Загрузка документа…
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2020-ж. "18" сентябры № 01-7/334 буйругу менен бекитилген |
Электр энергиясын техникалык жоготууларын эсептөө методикасы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Методика электрэнергиянын техникалык жоготууларын жана электрэнергиясын берүү жана бөлүштүрүү иши менен алектенген уюмдардын электр тармактарында анын азайышын эсептөө, негиздөө жана божомолдоо боюнча иштерди уюштуруу максатында иштелип чыкты.
2. Электрэнергияны электр тармактарына берүүдөгү техникалык жоготуулары жалпысынан жана төмөнкү чыңалуу деңгээлдери боюнча бөлүштүрүү менен эсептелет:
орточо биринчи чыңалууда – 35 кВ (ОЧI);
орточо экинчи чыңалууда – 1-10 кВ (ОЧII);
төмөн чыңалууда – 0,4 кВ жана андан төмөн (ТЧ).
2- глава. Электр тармактарына берүүдө электрэнергиясынын техникалык жоготууларынын түзүмү
3. Электр тармактарына берүүдө электрэнергиясынын техникалык жоготуулары (ЭТЖ) линиялардын жана жабдуулардын техникалык мүнөздөмөлөрүнө жана иштөө режимине ылайык электрэнергияны берүүдө боло турган физикалык процесстер менен шартталган электр тармактарынын линияларындагы жана жабдууларындагы техникалык жоготууларды өзүнө камтыйт. Электр тармактарына берүүдө электрэнергиясынын техникалык жоготууларынын көлөмү ушул Методикага ылайык эсептелет.
4. Электр тармактарына берүүдө чыга турган электр тармактарындагы электрэнергиясынын техникалык жоготуулары берилип жаткан кубаттуулуктун (жүктөмдүн) көлөмүнө көз каранды болбогон жоготуулардан, – шарттуу туруктуу жоготуулардан жана көлөмү берилип жаткан кубаттуулуктун (жүктөмдүн) көлөмүнө көз каранды болгон көлөмдөгү жоготуулардан – шарттуу өзгөрүлмө (жүктөөөчү) жоготуулардан турат.
5. Өздүк муктаждыктарга электрэнергияны сарптоо эсепке алуу шаймандарына ылайык аныкталат.
6. Электрэнергияны берүү жана бөлүштүрүү процессинде катышуучу электр тармагы үчүн негиздөөчү материалдардын формалары ушул Методиканын 1-тиркемесине ылайык толтурулат.
3- глава. Электр тармактарына берүүдө электрэнергиясынын техникалык жоготууларын божомолдоонун жалпы принциптери
7.Электр тармактарына берүүдө электрэнергиясынын техникалык жоготуулары базалык (эсептөө жылынын алдындагы жыл) жыл жана электрэнергиясынын балансынын иш жүзүндөгү жана болжолдуу көрсөткүчтөрү боюнча божомолдонгон мезгилге (эсептөө жылынан кийинки жыл) эсептелет.
8.Божомолдонгон мезгилге электр тармактарына берүүдө электрэнергиясынын техникалык жоготуулары ЭТЖнын базалык мезгилге эсептелген белгисине жана базалык жана божомолдонгон мезгилдерге карата электрэнергиясынын балансынын көрсөткүчтөрүнө жараша аныкталат.
9.Электр тармактарына берүүдө электрэнергиясынын техникалык жоготуулары шарттуу-туруктуу жана шарттуу өзгөрүлмө (жүктөөчү) жоготуулар боюнча өз-өзүнчө эсептелет.
10.Божомолдонгон мезгилге электрэнергиянын шарттуу-туруктуу жоготуулары – божомолдонгон мезгилге жабдуулардын курамынын өзгөрүшүнө жараша алардын базалык мезгилге болгон эсептөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.
11.Тийиштүү бир энергокомпаниясынын (ЭК) божомолдонгон мезгилге электр тармактарына берүүдө электрэнергиясынын жүктөөчү жоготуулары төмөнкү формула менен аныкталат:
∆Wн.П = ∆Wн.Б ∙ (1),
мында | ∆WнБ, ∆Wн.П | - | Базалык жана божомолдонгон мезгилдерге электрэнергиянын жүктөөчү жоготуулары; |
| , | - | Базалык жана божомолдонгон мезгилдерде электрэнергиянын келип түшүүсү. |
Базалык мезгилдеги жүктөөчү жоготууларды эсептөөдө эсепке алынбай калган божомолдонгон мезгилдеги тармактык жабдуулар тейлөөгө кабыл алынган учурларда, мындай жабдуулардагы электрэнергиясынын жүктөөчү жоготуулары кошумча эсептелет. Базалык мезгилдеги жүктөөчү жоготууларды эсептөөдө эсепке алынган божомолдонгон мезгилдеги тармактык жабдууларды бузууда, мындай жабдуулардагы божомолдонгон мезгилге болгон электрэнергиясынын жүктөөчү жоготуулары эсептен чыгарылып ташталат.
12. ЭКлардын электр тармактарына берүүдө электрэнергиясынын техникалык жоготуулары божомолдонгон мезгилдеги абсолюттук көлөм боюнча (∆WТПЭ.П) төмөнкүдөй аныкталат:
∆WТПЭ.П=∆Wу-п.П.+ ∆Wн.П. (2)
мында | ∆Wу-п.П. | – | божомолдонгон мезгилге болгон электрэнергиясынын шарттуу-туруктуу жоготуулары. |
13. Электр тармактарына берүүдөгү электрэнергиясынын техникалык жоготууларынын салыштырмалуу белгиси жалпы электр тармагы боюнча пайыз менен аныкталат жана төмөнкү формула боюнча эсептелет:
(3)
мында WOC – электроэнергиянын ЭК тармагына келип түшүүсү.
14. ЭКлардын электр тармактарындагы электрэнергиянын техникалык жоготууларын жалпысынан жана чыңалуу деңгээлдери боюнча аныктоо төмөнкү тартипте ишке ашырылат.
1) Базалык мезгилде:
- электрэнергиянын тармакка келип түшүүсү тармактын чыңалуусунун ар бир деңгээлинде аныкталат (жакын чыңалуулар тармактарынан электрэнергиясын кабыл алууну эсепке алуу менен);
- электрэнергиясынын шарттуу-туруктуу жоготуулары жалпысынан жана чыңалуу деңгээлдери боюнча аныкталат;
- электрэнергиясынын жүктөөчү жоготуулары жалпысынан жана чыңалуу деңгээлдери боюнча аныкталат.
2) Божомолдонгон мезгилде:
- электрэнергиясынын тармакка келип түшүүсүнүн божомолдуу белгиси тармактагы чыңалуунун ар бир деңгээлинде аныкталат (жакын чыңалуулар тармактарынан электрэнергиясын кабыл алууну эсепке алуу менен);
- электрэнергиясынын жүктөөчү жоготуулары чыңалуунун деңгээлдери боюнча (1) формуласына ылайык аныкталат;
- электрэнергиясынын жүктөөчү жоготуулары жалпысынан чыңалуунун деңгээлдери боюнча электрэнергиясынын жүктөөчү жоготууларынын суммасы катары аныкталат;
- электрэнергиясынын шарттуу-туруктуу жоготуулары 10-пунктка ылайык жалпысынан жана чыңалуу деңгээлдери боюнча кабыл алынат;
- электрэнергиясынын техникалык жоготуулары (2) формуласына ылайык жалпысынан жана чыңалуу деңгээлдери боюнча аныкталат.
4-глава. Негиздөөчү документацияны берүү
15. Негиздөөчү документацияга төмөнкүлөр кирет: электрэнергиянын техникалык жоготууларынын белгилерин негизделген түшүндүрмө каты, ЭТЖны эсептөөнүн натыйжалары, ЭТЖ эсептөөлөрү жасалган программалык комплекстин маалымат базасы.
16. Негиздөөчү материалдардын курамына электрэнергиянын баланстары жана жоготуулары, ЭТЖ түзүмү, жабдуулардын көлөмү, ошондой эле электр тармактарынын башка көрсөткүчтөрү жөнүндөгү маалыматтар кирет (ушул Методиканын 1-тиркемеси).
17. ЭТЖларын эсептөөнүн бардык натыйжалары төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
түшүндүрмө кат – тексттик редактор форматында (MS Office Word);
колдонулуучу программалык камсыздоо маалымат базалары;
таблицалык процессор форматындагы 1-тиркеменин таблицалары (MS Office Excel).
18. Жоготууларды эсептөө боюнча программалык комплекстер ушул Методика менен аныкталган техникалык жоготууларды эсептөө ыкмаларына негизделет.
19. Түшүндүрмө катта электр тармактардагы электрэнергиянын техникалык жоготууларын эсептөө боюнча колдонулган программа жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт (программанын аталышы, иштеп чыгуучунун аталышы, колдонуудагы версиясынын номери жана жылы, ж. б.)
5-глава. Электр тармактарына берүүдөгү электрэнергиянын техникалык жоготууларын эсептөө методикасы
§1. Шарттуу-туруктуу жоготууларды эсептөө (жүктөмгө көз каранды эмес)
20. Шарттуу-туруктуу жоготууларга төмөнкүлөр камтылат:
1) күч трансформаторлорунун бош жүргүзүүдөгү жоготуулар;
2) подстанциялардын (СППС) бөлүштүрүүчү курулмаларынын бириктирүүчү проводдорундагы жана топтоочу шиналарындагы жоготуулар;
3) электрэнергияны эсепке алуу системасындагы жоготуулар (ток трансформаторлорунда (ТТ) жана чыңалуу трансформаторлорунда (ЧТ));
4) статикалык конденсаторлордун, статикалык тиристордук компенсаторлордогу батареялардагы жоготуулар;
5) вентилдик разрядниктердеги, ашыра чыңалууларды чектегичтердеги жоготуулар;
6) кабелдерди обочолонтуудагы жоготуулар;
7) ЖЧЛ изоляторлору боюнча агынды токтордогу жоготуулар.
21. Күч трансформаторундагы (автотрансформаторундагы) электрэнергиянын бош жүргүзүлүшүндөгү жоготуулар жабдуунун паспорттук маалыматында келтирилген ΔPх бош жүргүзүүдөгү кубаттуулуктун жоготууларынын негизинде төмөнкү формула боюнча аныкталат:
, кВт∙ч, (4)
мында | Трi | - | i режмде трансформатордун иштөө сааттарынын саны, с; |
| Ui | - | i режмде трансформатордун жогорку тарабындагы чыңалуусу, кВ; |
| Uном | - | трансформатордун жогорку орогучундагы номиналдык чыңалуусу, кВ. |
Трансформатордогу чыңалуу электротехниканын мыйзамдарына ылайык ченөөлөр менен же тармактагы белгиленген режимдин эсеби менен аныкталат.
Күч трансформаторлору үчүн ХХ кубаттуулугундагы жоготуулар - алардын техникалык абалына жана иштөө мөөнөтүнө жараша бул жоготууларды трансформаторлордун паспорттук маалыматтарын белгилөөдө чыгаруучу заводдордо колдонула турган ыкмалар менен бул жоготууларды ченөө аркылуу аныкталат. Мында негиздөөчү материалдарга белгиленген тартипте расмий түрдө ырасталган ХХ кубаттуулугундагы жоготууларды ченөө протоколдорун киргизүү максатка ылайык болот.
22. 35 кВ (СППС) подстанцияларындагы бөлүштүрүүчү курулмалардын бириктирүүчү проводдорундагы жана топтоочу шиналарындагы электрэнергиянын жоготуулары жылына подстанцияга 3 миң кВт∙с түзөт.
Э с к е р т ү ү. Таблицада келтирилген жоготуулардын белгилери 365 күндүү бир жылга туура келет. Толук жылдагы жоготууларды эсептөөдө болсо 366/365 күн коэффициенти колдонулат. |
ТП 6-10/0,4 кВ бөлүштүрүүчү курулмалардын бириктирүүчү проводдорундагы жана топтоочу шиналарындагы электрэнергиянын жоготуулары эсептелбейт.
Эгерде электрэнергиянын техникалык жоготууларын аныктоодо подстанциялардын топтоочу шиналарындагы электрэнергиянын жоготуулары эсептелген болсо, бөлүштүрүүчү курулмалардын бириктирүүчү проводдорундагы жана топтоочу шиналарындагы электрэнергиянын жоготуулары эсептелбейт.
23. Статикалык компенсациялооч курулмаларда (КК) – статикалык конденсаторлордогу батареяларда (КБ) жана статикалык тиристордук компенсаторлордо (СТК) электрэнергиянын жоготуулары төмөнкү формула боюнча аныкталат:
, кВт∙ч, (5)
мында | ΔРку | – | КК паспорттук маалыматтарына ылайык кубаттуулуктун салыштырмалуу жоготуулары, кВт/квар; |
| Sку | – | КК кубаттуулугу ( СТК үчүн сыйымдуулугу боюнча кабыл алынат), квар. |
ΔРку жабдуусунун паспорттук маалыматтары жок болсо, белгилер тең болуп кабыл алынат: КБ үчүн – 0,003 кВт/квар, СТК үчүн – 0,006 кВт/квар.
24. Вентилдик разрядниктердеги, ашыра чыңалууларды чектегичтерде, ченөөчү чыңалуулар трансформаторлорунда электрэнергиянын жоготуулары жабдууну даярдап чыгарган заводдордун маалыматтарына ылайык кабыл алынат. Жабдууну даярдап чыгарган заводдордун маалыматтары жок болсо, эсептелген жоготуулар 1-таблицага ылайык кабыл алынат.
1-таблица. Вентилдик разрядниктердеги (ВР), ашыра чыңалууларды чектегичтерде (ЧЧ), ченөөчү ток (ТТ) жана чыңалуулар трансформаторлорунда (ЧТ) электрэнергиянын жоготуулары
Чыңалуу классы, кВ | Электроэнергиянын жоготуулары, жылына миң кВт∙с, жабдуулардын түрлөрү боюнча | ||||
РВ | ОПН | ТТ | ТН |
| |
6 | 0,009 | 0,001 | 0,06 | 1,54 |
|
10 | 0,021 | 0,001 | 0,1 | 1,9 |
|
35 | 0,091 | 0,013 | 0,4 | 3,6 |
|
Э с к е р т ү ү 1. Электроэнергиянын жоготуулары үч фазага берилген. 2. Үч бир фазалуу ЧТлардагы жоготуулар бир үч фазалуу ЧТнын жоготууларына тең келет. 3. 0,4 кВ чыңалуусундагы ТТлардагы электрэнергиянын жоготуулары жылына 0,05 миң кВт×с болуп кабыл алынат. 4. Таблицада келтирилген жоготуулардын белгилери 365 күндүү жылга туура келет. Толук жылдагы жоготууларды эсептегенде 366/365 күн коэффициенти колдонулат. 5. ТТлардагы жана ЧТлардагы электрэнергиянын жоготуулары ченөөчү комплекстердин курамына кирген счетчиктердеги жоготууларды камтыйт. | |||||