Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2020 жылдын 3-ноябры № 2 буйругу менен бекитилген |
«КРАЭ-13» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежеси»
«Авиациялык кырсыктарды жана инциденттерди териштирүү»
1-глава Аныктама
Авиациялык кырсыктар. Аба кемесин колдонуу менен байланышкан окуялар, учурулуп жаткан аба кемесинде кандайдыр бир адам учуу үчүн аба кемесинин бортуна көтөрүлгөн учурдан баштап, борттогу адамдардын баары аба кемесин таштап кеткен учурга чейин орун алса, же болбосо, учкучсуз аба кемеси болгон учурда аба кемеси учууну аткаруу үчүн ордунан жылууга даяр болгон учурдан баштап, учуунун аягында ал токтогон жана негизги күч түзмөктөрү токтотулганга чейин орун алса, жана анын жүрүшүндө:
а) кандайдыр бир адам төмөнкү окуялардын натыйжасында өлүмгө алып келген же олуттуу дене жабыркоосуна алып келген жаракат алган болсо:
- бул аба кемесинде турган учурда; же
- аба кемесинин кандайдыр бир бөлүгүнө, анын ичинде бул аба кемесинин бөлүнүп кете турган бөлүктөрүнө түздөн түз тийишкен учурда; же
- реактивдүү кыймылдаткычтын газдарынын агымынын түздөн түз таасири алдында,
буга дене жаракаттары табигый себептердин натыйжасында келип чыккан, өзүнө өзү жасаган, же башка адамдар тарабынан келтирилген дене жаракаттары кирбейт, же болбосо бул дене жаракаты жүргүнчүлөргө жана экипаждын мүчөлөрүнө кирүү мүмкүнчүлүгү берилген аймактардан тышкары жерлерде жашынып жүргөн билети жок жүргүнчү тарабынан келтирилген учурлар кирбейт; же
б) аба кемеси жабыркоо алган же анын конструкциясы бузулган учурда, анын натыйжасында:
- конструкциянын бышыктыгы бузулат, аба кемесинин техникалык же учуучу мүнөздөмөлөрү начарлайт жана
- негизи ири оңдоо иштери ж жабыркаган элементти алмаштыруу талап кылынат, буга бир гана кыймылдаткыч жабыркап, баш тарткан же кыймылдаткычтын жабыркаган учурлары кирбейт (анын капоттору же көмөктөшүүчү агрегаттары менен бирге), аба винттери, канатынын учтары, антенналары, билгизгичтер, калакчалар, пневматиктер тормоздук орнотмолор, дөңгөлөктөр, агызгычтар, панелдер, шасси ачылмалары, маңдайкы айнектер, аба кемесинин каптамы (мисалы, анча чоң эмес ийрейген жерлери же тешиктер) жабыркаган учурлар, же болбосо негизги винттин калактарынын, куйрук винтинин калактарынын, шассинин анча көп эмес жабыркоосу жана мөндүр же канаттуулар менен кагылышуудан болгон жабыркоолор (радиолокаторунун антеннасынын обтекателиндеги тешиктерди кошуп) башка; же
в) аба кемеси дайынсыз жоголуп кетет же ага жетүү таптакыр мүмкүн эмес болгон жерге барып калат.
Эскертүү 1. Статистикалык маалыматтардын бир түрдүү кылуу максатында гана, 30 күндүн аралыгында анын натыйжасында өлүм учуру катталган дене жабыркоосу ИКАО (ICAO - InternationalCivilAviationOrganization) катары классификацияланат, аны өлүм натыйжасы менен бүткөн дене жабыркоосу катары классификациялайт.
Эскертүү 2. Аба кемеси расмий издөөлөр токтотулган учурда жана сыныктарынын жайгашкан жери табылбаган учурда дайынсыз жоголду деп эсептелет.