Загрузка документа…
| 10-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик
РЕГЛАМЕНТИ
«Экспорттоо максатында карантинге алынчу продукциянын карантиндик фитосанитардык абалын аныктоо, анын ичинде бардык фитосанитардык анализдердин жана экспертизалардын бардык түрлөрү менен аныктоо, карантинге алынчу продукциянын карантиндик фитосанитардык карантин абалы жөнүндө корутунду/фитосанитардык документтерди берүү»
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 – жылдын 10 – февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 5-главасы, 23-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Аталган мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан ишке ашырылат.
2. Аталган кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-майындагы № 254 токтомунун редакциясына ылайык) токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын IV-бөлүмүнүн 34-главасынын талаптарына шайкеш келет.
3.Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
1) Жалпы кызмат көрсөтүү мөөнөтү: 5 күнгө чейин анын ичинен:
- арызды жана коштоочу документтерди кабыл алуу жана кароо, импорттоочу өлкөнүн фитосанитардык талаптарын аныктоо убактысы - 25 мүнөткө чейин;
- карантиндик продукциялардын партиясынан үлгүлөрдү алуу менен тинтип кароо убакыты иштин көлөмүнө жараша - 2 саатка чейин;
- алынган үлгүлөргө лабораториялык экспертизаларды жүргүзүү менен карантиндик фитосанитардык экспертиза жөнүндө күбөлүк берүү убакыты экспертизанын татаалдыгына жараша - 3 сааттан 72 саатка чейин;
- фитосанитардык сертификат же реэкспорттук фитосанитардык сертификатты тариздөө жана берүү убакыты - 40 мүнөткө чейин.
2) фитосанитардык жана/же реэкспорттук фитосанитардык сертификатты (мындан ары – ФСС жана РФС) берүү боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектүү документтердин тизмеги:
а) фитосанитардык жана/же реэкспорттук фитосанитардык сертификатты алууга арыз берүү;
б) ким экендигин ырастаган документ;
в) товарды коштоочу документтердин нотариалдык жактан ырасталган көчүрмөлөрүн берүү;
г) Кыргыз Республикасынын аймагынан карантиндик продукцияларды анын негизинде алып чыгуу жүргүзүлгөн келишимдин (контракттын) көчүрмөсү, эгерде мындай келишим (контракт) бар болсо;
д) кызмат көрсөтүү төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
е) юридикалык жактар, анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын тастыктоочу (ишеним кат) кошумча документ берет;
ж) РФС алынган убакта, ЕАЭБдин өлкөлөрүнүн-мүчөлөрүнүн бажы аймактарынын чегинен тышка чыгарууга багытталган (реэкспорт), Кыргызстанга киргизилген карантинге алынчу продукцияга экспортер-өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, фитосанитардык сертификат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрылганда кызмат көрсөтүүчү тарабынан "Түндүк"ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга мүмкүн болгон документтер суралбайт.
3) Кызмат көрсөтүү акысы – мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүү акысы агрардык өнөржай комплекси жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында жайгаштырылган баалардын прейскурантында көрсөтүлгөн (www.agroprod.kg). Акы төлөө шарттары: төлөөгө берилген эсептин негизинде накталай эмес эсептешүү.
4) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Карантинге алынган продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу жана карантиндик зыяндуу жана жөнгө салынуучу өсүмдүктөрдүн зыяндуу организмдеринин жайылышын алдын алуу, анын жыйынтыгы боюнча карантиндик фитосанитардык экспертиза жөнүндө күбөлүк жана фитосанитардык сертификат же реэкспорттук фитосанитардык сертификат таризделет.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеси
Кызмат көрсөтүү төмөнкү жол-жоболордун топтомунан турат:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Арызды кабыл алуу жана ФСС жана/же РФС алуу үчүн тапшырылган документтерди алдын ала карап чыгуу | Мамлекеттик кызматты алууга керектүү документтерди топтоо |
2. | Карантиндик продукцияны карантиндик фитосанитардык текшерүүдөн өткөрүү |
|
3. | Лабораториялык экспертиза жүргүзүү үчүн үлгүлөрдү (сынамдарды) тандап алуу |
|
4. | Лабораториялык экспертизаны жүргүзүү жана лабораториялык корутунду берүү
| Мамлекеттик кызмат көрсөтүү акысы төлөнгөндүгүн тастыктоочу документтин болушу |
5. | Карантиндик текшерүү актысын түзүү, ФСС жана/же РФС тариздөө же берүүдөн баш тартуу |
|