сертификациялоо боюнча органдын компетенттүүлүгүн ырастоо (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеси) 4-главасынын 49-пункту);
6) Контролдоонун аккредиттелген органынын ишин инспекциялык контролдоону эске алуу менен эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык контролдоо органынын компетенттүүлүгүн ырастоо (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеси) 4-главасынын 50-пункту);
7) Табыштама жана келишимдер боюнча шайкештиги милдеттүү ырасталууга жаткан, адамдардын өмүрү жана ден соолугу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр, айлана-чөйрө үчүн коопсуз тамак-аш продукциясына, эл керектөөчү товарларга, күйүүчү-майлоочу майларга, машина куруучу, электр-техникалык продукцияларга шайкештик тастыктамаларын берүү (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеси) 4-главасынын 91-пункту);
8) Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттарынын, стандартташтыруу эрежелеринин жана стандартташтыруу чөйрөсүндөгү сунуштардын, мекемелердин стандарттарынын долбоорлоруна экспертизаларды жүргүзүү (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеси) 5-главасынын 7-пункту);
9) Табыштамалар жана келишимдер боюнча шайкештиги милдеттүү ырасталууга жаткан, адамдардын өмүрү жана ден соолугу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр, айлана-чөйрө үчүн кооптуу тамак-аш продукциясын, эл керектөөчү товарларды, күйүүчү-майлоочу майларды, машина куруучу, электр-техникалык продукцияларды аныктоо үчүн лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеси) 5-главасынын 43-пункту);
10) Табыштамалар жана келишимдер боюнча тийиштүү түрдөгү документ берүү менен ченөө каражаттарын текшерүү жана калибрлөө (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеси) 5-главасынын 44-пункту);
11) Кардарлардын табыштамасы боюнча белгиленген түрдөгү документ берүү менен ченөө каражаттарынын тибин бекитүү же метрологиялык аттестациялоо (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеси) 5-главасынын 45-пункту);
12) Стандартташтыруу боюнча кагаз же электрондук түрдөгү документтерди издөө, ылгоо жана көчүрмөсүн берүү жана керектөөчүлөрдү информациялык абонент боюнча тейлөө (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмеси) 6-главасынын 11-пункту).
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору:
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген административдик регламентине ылайык сунуштоо боюнча иштерди уюштурсун;
- мындан ары мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чараларды көрсүн.
4. Уюштуруу-техникалык жана финансылык камсыздоо башкармалыгынын контролдоо жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин кызыкдар болгон түзүмдүк бөлүмдөрүнө тааныштырсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы А. Шаршеевге жүктөлсүн.
Министр | О.Панкратов |
Тиркеме 1
“Бекитилди”
Кыргыз Республикасынын
Экономика министрлигинин
20___-ж. «____»___________
№______ буйругу менен
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын административдик регламенти
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти
“Кошумча кесиптик билим берүү” (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Бирдиктүү реестрдин 1-главасынын 66-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтарды (тизмеги) көрсөткөн аткаруу бийлик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери).
1. Жалпы жобо
1. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун алдындагы Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кесиптик кайрадан даярдоо (мындан ары-КЖБ жана ККД) борбору тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Бул кызматтардын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 токтому менен бекитилген тиешелүү стандарттын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты менен берилген негизги ченемдер (параметрлер):
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: 108 сааттан ашык эмес.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
а) керектөөчүдөн табыштама (коштомо кат),
б) паспортунун көчүрмөсү,
в) орто же жогорку билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы-Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор тарабынан бекитилген билим берүү кызматтарына баалардын колдонуудагы прейскурантына ылайык.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: ишканалардын жана уюмдардын адистерин стандартташтыруу, метрология, сертификациялоо, техникалык регламенттер, аккредитациялоо, эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча стандарттар жана эмгек мыйзамдары менен окутуу.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү төмөнкү жол-жоболордун топтомун камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жоболордун аталыштары | Эскертүү |
1 | Өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана керектөөчүлөрдү каттоо же баш тартуу | Арыздарды кабыл алуу электрондук жана жазуу жүзүндө жүзөгө ашырылат.
Каттоо анкеталоо жолу менен жүргүзүлөт. Баш тартуу кат жүзүндө жана/же электрондук centr-pk@yandex.ru дареги менен жүргүзүлөт.
|
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү | Кызмат талап кылынган темалар боюнча көрсөтүлөт. |
3 | Сертификаттарды берүү | Сертификаттар мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн аягында берилет |