Загрузка документа…
| 5-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик
РЕГЛАМЕНТИ
«Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарда, аң уулоочу жерлерде жана мамлекеттик токой фондунан тышкары жерлерде пландан тышкары токой өстүрүү жана илимий-изилдөө иштерин аткаруу»
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 – жылдын 10 – февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 5-главасы, 6-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Аталган мамлекеттик кызматты көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы ишке ашырышат.
2. Аталган кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрыдагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык) токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын IV-бөлүмүнүн 5-главасынын талаптарына шайкеш келет.
3.Кызматтын көрсөтүлгөн стандартынын негизги параметрлери:
- Арызды кабыл алуудагы убакыттын чеги - 30 мүнөт.
- Арызды кароо - 10 күнгө чейин.
- Натыйжаларды берүүдөгү убакыттын чеги - 30 мүнөт.
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында, аңчылык жерлерде жана мамлекеттик токой фондунан тышкары жерлерде төмөнкүлөр жүргүзүлөт:
1) Даярдоо иштери:
А) 0,2 - 2,9 миң га - 10 күн,
Б) 3,0 - 30,0 миң га - 30 күн,
В) 30,0 миң гектардан ашык - 45 күн.
2) Талаа иштери:
А) 0,2 - 2,9 миң га - 30 күн,
Б) 3,0 - 30,0 миң га - 150 күн,
В) 30,0 миң гектардан ашык - 190 күн.
3) Камералык иштер:
А) 0,2 - 2,9 миң га аянттагы участокто - 20 күн,
Б) 3,0 - 30,0 миң га - 5 ай,
В) 30,0 миң гектардан ашык - 8 ай.
Токой-аңчылык жайгаштыруу иштеринин толук циклин жүргүзүү - 2 жыл (токой-анчылыкты жайгаштыруучу объектин аянтына жараша)
2) Кызмат алуу учун документтердин тизмеси:
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартында көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтарды камсыз кылуу үчүн зарыл болгон документтердин толук тизмеси:
а) Кызмат алуу үчүн арыз берүү (кайрылуу);
б) паспорттун көчүрмөсү, юридикалык жактын күбѳлѳндүргѳн кагазы;
в) жерге карата менчик укугунун тастыктаган документтер (кен байлык иштеткен жактарга күбѳлѳндүргѳн кагазы же күбѳлѳндүргѳн макулдашунун кѳчүрмѳсү);
г) кызмат үчүн төлөмдүн квитанциясы;
Мамлекеттик мекеме жана кызмат алуучу ортосунда келишим жана жумуштун сметасы түзүлөт.
Керектелүүчү докменттердин үлгүлөрү жана формалары кызмат көрсөтүүчү мекеменин маалымат тактайчаларында жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы саясаты иштеп чыгуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында көрсөтүлүп, жаныланып турат.
Кызматтын акысы: Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркын монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы тарабынан бекитилет. (Кызматтын баасы токой-анчылыкты жайгаштыруу объектисинин аянтына көз каранды)
(4) Кызматтын натыйжасы: Токой жайгаштыруу долбоору, токой жайгаштыруунун корутундусу, чарбалар аралык аңчылыкты жайгаштыруунун долбоору, ички чарбалык аңчылык жайгаштыруунун мергенчилик чарба ишинин стратегиялык планы жана картографиялык материалдар
2. Кызмат көрсөтүү процесинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү төмөнкү жол – жоболорду өзүнө камтыйт:
1- таблица
№ | Жол-жоболордун аталышы | Эскертүү |
1. | Документтерди кабыл алуу, каттоо, документерди анализдөө жана жоопкер адисти (долбоордун авторун) дайындоо. | Иш-чара жетекчинин кабылдамасында бүтөт, Аткаруучуну жоопкер адисти дайындайт, жетекчи орун басардын көзмөлдөөсүнө жана тишелүү бөлүмгө (же аткаруучуга) жөнөтөт. |
2 | Аткаруулучу жумуштардын көлөмүн аныктоо, сметасын жана токой-анчлыкты жайгаштыруу кызматын аткаруу келишимин түзүү | Иш-чара бөлүм башчы менен биргеликте аткаруучу тарабынан аткарылат |
3 | Даярдоо жумуштары | Натыйжасында 1-токой-анчылыкты жайгаштыруу кенешмеси өткөрүлөт |
4 | 1-токой-анчылыкты жайгаштыруу кенешмеси өткөрүү | Аткарылуучу жумуштардын өзгөчөлүктөрүн кароо |
5 | Талаа жумуштары |
|
6 | Камералдык жумуштар |
|
7 | 2-токой-анчылыкты жайгаштыруу кенешмеси өткөрүү | Жумуштун жыйынтыгын кароо жана бекитүү |
8 | Мамлекеттик эколгиялык экспертизанын корутундусун алуу | Экологиялык экспертизадан ѳткѳрүү |
9 | Мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутунсун алуу жана токой же анычылк жайгаштыруу долбоорун (стратегиялык планды) Токой кызматынын буйругу менен бекитүү |
|
10 | Токой жайгаштыруу долбоору, токой жайгаштыруунун корутундусу, чарбалар аралык аңчылыкты жайгаштыруунун долбоору, ички чарбалык аңчылык жайгаштыруунун мергенчилик чарба ишинин стратегиялык планы жана картографиялык материалдар | Кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысын түзүү |