Загрузка документа…
| 3-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик
РЕГЛАМЕНТИ
“Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана оорлотууларды (чектөөлөрдү) мамлекеттик каттоо”
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 – жылдын 10 -февралындагы №85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган Реестринин (тизмесинин)
8-главасынын 81-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызматты көрсөтүү Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалдары тарабынан ишке ашырылат.
2. Аталган кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
(1) Укуктары мурда жергиликтүү каттоо органында катталган, анын ичинде электрондук форматта кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 2 (эки) жумушчу күндүн ичинде жүзөгө ашырылат, анын ичинен:
- жеке жактар үчүн 5 жумушчу саат, юридикалык жактар үчүн 10 жумушчу саат;
- арыздарды кабыл алуу убактысы, анын ичинде электрондук форматта - 30 мүнөттүн ичинде.
- кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын, анын ичинде электрондук форматта аткаруу убактысы - 15 мүнөттүн ичинде.
(2) Кызматты кѳрсѳтүүдѳ зарыл болгон документтердин тизмеси:
1. Бардык арыз берүүчүлѳр үчүн:
- белгиленген формадагы арыз;
- арыз берген адамдын ким экендигин тастыктаган документ.
Эгерде жеке жактын ыйгарым укуктуу өкүлү кызмат көрсөтүү үчүн кайрылса, мамлекеттик каттоону жүргүзүүгө жеке жактын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документти, юридикалык жак үчүн - анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарды ырастоочу документти көрсөтүүсү зарыл;
- кыймылсыз мүлк бирдигине укук белгилөөчү документ;
- эгерде бар болсо кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык мүнөздөмөсүн камтыган документ (техпаспорт);
- төлөмдү ырастоочу документ (арыз берүүчү тарабынан төлөм мамлекеттик органдын адиси берилген документтердин белгиленген талаптарга ылайык экенин текшергенден жана арыз ээсине мамлекеттик каттоо үчүн акы төлөнгөн документти бергенден кийин жүргүзүлөт);
(3) Кызмат кѳрсѳтүүнүн баасы: Мамлекеттик кызмат акы төлөѳ негизинде кѳрсѳтүлѳт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы (Баалардын прейскуранты) Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин буйругу менен бекитилет.
(4) Кызмат кѳрсѳтүүнүн жыйынтыгы:
Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: каттоого берилген документке күбөлөндүрүүчү жазууну коюу менен каттоону күбөлөндүрүү.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеси
4. Кызмат көрсѳтүү төмөнкү жол-жоболорду камтыйт
Таблица 1
№ | Жол-жоболордун аталышы | Эскертме |
1. | Арызды кабыл алуу |
|
2. | Арыздарды бѳлүштүрүү |
|
3. | Укук күбѳлѳндүрүүчү документти даярдоо жана берүү |
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн.
4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн баяндоо
Таблица 2
Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы | Аракеттердин натыйжасы | Аракеттерди жөнгө салуучу документтер | |||
1-жол-жобо. Арызды кабыл алуу жана укуктарды каттоо үчүн тапшырылган документтерди алдын ала кароо | |||||||
1.1-аракет А) арызды жана документтерди кабыл алуу
| документтерди кабыл алган жана берген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси | 30 мүнөттөн ашпайт | А) арызды жана документтерди кабыл алуу; Б) документтер толук эмес болгон учурда арызды каттоодон баш тартуу | - «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы; - Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №49 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккѳ укуктарды, укуктарга чектѳѳлѳрдү жана аны менен болгон бүтүмдѳрдү мамлекеттик каттоо Эрежелери; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы №525 токтому менен бекитилген «Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын колдонуу эрежелери»;
| |||
Б) арызды электрондук түрдө Мамлекеттик порталы аркылуу кабыл алуу/ кызмат кѳрсѳтүүчүнүн электрондук ресурсу
| А) Автоматташтырылган каттоо тутумунда (АТС) арыздын жана документтердин кабыл алынгандыгы жөнүндө арыз ээсинин жеке кабинетине билдирүү жөнөтүү. Б) Эгерде документтер белгиленген талаптарга жооп бербесе, арыз ээсинин жеке кабинетине мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө билдирүү жөнөтүү. | ||||||
1.2-аракет А) кызмат кѳрсѳтүүдѳгү тѳлѳмдү кабыл алуу
| 1.1.Аракетте кѳрсѳтүлгѳн убакыттын чегинде | - адистин кызмат көрсөтүүгө төлөнгөн тѳлѳмдү ырастоосу (анын ичинде, эгерде арыз электрондук форматта берилсе, Э-Банк аркылуу «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасынын төлөм шлюзи аркылуу) - арыз ээсине арызды жана документтерди кабыл алынганы тууралуу түшүнүк кат берүү; | |||||
1.3-аракет тиркелген документтери менен арызды укук күбѳлѳндүрүүчү документтерди даярдоону жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмгѳ берүү | 1.1.Аракетте кѳрсѳтүлгѳн убакыттын чегинде | тиркелген документтери менен арызды укук күбѳлѳндүрүүчү документтерди даярдоону жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмгѳ берүү
| |||||
процедуранын жыйынтыгы: арызды жана документтерди кабыл алуу жана каттоо | |||||||
процедуранын узактыгы: 30 мүнөттөн ашпайт | |||||||
процедуранын тиби: уюштуруучулук-башкаруучулук | |||||||
2-жол-жобо. Арыздарды бѳлүштүрүү | |||||||
2.1-аракет Арыздарды бѳлүштүрүү | Укук күбѳлѳндүрүүчү документтерди даярдоочу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси | 20 мүнөттөн ашпайт | Аткаруучуну дайындоо | Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы года № 120 токтому менен бекилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускама
| |||
процедуранын жыйынтыгы: аткаруучуну дайындоо | |||||||
процедуранын узактыгы: 20 мүнөттөн ашпайт | |||||||
процедуранын тиби: уюштуруучулук-башкаруучулук | |||||||
3-жол-жобо.. Укукту каттоо | |||||||
3.1-аракет Каттоого тапшырылган документтерди текшерүү жана талдоо
| Каттоочу | 2 (эки) жумушчу күндөн ашык эмес
| А) Бирдиктүү мамлекеттик каттоо системасынын негизги документтерине каттоо жазуусун жүргүзүү; Б) каттоону 30 күнгө чейин токтотуу; В) укукту каттоодон баш тартуу. | Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №49 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккѳ укуктарды, укуктарга чектѳѳлѳрдү жана аны менен болгон бүтүмдѳрдү мамлекеттик каттоо Эрежелери | |||
процедуранын жыйынтыгы: укукту каттоо же болбосо укукту каттоодон баш тартуу | |||||||
процедуранын узактыгы: 2 (эки) жумушчу күндөн ашык эмес: физикалык жактар үчүн 5 жумушчу саат, юридикалык жактар үчүн 10 жумушчу саат | |||||||
процедуранын тиби: административдик | |||||||
4-жол-жобо. Каттоого тапшырылган документтерди кайтарып берүү | |||||||
4.1-аракет Каттоого тапшырылган документтерди кайтарып берүү
| документтерди кабыл алуу жана берүү боюнча адис | 30 мүнөттөн ашпайт. | A) Арыз ээси тарабынан берилген күбөлүк жазуусу менен укук белгилөөчү документтерди алуусу Б) Арыз берүүчүнүн укукту каттоодон баш тартуу жөнүндө билдирүүсүн алуусу | Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №49 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлккѳ укуктарды, укуктарга чектѳѳлѳрдү жана аны менен болгон бүтүмдѳрдү мамлекеттик каттоо Эрежелери | |||
процедуранын жыйынтыгы: Каттоого тапшырылган документтерди кайтарып берүү | |||||||
процедуранын узактыгы: 30 мүнөттөн ашпайт | |||||||
процедуранын тиби: административдик | |||||||