Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобонун 6 пунктуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2024-жылдын 21-майындагы № 303 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| КР ИИМдин "28.04. 2020-ж. " № 306 буйругуна 1 тиркеме |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенти
"Тез от алуучу, катуу таасир этүүчү, уулуу, радиоактивдүү заттарды жана материалдарды коштоо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 8-главасынын 11-пункту)
1. Жалпы жобо
1. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөндөгүчө жүзөгө ашырылат:
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы тарабынан.
"Тез от алуучу, катуу таасир этүүчү, уулуу, радиоактивдүү заттарды жана материалдарды коштоо" мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн администрациялык регламенти (мындан ары – администрациялык регламент) бул мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча администрациялык-башкаруучулук процесстерди оптимизациялоо, ошондой эле аны көрсөтүү процессине тартылган кызмат адамдарынын жеке жоопкерчилигин жогорулатуу максатында иштелип чыккан (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 8-главасынын 11-пункту).
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн администрациялык регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тийиштүү стандартынын талаптарына ылайык келет;
3. Кызмат көрсөтүүнүн сандартында көрсөтүлгөн негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: мамлекеттик кызмат көрсөтүү табыштамада көрсөтүлгөн мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
(2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
а) мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн кооптуу жүктүн келүү жана кетүү датасын, убактысын, ордун көрсөтүү менен уюмдун/мекеменин бланкында толтурулган кат же электрондук табыштаманы берүү зарыл.
б) тез күйүүчү, күчтүү таасир этүүчү, уулуу, радиоактивдүү заттар жана жарылуучу материалдар бар жүктөрдү (кооптуу жүктөрдү) ташууга уруксат.
(3) кызмат көрсөтүүнүн өз наркы: мамлекеттик кызмат көрсөтүү акы төлөөнүн негизинде берилет. Кызмат көрсөтүүнүн наркы маалыматтык стенддерде жана расмий сайтта (mvd.kg) жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын сайтында (guobdd.kg) жайгаштырылган, Монополияга каршы орган тарабынан бекитилген (“Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББ тарабынан тез күйүүчү, күчтүү таасир этүүчү, уулуу, радиоактивдүү заттарды жана жарылуучу материалдарды коштолгондугу үчүн баалардын прейскурантын макулдашуу жөнүндө” 2018-жылдын 5-июлундагы № 19 буйрук).
Кызмат көрсөтүүнүн наркы авто унаа каражатынын факт жүзүндө жүргөндүгүнө (км/с), корогон убакытка жана коштоп барган адамдардын санына жараша аныкталат.