Загрузка документа…
| 8-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик
РЕГЛАМЕНТИ
«Өсүмдүктөргө, жер кыртышына, сугат сууларына пестициддер менен агрохимикаттардын калдыктарына, ошондой эле алардын стандарттарга жана техникалык шарттарга туура келүүсүнө жана а/ч товар өндүрүүчүлөрүнүн билдирмелери боюнча жер кыртышында аш болуучу заттардын жана гумустун болушуна анализ жүргүзүү»
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 – жылдын 10 – февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 5-главасы, 17-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан аткарылат.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 токтому (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-ж. 9-октябрындагы №533 токтомунун редакциясы) менен бекитилген стандартынын IV-бөлүмүнүн 47-главасынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убакыты 10 жумушчу күн, алардын ичинен:
- кабыл алуу, арызды жана документтерди кароо - 20 мүнөттөн көп эмес;
- тиешелүү анализ жүргүзүү жана жыйынтыктарды даярдоо – билдирме жана керектүү документтерди берген күндөн тартып, берилген сынамдардын санына жана түрүнө жараша, 3-10 чейинки жумушчу
(2) Кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
1. Жеке жана юридикалык жактардын белгиленген формага ылайык толтурулган арызы.
2. Документтер:
- жеке жак үчүн - керектөөчүнүн (ыйгарым укуктуу жактын) өздүгүн тастыктаган күбөлүк же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- юридикалык жак үчүн - юридикалык жакты каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
3. Көлөмдөгү сынам үлгүсү:
- минералдык жана органикалык жер семирткичтер жана топурак - 1 кг;
- пестициддер - 0,2-0,5 л/кг.
Пестициддердин жана минералдык жер семирткичтердин калдыктарынын өлчөмүн аныктоодо керектөөчү төмөнкүлөрдү камсыздайт: 1 литр суу, 1 кг топурак, 0,3-0,5 кг өсүмдүк өндүрүмү.
Кызматты электрондук форматта алууда электрондук формадагы арызды толтуруу жана кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтерди тапшыруу Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (мындан ары – мамлекеттик портал) же агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук ресурсу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кайрылууда кызмат көрсөтүүчү тарабынан “Түндүк” өз ара аракеттенүү ведомстволор аралык системасы аркылуу алууга боло турган документтер талап кылынбайт.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн баасы: Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы (Баалардын прейскуранты) Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин буйругу менен бекитилет.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Сыноолор протоколу (анализ жүргүзүү).
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү төмөнкү жол-жоболорду өзүнө камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Документтерди жана үлгүлөрдү кабыл алуу, документтерди каттоо |
|
2. | Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн акы төлөө эсебинин көчүрмөсү |
|
3. | Өсүмдүктөргө, жер кыртышына, сугат сууларына пестициддер менен агрохимикаттардын калдыктарына, ошондой эле алардын стандарттарга жана минералдык жер семирткичтердин, пестициддердин техникалык шарттарына туура келүүсүнө химиялык анализ жана жер кыртышында азык заттардын жана гумустун камтылышына агрохимиялык анализ жүргүзүү жана арыз ээсине сыноо протоколун берүү. |
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн:
4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн баяндоо
2-таблица
Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы | Аракеттердин натыйжасы | Аракеттерди жөнгө салуучу документтер |
1-жол-жобо. Документтерди кабыл алуу жана каттоо | ||||
1.1-аракет А) арызды жана керектүү документтери менен сынамдарды кабыл алуу | Департаменттин БАКТЛ жана ОшАКТЛ башчылары | 5 мүнөт | 1) арызды каттоо, сынамдарды алуу актысын тариздөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн үлгүлөрдү жана тапшырмаларды аткаруучуга – Департаменттин БАКТЛ же ОшАКТЛ адистерине жөнөтүү 2) Документтерди кабыл алуудан жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуунун себептери жөнүндө арыз ээсине оозеки түшүндүрмө. Арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча документтерди кабыл алуудан жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн жазуу жүзүндөгү баш тартуу берилет (жазуу жүзүндөгү баш тартуу катталат)
2) Документтерди кабыл алуудан жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуунун себептери жөнүндө арыз ээсине оозеки түшүндүрүүлөр. Арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча документтерди кабыл алуудан жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн жазуу жүзүндөгү баш тартуу берилет (жазуу жүзүндөгү баш тартуу катталат) | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү типтүү нускама; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 07.10.2019-жылдагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын колдонуу эрежелери.
|
Б) арызды электрондук түрдө ЭКМП аркылуу кабыл алуу | Департаменттин БАКТЛ жана ОшАКТЛ башчылары | Автоматтык түрдө | Портал аркылуу арыз берүүдө арыз ээси тиешелүү сынамдарды кызмат көрсөтүүчүгө жөнөтөт | |
1-жол-жобонун натыйжасы: Арызды кабыл алуу жана каттоо | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөт | ||||
1-жол-жобонун тиби: уюштуруу-башкаруучулук | ||||
2-жол-жобо. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн акы төлөө эсебинин көчүрмөсү | ||||
2.1-аракет А) арыз ээсине же анын өкүлүнө төлөм эсебин берүү; Б) ЭКМП аркылуу төлөө үчүн эсеп берүү жана аны керектөөчүнүн өздүк иш бөлмөсүнө жөнөтүү | Бухгалтер | 5 мүн | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн (анын ичинен Мамлекеттик портал аркылуу) квитанциясын же төлөм тапшырмасынын көчүрмөсүн кабыл алуу
| КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жөнүндө жобо |
2-жол-жобонун натыйжасы: мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн төлөм | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөт | ||||
2-жол-жобонун тиби: административдик | ||||
3-жол-жобо. Химиялык анализ жүргүзүү жана арыз ээсине сыноо протоколун берүү | ||||
3.1-аракет Сыноо методун аныктоо | КР АЧМ ӨХККД БАКТЛ жана ОшАКТЛ адис-лаборанттары | 3 жумушчу күн
| Приборлорду, эритмелерди жана реактивдерди даярдоо
| КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жөнүндө жобо |
3.2-аракет Лабораториялык сыноолорду жүргүзүү | - Сыноолордун валидациясы жана верификациясы; - химиялык жана физика-химиялык сыноолорду жүргүзүү, сыноо протоколун тариздөө. | |||
3.3-аракет Сыноо протоколун тариздөө жана арыз ээсине Сыноо протоколун берүү | Сыноо протоколун тариздөө, аны каттоо жана арыз ээсине (электрондук арыз берген учурда ЭКМП аркылуу даярдыгы жөнүндө кабарлама менен) тапшыруу | |||
3-жол-жобонун натыйжасы: мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү аткаруу | ||||
3-жол-жобонун узактыгы: 3 жумушчу күн | ||||
3-жол-жобонун тиби: административдик | ||||