Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Айыл чарба министрлигинин
2023-жылдын 29-ноябрындагы № 431-НИ буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| КыргызРеспубликасынынАйыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2-тиркеме
|
Кыргыз Республикасынын аймагындагы карантинге алынган объекттерди карантиндик фитосанитардык текшерүү
Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын аймагында карантинге алынган объекттерди карантиндик фитосанитардык текшерүү тартиби (мындан ары -Тартип) Кыргыз Республикасынын аймагында карантиндик фитосанитардык коопсуздукту камсыздоого жана карантиндик объекттердин популяцияларын аныктоого багытталган.
2. Айыл чарба, токой, суу жана башка багыттагы жерлер, өсүмдүктөр топтолгон жана дарыланган жерлер, өсүмдүктөрдөн жасалган продукциялар жана башка карантинге алынган материалдар (мындан ары – карантинге алынган объекттер), менчигинин түрүнө карабастан, карантиндик фитосанитардык текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
3. Евразиялык экономикалык кеңештин 2016-жылдын 30-ноябрындагы №158 чечими менен бекитилген, Евразиялык экономикалык бирлигинин Карантиндик объекттердин бирдиктүү тизмесинде белгиленген ар бир карантиндик объектке карантиндик фитосанитардык текшерүү жүргүзүлөт (мындан ары – Тизме).
4. Карантиндик фитосанитардык текшерүүлөр контролдук карантиндик фитосанитардык текшерүүлөргө (мындан ары – контролдук текшерүүлөр) жана системалык түрдөгү карантиндик фитосанитардык текшерүүлөргө (мындан ары – системалык түрдөгү текшерүүлөр) бөлүнөт.
Контролдук текшерүүлөр өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык башкармалыгы (мындан ары – аймактык башкармалык) тарабынан, карантиндик фитосанитардык зонанын же карантиндик объекттердин эркин зонасынын чек арасын аныктоо (тактоо), ошондой эле карантиндик объекттердин ээлеринин өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана эл аралык актылардын талаптарынын сакталышын контролдоо максатында жүргүзүлөт.
Карантинге алынган объекттердин ээлери карантиндик организмдердин очокторун жоюуга жана локализациялоого багытталган, карантиндик объекттерди өз убагында табуу, алардын очокторунун чектерин аныктоо, карантиндик фитосанитардык режимди оптималдаштыруу максатында системалык түрдөгү текшерүүлөрдү жүргүзөт.
5. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лаборатория (мындан ары – лаборатория) текшерүү учурунда алынган үлгүлөрдү (сынамдарды) экспертизадан өткөрөт.
6. Текшерүү ченемдеринин жана текшерүү ыкмаларынын аныктамалары агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө мамлекеттик саясат жүргүзгөн аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген, зыяндуу организмдерди табуу жана идентификациялоо боюнча усулдук көрсөтмөлөрдө (мындан ары – Усулдук көрсөтмөлөр) берилген.
2. Карантиндик фитосанитардык текшерүүлөр
7. Карантинге алынган объекттер Кыргыз Республикасынын аймагында карантиндик фитосанитардык абалды аныктоо максатында карантиндик фитосанитардык текшерүүдөн өтүүгө тийиш.
8. Карантиндик фитосанитардык текшерүүлөр өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) тарабынан төмөнкү максатта жүргүзүлөт:
- карантиндик зыяндуу организмдерди эртерээк табуу;