Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 24-мартындагы № 39-нпа буйругу менен бекитилген |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтер тутуму
ШААРЛАРДЫ ЖАНА ШААР ТИБИНДЕГИ КАЛКТУУ ПУНКТТАРДЫ
ПЛАНДАШТЫРУУ ЖАНА КУРУУ
ПЛАНИРОВКА И ЗАСТРОЙКА
ГОРОДОВ И НАСЕЛЕННЫХ ПУНКТОВ ГОРОДСКОГО ТИПА
Planning and building
cities and popular points of city type
Киргизүү датасы_____________
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 23-ноябрындагы № 58-нпа, 2024-жылдын 12-январындагы № 65-нпа, 2024-жылдын 28-августу № 77-чуа, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай - коммуналдык чарба министрлигинин 2025-жылдын 18-сентябрындагы № 96-чуа , 2025-жылдын 17-ноябрындагы № 101-чуа буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1 Жалпы жоболор
1.1 Ушул курулуш ченемдери шаардык калктуу конуштардын жаңыларын долбоорлоого жана мурункуларын кайра калыбына келтирүүгө жайылтылат жана өз ичине Кыргыз Республикасынын аймагындагы шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу конуштарды пландоо жана куруу боюнча суроолордун тартибинин жана негиздеринин негизги талаптарын камтыйт.
1.2 1994-жылдын 11-январындагы № 1372-XII “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектурасы жөнүндө”, 1991-жылдын 21-декабрындагы № 689-XII “Кыргыз Республикасындагы жеке турак жай курулушу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле архитектура, шаар куруу жана курулуш тармагындагы мыйзам актылары, шаар куруу, курулуш боюнча курулуш ченемдери жана эрежелери, стандарттар, нускамалар, көрсөтмөлөр жана башка шаар куруу чөйрөсүнө тиешелүү кабыл алынуучу актылар ушул курулуш ченемдеринин курамдык бөлүктөрү болуп саналат жана аны менен чогуу колдонулат.
1.3 Шаарлардын жана шаар тибиндеги калктуу конуштардын жаңы курулушу жана мурункуларын кайрадан калыбына келтирүү башкы пландарга, аймактарды пландоо жана куруу долбоорлоруна ылайык бекитилген, белгиленген тартипте жүргүзүлүүгө тийиш.
2 Курулуш ченемдерин колдонуу чөйрөсү
2.1 Ушул ченемдер жаңы жана калыбына келтирилүүчү шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу конуштарды долбоорлоого жайылтылат жана аларды пландоонун жана куруунун негизги талаптарын камтыйт.
2.2 Шаар тибиндеги калктуу конуштарды (жумушчу, курорттук) долбоорлоо кичине шаарлар үчүн белгиленген ченемдер боюнча, ошондой эле эсептик сандагы калкы менен долбоорлоонуусу керек.
3 Ушул курулуш ченеминде пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Бул документте тиешелүү аныктамалары менен төмөнкү терминдер колдонулат:
3.1 архитектуралык документтер (архитектуралык долбоор): Курулуш объектисинин документтерин андан ары иштеп чыгуу үчүн керек боло турган көлөмдө объектиге коюлуучу социалдык, экономикалык, функционалдык, инженердик, техникалык, өрткө каршы, санитардык-техникалык, экологиялык, архитектуралык-көркөм жана башка талаптарды комплекстүү түрдө эсепке алган, архитектуралык чечимдерди камтыган долбоордук документтин бөлүгү;
3.2. калктуу конуштардын башкы планы: Калктуу конуштардын аймактарынын өнүгүүсүн, келечектүү шаар курууну пландоо жөнүндө шаар куруу документи;
3.3. объектинин башкы планы: Объектинин (имараттын, курулманын, комплекстин) курулушунун аймактагы (жер тилкесиндеги) жайгашышын, транспорттук коммуникациялардын, инженердик тарамдардын тартылышын, комплекстүү абаттоону, жашылдандырууну, чарбалык тейлөөнү уюштурууну жана башка долбоорлонуучу объектинин жайгашуу орду менен байланышкан иш чараларды комплекстүү чечүү маселелерин камтыган долбоордун бөлүгү;
3.4. башкы долбоорчу: Инвестор же тапшырык берүүчү менен түзүлгөн келишимдин негизинде долбоордук документтин айрым бөлүмдөрү боюнча субподрядчыларды жана адистерди тартуу менен долбоордук документти иштеп чыгуучу, долбоордук (долбоордук-изилдөөчү) ишмердиктин түрү боюнча уруксаттамага ээ болгон долбоордук уюм;
3.5. шаардык агломерация: Шаар-борбор менен ургаалдуу өндүрүштүк, эмгектик, маданий-тиричилик жана рекреациялык байланыштары аркылуу бир бүтүнгө бириккен калктуу конуштардын (негизинен шаардык) мейкиндиктеги чакан тобу;