Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК ЖАНА
СОЦИАЛДЫК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2019-жылдын 29-майы № 1
Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияны чектөөнүн тартиби жөнүндө Усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 15-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” № 530 токтомун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы №795 “Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө” токтомун (мындан ары- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №795 токтому) иш жүзүнө ашыруу масатында
БУЙРУК КЫЛАМ
1. Бекитилсин:
1) “Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияны чектөөнүн тартиби жөнүндө Усулдук сунуштар” 1 - тиркемеге ылайык;
2) “Ай сайынкы акчалай компенсация чектөө жөнүндө арыз” формасы 2- тиркемеге ылайык;
3) “Ай сайынкы акчалай компенсация чектөөнү катоо журналы” формасы 3- тиркемеге ылайык;
4) “Ай сайынкы акчалай компенсация алуучуга Кабарлама” формасы 4- тиркемеге ылайык;
5) “Территориалдык мамлекеттик уюмдарга суроо-талап” формасы 5- тиркемеге ылайык;
6) "МСЭКтин күбөлөндүрүү актысынын көчүрмөсү" формасы 6- тиркемеге ылайык;
7) “Ай сайынкы акчалай компенсация алуучуну эсептен чыгаруу арызы” формасы 7- тиркемеге ылайык;
8) “Категория боюнча акчалай компенсация алуучулардын саны тууралуу маалымат (район/шаар, облус аралык)” формасы 8- тиркемеге ылайык.
2. Социалдык камсыз кылуу департаменти, Ички аудит бөлүмү, Маалыматтык технологиялар бөлүмү, райондук, шаардык, райондор аралык эмгек жана социлдык өнүгүү башкармалыктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №795 токтому жана жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация (мындан ары – ай сайынкы компенсация) берүүнү камсыз кылган башка ченемдик укуктук актылар менен бирге колдонулуучу бул буйрукту жетекчиликке алсын жана катуу ишке ашырууну камсыз кылсын.
3. Социалдык камсыз кылуу департаменти ай сайынкы компенсацияны дайындоо маселелесин тиркелген буйрукту эске алуу менен туруктуу негизде райондук, шаардык, райондор аралык эмгек жана социлдык өнүгүү башкармалыктарына практикалык жана методикалык жардамды көрсөтсүн.
4. Райондук, шаардык, райондор аралык эмгек жана социлдык өнүгүү башкармалыктарынын башчылары:
1) ай сайынкы компенсацияны дайындоо Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасы (мындан ары – СЖКМС) аркылуу ишке ашырылсын.
2) ай сайынкы компенсация жөнүндө калк арасында үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин жүргүзүлсүн;
3) ай сайынкы компенсацияларды алууга укугу бар адамдарга тиешелүү документтерди тариздөөгө жардам көрсөтсүн;
4) ай сайынкы компенсация алуучулардын арасынан чыгып жаткан жарандардын жеке иштерин архивге өз убагында өткөзүүнү тариздесин.
5. Райондук, шаардык, райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктарынын башчыларына ай сайынкы компенсацияны өз убагында туура чектөө жоопкерчилиги жүктөлсүн.
6. Маалыматтык технологиялар бөлүмү:
1) СЖКМС ай сайынкы компенсацияны дайындоо боюнча, ошондой эле кириш жана чыгыш маалыматтарын түзүү иштерин калыптандырсын;
2) Мамлекеттик органдардын маалыматтык системаларын жана ички ведомстволорунун маалыматтык системаларын СЖКМТ аркылуу көмөк көрсөтсүн;
3) СЖКМС маалыматтарды “Мамлекеттик кызматтардын электрондук порталы” сайтындагы маалыматтар менен интеграциялоо жана кайра иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылсын;
4) Бул буйрук күчүнө киргенден кийин үч жумушчу күндүн ичинде буйрукту Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин веб-сайтына жана ftp-серверине жайгаштырууну камсыздасын.
7. Үй-бүлөөнү, балдарды колдоо жана мамлекеттик төлөмдөр башкармалыгы:
1) бул буйрукту каттаган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде рассмий жарыялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберсин;
2) бул буйрукту рассмий жарыяланган күндөн кийин үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана рассмий тилдеринде, кагаз жана электрондук түрүндө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актыларынын тизмесине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
3) бул буйруктун көчүрмөсү үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат катары жиберүүнү камсыздасын.
8. Ушул буйрук рассмий түрдө чыккандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде күчүнө кирет.
9. Документтик камсыз кылуу жана административдик колдоо бөлүмү ушул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.
10. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары А.К. Солтонбековага жүктөлсүн.
Төрага | У.Кочкоров |
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2019 ж.
“_______” _________ № _____
буйругуна 1-тиркеме
1. Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияларды дайындоонун тартиби жөнүндө Усулдук көрсөтмөлөр (мындан ары - Усулдук көрсөтмөлөр) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн:
- 2014-жылдын 15-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” №530;
- 2009-жылдын 22-декабрындагы “Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө” №795 (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №795 токтому) токтомдорун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
2. Жеңилдиктердин ордуна берилүүчү ай сайынкы акчалай компенсация (мындан ары - ай сайынкы компенсациялар) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №795 токтому менен бекитилген “Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияларды чектөөнүн тартиби жөнүндө” Жобого ылайык берилет (мындан ары - Жобо).
Жобо бул усулдук көрсөтмөлөр жана ай сайынкы компенсацияларды берүү маселелер боюнча ченемдик укуктук актылар менен бирге иштөө үчүн колдонулуучу негизги документ болуп эсептелет.
3. Эмгек жана социалдык өнүгүү аймактык бөлүмдөрүнүн жана Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын (мындан ары- МСЭК), ошондой эле аймактык мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча электрондук кызматташуу толук күчүнө киргенге чейин ай сайынкы акчалай компенсацияларды дайындо жарым-жартылай электрондук жана кагаз жүзүндө (сканирленген документтерди колдонуу жана Министрликтин ички электрондук почтасы zimbra аркылуу) жүзөгө ашырылат.
4. 2009-жылдын 31-декабрына чейин берилип келген жеңилдиктердин ордуна жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсациялар 2010-жылдын 1-январынан тартып дайындалат жана төлөнөт.
Компенсация алууга укугу бар жарандардын категориялары жана алардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 795 токтомунун 1- тиркемесинде көрсөтүлгөн.
5. Бир нече негиз боюнча ай сайынкы компенсация алууга укугу бар адамдарга ай сайынкы компенсация алуу үчүн бир негизди гана тандап алууга укук берилет.
1-мисал, эгерде Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусунун жесири ооруктун эмгекчиси дагы болуп эсептелсе, анда ал ай сайынкы компенсация дайындоо үчүн бул эки категориянын бирин тандашы керек.
2-мисал, эгерде көрүүсү боюнча же угуусу боюнча ДМЧА бир эле учурда өлгөн аскер кызматчысынын үй-бүлө мүчөсү (жубайы же каза болгондун ата- энеси) жана дагы “Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору” болуп эсептелсе, анда ал бул категориянын бирин гана тандашы керек.
Башкача айтканда, эгерде бир эле адам Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 795 токтомундагы 1-тиркемеде көрсөтүлгөн 25 категориянын бир нече категориясына таандык болсо, анда ал өз каалоосу боюнча бир категория боюнча гана ай сайынкы компенсация алганга укуктуу болот.
6. Социалдык стационардык мекемелерде жашаган (республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан каржыланган) адамдарга, ай сайынкы компенсация дайындоо, баардык керектүү документтердин негизинде компенсация алууга статусу тастыкталган учурда социалдык стационардык мекемелердин жайгашкан орду боюнча район, шаар, район аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыктары (мындан ары - ЭСƟБ) тарабынан жүргүзүлөт.
7. Көрүүсү боюнча III топтогу жана “жалпы оорудан” көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар (көрүүсү, угуусу боюнча) ай сайынкы компенсация алууга укуктуу эмес.
Ушуну менен бирге, эгерде көрсөтүлгөн категориядагы жарандар 2013-жылдын 21-майына чейинки мезгилде ЭСƟБда эсепте турган болсо, анда алардын ай сайынкы компенсация алуу укугу:
- көрүүсү боюнча III топтогу жана “жалпы оорудан” көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - III топтогу ДМЧА) - майыптыктын мөөнөтү аяктаганга чейин;
- көрүүсү, угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар (мындан ары – ДМЧ бала) – 18 жашка толгонго чейин сакталат.
3-мисал, көрүүсү боюнча III топтогу жана “жалпы оорудан” көрүүсү боюнча ден соолугугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам 2013-жылдын 21-майына чейинки мезгилде ЭСƟБ эсепте турган, 2018-жылдын 8-августунда майыптуулуктун мөөнөтү аяктайт. Эгерде, күбөлөндүрүлгөндөн кийин МСЭК майыптыктын мөөнөтүн узартып жана көрүүсү боюнча III топтогу жана “жалпы оорудан” көрүүсү боюнча сакталса, бул учурда ай сайынкы компенсацияны төлөө 2018-жылдын 1-сентябрынан баштап токтотулат.
Эгерде, күбөлөндүрүүдөн өткөндө МСЭК көрүүсү боюнча I жана II топтогу майыптыкты белгилесе, анда ай сайынкы компенсацияны төлөө 2018-жылдын 1-сентябрынан кайра улантылып төлөнөт.
4-мисал, 2013-жылдын 21-майына чейинки мезгилде ЭСƟБда эсепте турган ДМЧ баланын майыптыгынын мөөнөтү 2018-жылдын 2-августунда бүтөт, бирок бала 18 жашка чыга элек. Бул учурда, эгерде МСЭК майыптыктын мөөнөтүн узартса, анда ДМЧ балага ай сайынкы компенсацияны төлөө токтотулган айдан кайра улантылат.
Ай сайынкы компенсацияны төлөө 2018-жылдын 1-сентябрынан баштап токтотулат:
- эгерде күбөлөндүрүүдөн өткөндө МСЭК ДМЧ баланы 18-жашка чыккандыгына байланыштуу эсептен чыгарса;
- эгерде МСЭК көрүүсү боюнча 3-топтогу майыптык дайындалса.
Эгерде ошол алуучуга көрүүсү боюнча I жана II топтогу ДМЧА дайындалса, анда ай сайынкы компенсацияны төлөө узартылат.
8. Эгерде, бир үй-бүлөдө ай сайынкы компенсацияны алууга укугу бар бир нече адам жашаган учурда (Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу жана ооруктун эмгекчиси, 2 адамы реабилитацияланган, 3 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар көрүүсү боюнча ж.б.) ай сайынкы компенсация ар бирине өзүнчө дайындалат.
9. Ай сайынкы компенсацияны алууга укугу бар “Каза болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү”, “Чернобыль АЭСнин катышуучуларынын үй-бүлөлөрү” жана “Жесир аял” категориясындагы үй-бүлө мүчөлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- курман болгон же кайтыш болгон адамдын экинчи ирет никеге турбаган аялы (күйөөсү);
- никеге турбай курман болгон, кайтыш болгон адамдын ата-энелеринин бирөө.
Эгерде курман болгон же кайтыш болгон адамдын аялы (күйөөсү) экинчи ирет никеге турган болсо, анда ай сайынкы компенсацияны дайындоо укугуна ээ болбойт.
Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү ай сайынкы компенсация укугуна ээ эмес.
10. 1988-1989-жылдардагы Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышып каза болгон адамдардын үй-бүлөлөрү ай сайынкы компенсация алуу укугуна ээ эмес.
11. Эгерде ЧАЭСтин катышуучусу никеде туруп ажырашып кетсе жана Чернобылдан кийин кайра катталган расмий никеден жана никесиз төрөлгөн 18 жашка чейинки жаштагы мындай балдарга, баардык керектүү документтери бар болгон учурда гана акчалай компенсация дайындалат.
12. Кыргыз мамлекеттик медициналык-дозиметриялык регистринин маалымкатында 18 жашка чейинки курактагы баланын диагнозунда баланын ден соолугу чың деп белгиленген учурда, андай бала ай сайынкы компенсация алуу укугуна ээ эмес.
13. Кыргыз Республикасынын граждандарынын катышуусу менен согуш аракеттери жүргөн мамлекеттердин, шаарлардын, аймактардын жана мезгилдердин тизмеси ушул Методикалык көрсөтмөнүн 1-таблицасында көрсөтүлгөн.
14. Тажик-оган чек арасында кызмат өтөгөн аскер кызматчылары "башка мамлекеттердин аймагында согуш аракеттеринин катышуучусу" категориясындагы адамдарга таандык болушпайт, анткени тажик-оган чек ара участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусу менен согуш аракеттер мамлекет, шаар, аймактар тизмесине кирбейт демек, ай сайынкы компенсация алганга укуктары жок.
15. Ички иштер органдарында кызмат өтөгөн мезгилде майыптыкка кабылган, ички иштер органдарынын кызматчылары ай сайынкы компенсация алуу укугуна ээ эмес.
Алар Кыргыз Республикасынын "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамына ылайык пенсия алганга укуктуу.
16. Буйруктун 2-тиркемесиндеги ай сайынкы компенсация дайындоо жөнүндөгү арызга ай сайынкы компенсация алуучу адамдардын баардык категориялары үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашагандыгын ырастаган документ болуп колдонушунун анык мөөнөтү бар аймактык паспорттук бөлүмдөрүнүн жана каттоо иши берген төмөнкү документтер:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорттон тышкары) же КМШ өлкөлөрүнүн биринин чет элдик жаранынын паспорту;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын келген жеринен убактылуу каттоосу жөнүндө маалымкат;
- арыз берүүчү КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны болуп эсептелген туруктуу жашап туруу укугу тиркелет;
Арыз берүүчүлөрдүн категорияларына жараша Жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн документтер милдеттүү түрдө арызга тиркелет.
17. Милдеттүү түрдө тапшырылган документтердин көчүрмөлөрү түпнускалар менен салыштырат жана дайындоо же узартуу үчүн кабыл алынган документтерге алардын окшоштугун далилдеп тастыктап (түпнускага далкелүүсүн) ЭСƟБнын адиси виза коет, аймактык социалдык өнүгүүнүн бөлүмүнүн гербдүү мөөрү менен ынандырылат.
18. ДМЧА майыптыгы жөнүндө тастыктоочу документти, арыз ээси (алуучунун) майыптыгынын мөөнөтү же үй-бүлө мүчөсүнүн, ай сайынкы компенсация алуучунун категориясына жараша ЭСƟБнын адиси өз алдынча медициналык – социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары – МСЭК) базасы аркылуу, Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасынын (мындан ары – СЖКМС) маалыматтар базасы жардамы менен түзөт. Майыптыкты тастыктоо жөнүндө документ алуучунун жеке ишине тиркелет, буйруктун 6-тиркемеси.
Ай сайын компенсация алуучунун категориясы | МСЭКтин маалымкатындагы зарыл богон жазуу |
УАСтун майыбы | а)“Улуу Ата мекендик согушу мезгилинде фронтко келүүсүнө байланыштуу жаракат (жараат) алынган”; б) “жаракат (жараат) СССРди коргоодо алынган. |
Интернационалист- майып | а) “жараттын, контузиянын, мертинүүнүн айынан майыптык алган”; б) ооруну, кызматтык милдеттерин согуш аракеттери жүргөн мамлекеттерде өтөө мезгилинде алган” |
Советтик армиянын майыбы | МСЭКтин 2010-жылга чейин берилген маалымкатында - “аскер кызматынын милдеттерин аткаруу учурунда жаракат (травма) алганы жөнүндө”; МСЭКтин 2010-жылдан баштап берилген маалымкатында - а) “аскер кызматынын милдеттерин аткаруу учурунда аскердик жаракат”; б) оору "аскер кызматын өтөө мезгилинде алынган" в) оору “жок, аскердик кызматына байланыштуу эмес”; г) жаракат “жок, аскердик кызматка байланыштуу эмес”. |
ЧАЭС майыбы | а)“жаракатты аскер кызматынын милдеттерин аткаруу учурунда, Чернобыль АЭСинде жана башка ядролук объекттердеги кыйроолордун кесепетинен жоюуу (аскер кызматчылары үчүн) учурунда алган”; б) оору ЧАЭСтеги кыйроого байланыштуу, (Чернобыль АЭСинде кыйроодо жабыр тарткан майыптар) ишканалардын жолдомолору боюнча жана четтетүү аймагында жашаган адамдар” |
Реабилитацияланган жарандар, ар кандай оорудан майыптык алгандар | а)“ I топтогу майып ”; б)“ II топтогу майып”; в)“III топтогу майып” |
Ар кандай оорудан майыптык тобу бар ооруктун эмгекчилери | а)“ I топтогу майып ”; б)“ II топтогу майып”; в)“III топтогу майып” |
Көрүүсү боюнча ДМЧА | а) “I топтогу көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам”; б)“II топтогу көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам” |
Угуусу боюнчаи ДМЧА | “бала кезинен угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам” |