Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 68-чуа буйругунун редакциясына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 17-февралындагы № 42-нпа буйругуна) |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 31-декабрындагы № 32-чуа “КР КЧ 20-02:2018 “Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери” курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө” буйругундагы
№ 1 ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 31-декабрындагы № 32-чуа буйругу менен бекитилген “КР КЧ 20-02:2018 “Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери” курулуш ченемдеринде:
- 1.4 пунктунун төртүнчү абзацында “болгон аймактарда” деген сөздөрдөн кийин “жана/же күндүзгү бетте тектоникалык жаракалар пайда болушу мүмкүн болгон тилкелерде” деген сөздөр менен толукталсын;
- 1.5 пунктагы “6.4.2” деген сандар “6.4.3” деген сандар менен алмаштырылсын;
- 5.1 пунктунун үчүнчү абзацында “орто-арифметикалык мааниси (vs) камтылышы керек” сөздөрү “орто эсеп менен өлчөнгөн маанисин (vs) көрсөтүү сунушталат” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5.4 пунктунун биринчи абзацында “керек” деген сөздүн ордуна “сунушталат” деген сөз жазылсын;
- 5.7 пунктунун биринчи абзацында “керек” деген сөздүн ордуна “сунушталат” деген сөз жазылсын;
- 6.3.2 пунктунун биринчи абзацында “сейсмикалуулугуна жөнөкөйлөтүлгөн аныктоого жол берилет” деген сөздөр “сейсмикалуулугун аныктоо керек” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6.4.6 пунктагы “куруу” деген сөз “долбоорлоо жана куруу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7.2.8 пунктагы “артыкчылык берилет” деген сөздүн ордуна “сунушталат”деген сөз жазылсын;
- 7.3.1 пунктагы “аныкталат” деген сөздүн ордуна “аныкталышы керек” деген сөздөр жазылсын;
- 7.3.3 пунктунун:
- биринчи абзацында “маанисин төмөнкүдөй аныктоого болот” деген сөздөрдүн ордуна “мааниси төмөнкүдөй аныкталат” деген сөздөр жазылсын;
- сүйлөмдө (7.3) туюнтамасынан кийин, “мейкиндик эсептөө схемасы үчүн” деген сөздөрдөн кийин “(7.1 б сүрөт)” деген сөздөр менен толукталсын;