Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2019-жылдын 16-июлу № 614
КРнын ИИМдин Академиясынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүсүнүн административдик регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем чыгаруу укуктарын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине берүүнүн алкагында 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтому менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн Бирдиктүү реестринин (тизим) 1-главасына ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн админстративдик регламенти бекитилсин:
- 48-п. Аныкталган квотадан тышкары күндүзгү окуу формасы, бакалавр даярдоо программалары боюнча жогорку кесиптик билим берүүнү сунуштоо (мамлекеттик буйрутма), 1-тиркемеге ылайык;
- 49-п. Аныкталган квотадан сырттан окуу формасы, бакалавр даярдоо программалары боюнча жогорку кесиптик билим берүүнү сунуштоо (мамлекеттик буйрутма), 2-тиркемеге ылайык;
- 51-п. Дистанттык формада билим берүү, бакалавр даярдоо программалары боюнча жогорку кесиптик билим берүүнү сунуштоо (мамлекеттик буйрутма), 3-тиркемеге ылайык;
- 54-п. Аныкталган квотадан тышкары күндүзгү окуу формасы, адистери даярдоо программалары боюнча жогорку кесиптик билим берүүнү сунуштоо (мамлекеттик буйрутма), 4-тиркемеге ылайык;
- 55-п. Сырттан окуу формасы, адистерди даярдоо программалары боюнча жогорку кесиптик билим берүүнү сунуштоо, 5-тиркемеге ылайык;
- 57-п. Дистанттык формада билим берүү, адистерди даярдоо программалары боюнча жогорку кесиптик билим берүүнү сунуштоо, 6-тиркемеге ылайык;
- 60-п. Аныкталган квотадан тышкары күндүзгү окуу формасы, магистр даярдоо программалары боюнча жогорку кесиптик билим берүүнү сунуштоо (мамлекеттик буйрутма), 7-тиркемеге ылайык;
- 61-п. Сырттан окуу формасы, магистр даярдоо программалары боюнча жогорку кесиптик билим берүүнү сунуштоо, 8-тиркемеге ылайык;
- 62-п. Дистанттык формада окутуу, магистр даярдоо программалары боюнча жогорку кесиптик билим берүүнү сунуштоо, 9-тиркемеге ылайык;
- 65-п. Аныкталган квотадан тышкары Жогорку окуу жайдан кийинки (изденүүчү, аспирант, адъюнктура, докторантура) кесиптик билим берүүнү сунуштоо (мамлекеттик буйрутма), 10-тиркемеге ылайык;
- 66-п. Кошумча кесиптик билим берүүнү сунуштоо 11-тиркемеге ылайык;
- 67-п. Алган адистигинин базасында, кошумча квалификация ыйгаруу менен, жогорку билимине кошумча кесиптик кайра даярдоо, 12-тиркеме ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги (А.К. Бийбосунов):
2.1. Буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентин милдеттүү түрдө жетекчиликке алсын.
2.2. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентин Кыргыз Республикасынын ИИМдин атайын сайтына жайгаштырууну камсыздасын.
3. Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2018-жылдын 2-июлундагы №640 “Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентин бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготуу деп эсептелсин.
4. Бул буйруктун аткарылышына жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальниги, милициянын полковниги А.К. Бийбосуновго жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору С.А. Омурзаковго жүктөлсүн.
6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Буйрук тиешелүүлөргө жарыялансын.
Министр | К. Джунушалиев |
Кыргыз Республикасынын ИИМдин
20____ «___» __________ буйругуна № _____ Тиркеме ______
1.Сунушталган мамлекеттик кызмат жүзөгө ашырылат:
Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясы тарабынан (мы-ндан ары - ИИМдин Академиясы).
“Бакалавр боюнча жогорку профессионалдык билимге ээ болуу, кундузгу окуу болуму боюнча бекитилген жогорку квота ( мамлекеттик заказ)” (мындан ары административдик регламент) кызматтардын административдик регламенти ушул кызматтарды сунуштоо боюнча административдик-башкаруучулук процесстерди оптимизациялоо, ошондой эле аны сунуштаган кызмат адамдарынын кесиптик жоопкерчилигин жогорулатуу максатында иштелип чыкты (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген, аткаруу бийлик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөткөн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри 1-глава 48-пункт)
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти 2014-жылдын 3-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүгө берилген жалпы убакыт: Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн документтерди кабыл алуу убактысы 40 мүнөттөн ашык эмес. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү сунуштоо жалпы мөөнөтү күндүзгү окуу боюнча 4 жыл, жалпы орто жана кесиптик билим базасында.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн тиешелүү документтердин тизмеси:
Талапкер төмөнкү документтерди тапшырат:
- арыз;
- паспорт;
- жалпы орто же кесиптик орто окуу жайын бүтүргөндүгү тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документ;
- автобиографиясы;
- аныкталган үлгүдөгу анкета;
- мүнөздөмө;
- жалпы республикалык тестирлөөдөгү сертификат;
- сүрөт (3x4 - 6 штук);
- Аскердик билет же кызматтык каттоо күбөлүк (аскерге милдеттүүлөр үчүн);
- медициналык маалымдамалары 086/у .
Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилген жеңилдетилген льготалар (ата-энесинин каза болгондугу тууралуу тастыктаманын көчүрмөсү, жалпы республикалык мектептер аралык олимпиаданын жеңүүчүсү, Кыргыз Республикалык эл аралык спорттун чебери ) кошумча документтерди талапкер чогултат.
Талапкерлер билим берүү мекемесине кабыл алынганда билими жөнүндө документинин жана жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификатынын түп нускасын тапшырууга милдеттүү.
Дипломду алганда төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:
- паспорт;
- обходной лист.
Дипломду дипломдун ээсинен башка киши алган учурда нотариус менен тастыкталган ишеним катты тапшыруу зарыл.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы (эгерде ал бекер болсо) же (эгерде ага акы төлөнсө) : Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясында (2017-жылдын 1- июлундагы № 232 буйругу менен) акы төлөп окутуу кызматынын баасы бекитилген “Кыргыз Республикасында акы төлөп окутуу кызматына тарифтерди колдонуу жана түзүү жөнүндө” Жобого ылайык түзүлөт жана 1 жылга 26400 сомду тузот.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: жогорку кесиптик билими академиялык степендеги “бакалавр” ыйгаруу жонундогу мамлекеттик үлгүдөгү диплом.
2. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоо процессинде аткарылуучу процедуралардын тизмеси
4. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоо процесси өзүнө төмөнкү процедураларды камтыйт:
№ | Процедуралардын аталышы | Эскертүү |
1. | №1 процедура. Талапкердин өздүк делосу, арызын каттоо жана кабыл алуу. |
|
2. | №2 процедура. ИИМдин Академиясынын жетекчилиги талапкерлердин өздүк делосу кароосу. |
|
3. | №3 процедура. Талапкерлердин өздүк делосун, арызын жана ЖРТ талонун карап чыгуу |
|
4. | №4 процедура. Окууга талапкерлерди киргизүү |
|
5. | № 5 процедура. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү сунуштоонун шарттары. |
|
6. | № 6 процедура. Окутуу кызматын сунуштоо. |
|
7. | №7 процедура. Окутуу кызматынын жыйынтыгы. |
|