Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 22-сентябрындагы № 13-21-16 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын
Транспорт жана коммуникациялар
министрлигинин
буйругуна
Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери – 14
1-бөлүк "Аэродромдор".
Глава 1. Аэродромдорго болгон жалпы талаптар
§1. Терминдер жана аныктамалар
Бул Эрежелер эл аралык ИКАО жарандык авиация уюмунун стандарттарына жана сунуш кылынган тажрыйбаларына ылайык иштелип чыккан, Annex14 2018-жылдын июль айы
1. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
УКТга санкциясыз чыгуу жөнүндө эскертүүнүн автономдук тутуму (ARIWS). УКТга потенциалдуу санкциясыз чыгууну же иштеп жаткан УКТны ээлөө учурларын автономдук аныктоону жана учуу экипажына же транспорт каражатынын айдоочусуна түздөн-түз эскертүүлөрдү берүүнү камсыздоочу автономдук тутум.
Адам факторунун аспекттери. Авиациядагы долбоорлоо, сертификациялоо, кадрларды даярдооо процесстерине, эксплуатациялоо иштерине жана техникалык тейлөөгө карата колдонулуучу жана адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен адамдардын жана системанын башка компоненттеринин коопсуз өз ара аракетин камсыз кылууга багытталган принциптер.
Аэродром. Аба кемелеринин ошолордун үстү боюнча толук же жарым-жартылай конуусуна, учушуна жана жүрүшүнө багышталган жер же суу үстүндөгү (кандай гана имараттар, курулмалар жана жабдуулар болбосун кошуп алганда) белгилүү бир участок.
Аэродромдук маяк. Аэродромдун жайгашкан жерин абадан аныктоо үчүн колдонулган аэронавигациялык маяк.