Загрузка документа…
| КРѲ СѲМК 2020-жылдын 31-марты № 1 долбооруна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу Санариптик ѳнүктүрүү мамлекеттик кызматынын алдындагы «Атайын байланыш кызматы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийиминин, форма кийиминин айырмачылык белгилеринин үлгүлөрүнүн жана фурнитурасынын сүрөттөлүшү
Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу Санариптик ѳнүктүрүү мамлекеттик кызматынын алдындагы
«Атайын байланыш кызматы» мамлекеттик ишканасы
Ведомстволук форма кийиминин сүрөттөлүшү
Салтанатта кийилүүчү кийим формасы (эркектер үчүн)
- кочкул көк түстөгү жайкы фуражка;
- кочкул көк түстөгү жүндөн токулган китель;
- кочкул көк түстөгү жүндөн токулган кездемеден тигилген шымдар;
- ак түстөгү көйнөк;
- алтын түстөгү Кыргыз Республикасынын герби кадалган кочкул көк түстөгү
галстук;
- кара түстөгү байпактар;
- кара түстөгү ботинкалар (кыска ботинкалар) же кара түстөгү жаз-күз кийилүүчү кыска өтүктөр (өтүктөр).
- кочкул көк түстөгү кой терисинен тигилген кулакчындуу мех тумак;
- кочкул көк түстөгү жүндөн токулган кездемеден тигилген пальто;