Загрузка документа…
| 6-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын административдик РЕГЛАМЕНТИ
“Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу айдоолоруна талаа инспекциясын жүргүзүү”
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган Реестринин (тизмесинин)
5-главасынын 15-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Аталган мамлекеттик кызматты көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаменти жана анын аймактык бөлүмдөрү аркылуу ишке ашырылат.
2. Аталган кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-мартындагы № 128 токтомунун редакциясына ылайык) токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын IV-бөлүмүнүн 38-главасынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызматтын көрсөтүлгөн стандартынын негизги параметрлери:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: Айыл чарба өсүмдүгүнүн түрүнө, бышып-жетилүү мөөнөтүнө жана аймагына жараша айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук айдоолоруна талаа инспекциясын жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү 15тен 20 календарлык күнгө чейин. Кызмат вегетациялык мезгил (июнь-сентябрь) учурунда көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүнүн документин даярдоого чектелген убакыт – 1 иш күнү. Талаа инспекциясынын актысын берүүгө чектелген убакыт - 15 мүнөттөн ашпоосу керек
(2) Кызмат алуудагы керектелүүчү документтердин тизмеси:
а) талаа инспекциясын жүргүзүүгө өтүнмө;
б) талаа инспекциясынын актысы, эгерде өз түшүмдүн үрөнү менен себилсе;
в) үрөндөргө аттестат, белгиленген формада (үрөнчүлүк чарбалары тарабынан берилет);
г) үрөнгө күбөлүк, белгиленген формада (үрөнчүлүк чарбалары тарабынан берилет);
д) акы төлөнгөнү жөнүндө квитанция (төлөм арыз жактырылгандан кийин гана жүргүзүлөт).
Кызматты электрондук форматта алууда электрондук формадагы арызды толтуруу жана кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтерди тапшыруу Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (мындан ары – Мамлекеттик портал) же агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук ресурсу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кайрылууда кызмат көрсөтүүчү тарабынан “Түндүк” өз ара аракеттенүү ведомстволор аралык системасы аркылуу алууга боло турган документтер талап кылынбайт.
(3) Кызматтын акысы: Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө акы алынат.
Кызмат көрсөтүү монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик уюмдун буйругу менен бекитилген прейскуранттын негизинде ишке ашырылат.
(4) Кызматтын жыйынтыгы: Кызматтын жыйынтыгы болуп Үрөндүн сорттук сапатын аныктоодогу берилүүчү документтер саналат:
- талаа инспекциясынын актысы – кылкандуу дан эгиндеринин, чанактуу дан эгиндеринин жана май алынуучу өсүмдүктөрдүн сорттук себүүлөрүн күбөлөндүрүүчү документ (белгиленген формада, колдонуу мөөнөтү 5 жыл)
- көп жылдык чөптүн (люцерна, эспарцет ж.б.) себүүлөрүнө талаа инспекциясынын акты – көп жылдык чөп өсүмдүктөрүнүн сорттук себүүлөрүн күбөлөндүрүүчү документ (белгиленген формада, колдонуу мөөнөтү – 5 жыл);
- кант кызылчасынын көчөтсүз себүүлөрүнө талаа инспекциясынын акты - кант кызылчасынын айдоолорунун сорттук себүүлөрүн күбөлөндүрүүчү документ (белгиленген формада, колдонуу мөөнөтү – 5 жыл);
- үрөндүк картөшкөгө жүргүзүлгөн талаа инспекциясынын акты –тигилген картөшкөнү сорттук айдоону күбөлөндүрүүчү документ (белгиленген формада, колдонуу мөөнөтү – 1 жыл);
- пахта үрөнүнө талаа инспекциясынын актысы – пахтаны сорттук эгүүнү күбөлөндүрүүчү документ (белгиленген формада, колдонуу мөөнөтү – 1 жыл);
- мөмө – жемиш бактарына талаа инспекциясынын акты – мөмө – жемиш бактарынын сорттук сапатын күбөлөндүрүүчү документ (белгиленген формада, колдонуу мөөнөтү – 3 жыл).
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү төмөнкү жол-жоболорду өзүнө камтыйт:
1-таблица
№ | Жол – жоболордун аталышы | Эскертүү |
1. | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча керектөөчүлөргө маалымат жеткирүү |
|
2. | Арызды алуу жана аны каттоо |
|
3. | Кызмат көрсөтүүсүнүн төлөм акысын төлөө |
|
4. | Айыл чарба өсүмдүктөрдүн сорттуу айдоолоруна алдын ала талаа текшерүү жүргүзүүсүнө адистин чыгышы |
|
5. | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук айдоолоруна талаа инспекциясын жүргүзүү |
|
6. | Талаа инспециясынын актысын толтуруу жана аны тапшыруу |
|