Загрузка документа…
| 4-тиркеме Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрилинин 2020-жылдын «1» июнундагы №1 буйругуна |
«Таяныч-кыймыл аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн реабилитациялоонун жеке программасы боюнча реабилитациялоо» мамлекеттик кызмат көрсөтүүсүнүн административдик регламенти
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85-токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 3-главасынын 15-пункту)
1. Жалпы жобо
1. Бул мамлекеттик кызматты көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды Беабилитациялоо борбору тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» №303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү стандарттарынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарты тарабынан белгиленген негизги параметрлер:
1) төмөнкү себептер боюнча таяныч-кыймыл аппаратынын көйгөйлөрү болгон ДМЧАларга реабилитациялык кызмат көрсөтүү комплекси Кыгыз Респбликасынын бардык аймактарынан көрсөтүлөт: - кан-тамыр ооруларынын, жаракаттардын, кант диабетинин күчөп кетишинин кесепетинен колу-бутунун ампутацияланышы;
- буту-колдорунун өсүүсүнүн тубаса аномалиялары менен;
- муундардын майыптыкка алып келүүчү оорулары (артриттер, артроздор, жаракат);
- булчуӊ тутумунун патологиясы менен байланышкан оорулар (миозиттер, миопатиялар ж.б.);
- нерв тутумунун таяныч-кыймыл аппараттары тараптан туруктуу бузулуулары бар оорулары (БТШО (балдардын тубаса шал оорусу), полиомиелиттин кесепети, неврит, нейропатия, перифериялык нервдердин жаракат алуусу).
Реабилитацияга кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы 15-20 күн (ДМЧАны протездөөгө жаткырганда протез буюмунун татаалдыгына жараша 35 жумушчу күнгө чейин, КР Өкмөтүнө караштуу РПОБМдин 2015-жылдын 27-мартындагы №182- Жобосуна ылайык)
2) ДМЧАны кызмат крсөтүүгө кабыл алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
- МСЭКтен (медициналык-социалдык эксперттик комиссия), Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин (РПОБМ) медициналык бөлүмүнөн, социалдык санитардык мекемеден (ССМ), ҮМБ дан (Үй-бүлөлүк медицина борбору) реабилитацияга багыттама.
- паспорттун көчүрмөсү, 16 жашка чейинки ДМЧ баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк;