Загрузка документа…
| Мамкурулуштун 2021-жылдын 23-мартындагы№ 44-нпа буйругуна тиркеме |
Кыймылсыз мүлк объектилерин долбоорлоого сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча атайын техникалык шарттар жөнүндө жобо
1-Глава. Жалпы жоболор
1. Ушул кыймылсыз мүлк объектилерин долбоорлоого сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча атайын техникалык шарттар жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) кыймылсыз мүлк объектисине (мындан ары-объект) долбоорлоо документтерин иштеп чыгууда ченемдик техникалык документтерде белгиленген ишенимдүүлүк жана коопсуздук боюнча талаптар жетишсиз болгон, жемындай талаптар белгиленбеген учурда сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча атайын техникалык шарттарды (АТШ) иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү боюнча жалпы талаптарды белгилейт. АТШ конкреттүү обьектиге курулуш аянтынын шарттарын эске алуу менен иштелип чыгат.
2. АТШ (белгилүү бир объектиге карата) инженердик изилөөлөрдүн, долбоорлоонун, курулуштун, иштетүүнүн, ошондой эле бузуунун (демонтаж) өзгөчөлүктөрүн чагылдырган коопсуздук тармагындагы белгиленген же жок техникалык ченемдеге кошумча техникалык талаптарды камтыган техникалык ченем болуп эсептелет. Аталган талаптарды милдеттүү түрдө колдонууда Кыргыз Республикасынын “Техникалык регламент” “Имараттардын жана курулмалардын коопуздугу” Мыйзамынын талаптарын сактоо камсыздалат.
3. АТШ архитектуралык-курулуш ишмердүүлүк чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча профилдүү институту (мындан ары - Институт) тарабынан иштелип чыгат, бекитилет жаначенемдик документ катары катталат.
4. Ушул Жобого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ченемдик документтерине ылайык иштелип чыккан АТШлар Институт тарабынан бекитилгенден кийин курулуш объектилеринин долбоорлоо документтерин даярдоо үчүн ченемдик-техникалык документ болуп эсептелет.
2-Глава. Атайын техникалык шарттарды иштеп чыгуу тартиби жана алардын мазмунуна коюлган талаптар
5. Тапшрык берүүчү (инвестор) тарабынан бекитилген техникалык тапшырма(мындан ары - ТТ) жана обьектинин өзгөчөлүктөрүн эске алган тапшырыкчынын расмий кайрылуусу АТШны даярдоо үчүн негиз болуп эсептелет.
6. Техникалык талаптарда АТШны иштеп чыгуу зарылдыгы тууралуу кыскача негиздеме, обьект тууралуу маалыматтар, колдонуудагы курулуш ченемдеринен четтөөлөр, ошондой эле АТШны иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон башка талаптар берилиши керек.
7. АТШты иштеп чыгууга чейин объектинин принципиалдуу техникалык чечимдери (анын ичинде, көлөмдүү-мерчемдүү жана конструкциялык чечимдер, пайдаланылуучу негизги материалдар жана буюмдар) аныкталышы керек, ошондой эле колдонуудагы ченемдик база талдоого алынууга тийиш.
Принципиалдуу техникалык чечимдер – бул долбоорлонуучу объектинин жалпы түзүлүшүн жана башка техникалык талаптар менен болгон байланышты чагылдыруучу негизги көрсөткүчтөрүн (параметрлерин) аныктоочу чечимдер.
Принципиалдуу техникалык чечимдерди бүтүндөй объектиге, анын бөлүктөрүнө, конструкцияларынын же инженердик тутумдарынын айрым түрлөрүнө карата аныктоо зарыл.
8. АТШты иштеп чыгуутапшырык берүүчүнүн кат түрүндө кайрылуусуна ылайык, тапшырыкчы менен аткаруучунун ортосунда келишим түзүү менен акы төлөө негизинде жүргүзүлөт. Келишимге монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган жана архитектуралык-курулуш ишмердүүлүк чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилген бааларга ылайык даярдалган АТШны иштеп чыгууга кеткен чыгымдардын калькуляциясы тиркелет.
9. АТШда ченемдик документтердин талаптарынан четтеп кетүүлөр болушу мүмкүн болгон долбоордун конструкциялык бөлүктөрүнө талаптар камтылышы керек.
10. АТШда белгиленген талаптар техникалык регламенттердин милдеттүү талаптарына каршы келбеши керек.