Загрузка документа…
| 6-тиркеме Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2020-жылдын “1” июнундагы №1 буйругу |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн
АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
"Социалдык стационардык мекемелерде стационардык тейлөө»
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген, мамлекеттик органдардын жана алардын түзүмдүк жана бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестринин (тизмеси) 3-главасынын 25-пункту)
1. Жалпы жобо
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин социалдык стационардык мекемелери (мындан ары - ССМ) жүзөгө ашырат.
2. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 токтому менен бекитилген тийиштүү стандарттын талаптарына шайкеш келет.
3. . Кызмат көрсөтүүнүн стандартында берилген негизги параметрлер:
1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы арыз берилген күндөн тарта 7 жумуш күнгө чейин;
2) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр:
- психоневрологиялык патологиялары бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар (мындан ары-ДМЧ балдар);
- психоневрологиялык оорулары бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;
- I жана I топтогу майыптыгы бар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар;
- улгайган курагына байланыштуу өз алдынча тейлөөгө жөндөмсүз адамдар, анын ичинде жубалар (мандан ары – улгайган жарандар)
3) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
- кызмат алуучунун жазуу жүзүндөгү арызы, ал эми жашы жетелектер жана аракетке жөндөмсүз адамдар үчүн мыйзамдуу өкүлүнүн (ата-энелердин бири, камкорчу, көзөмөлчү) жазуу жүзүндөгү арызы
- турак жай-тиричилик шарттарын текшерүү актысы (ыйгарым укуктуу органдын социалдык кызматкери тарабынан таризделет);
- ДМЧА, анын ичинде ДМЧ балдар үчүн, майыптуулугу тууралуу МСЭКтин маалымкатынын көчүрмөсү менен, ССМдин тибин аныктоо боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) чечими;
- туугандарынын камкорчулуктан жана көзөмөлчүлүктөн баш тартуусу жөнүндө арыз. Туугандары, камкорчулары жана көзөмөлчүлөрү жок болгон учурда баш тартуу жөнүндө арыз талап кылынбайт;
- салыштырып текшерүү үчүн түп нускасын көрсөтүү менен паспорттун же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- медициналык карточкадан көчүрмө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы №365 «Үйүнө барып социалдык тейлөө жөнүндө типтүү жобону бекитүү туралуу» токтому менен бекитилген форма боюнча
- үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалымкат;
- кандын жалпы клиникалык анализдери, Вассерман реакциясына, АИВ/ИЖКСге, ичеги-карын ооруларынын козгогучтарына, баңги затка жана алкоголго көз карандылыгынын анализдери (ичеги-карын ооруларынын козгогучтарынын тобуна бактериялогиялык изилдөөлөр жөнүндө маалыматтар, эгерде аны берген күндөн тартып эки айдан ашык өтпөсө, анык болуп саналат);
- көкүрөк клеткасынын органдарынын флюорографиясы;
- алуучу пенсиясынын (жөлөкпулдун) өлчөмү жөнүндө маалымкат;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан кыймылсыз мүлкү бар экендиги тууралуу маалымкат;
- 6x4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт (психоневрологиялык ССМ үчүн 4 сүрөт);
- ДМЧА реабилитациялоонун жекече программасынан көчүрмөсү;
- пенсиялык курактагы адамдар үчүн - пенсиялык ырастаманын көчүрмөсү;
- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, катышуучулары жана аларга теңештирилген адамдар үчүн - Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын, катышуучуларынын жана аларга теңештирилген адамдардын статусун ырастаган ырастаманын көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин же жашаган жери боюнча райондук/шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын жолдомосу.
4) Кызмат көрсөтүүнүн наркы - жолдомо берүүнүн мамлекеттик кызматы акысыз көрсөтүлөт.
5) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын минималдуу социалдык стандартына ылайык коштоочу социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн комплексин камсыз кылуу менен социалдык жана медициналык кызматкерлердин көзөмөлү астында ССМда жашоо үчүн шарттар.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү төмөнкү жол-жоболордун топтомун камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. |
ССМда тарбиялануучуларды кармоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү тууралуу керектөөчүлөргө маалымдоо
| 1). Арыз ээсине мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн тартиби жана ыкмалары жөнүндө маалымат берүү (оозеки, жазуу жүзүндө, же болбосо Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин веб-сайтына маалымат жайгаштыруу аркылуу). 2). Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө маалыматтарды ССМдин маалымат такталарында жайгаштыруу жана аны өз убагында жаңылоо. Бул иш-аракеттин натыйжасы кийинки иш-аракетти баштоо үчүн өткөрүлбөйт. |
2. | ССМда социалдык жашоого арыз ээсин кабыл алуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүдөн документтерди кабыл алуу | Мыйзамдуу өкүлдөн кызмат көрсөтүүлөрдү алуучунун ССМга стационардык тейлөөгө кабыл алуу жөнүндө арызы.
|
3 | Тарбиячыны клиентке бекитүү |
|
4 | ССМда кызмат көрсөтүү |
|
3. Жол-жобонун аткарылышынын блок-схемасы (алгоритмдер)
2. Жол-жоболорду баяндоо жана алардын мүнөздөмөсү
2-таблица
Жол-жобонун жана иш-аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызматтык адам | Иш-аракеттердин узактыгы | Иш-аракетти жөнгө салуучу документ | Аракеттердин жыйынтыгы | |||||||||||||||||||||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |||||||||||||||||||||||||||||
| |||||||||||||||||||||||||||||||||