Загрузка документа…
| 11-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик
РЕГЛАМЕНТИ
«Кыймылсыз мүлктү техникалык изилдѳѳдѳн ѳткѳрүү»
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 – жылдын 10 -февралындагы №85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган Реестринин (тизмесинин)
8-главасынын 81-1-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызматты көрсөтүү ргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалдары тарабынан жүзөгө ашат.
2. Аталган кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
(1) Кызматтарды көрсөтүү үчүн жалпы убакыт:
- документтерди кабыл алуу убактысы – 30 мүнөт аралыгында.
- кызматты кѳрсѳтүүнүн жалпы мѳѳнѳтү – 3 күн аралыгында.
- кызматты кѳрсѳтүүнүн натыйжасын берүү убактысы – 30 минут аралыгында.
Ири жана татаал объекттерди техникалык изилдѳѳнү аткаруу мѳѳнѳтү келишимдик негизде аныкталат.
(2) Кызматты алуу үчүн талап кылынган документтердин тизмеси:
1. Бардык кардарлар үчүн:
- тийиштүү формадагы арыз;
- ѳздүгүн (инсандыгын) тастыктаган документ (эгер кардар ѳзү келип кайрылса):
Ошол эле учурда, эгерде кызмат кѳрсѳтүү үчүн жеке адамдын ордуна анын ыйгарым укуктуу өкүлү кайрылган болсо, анда мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн жеке адамдан алган каттоо жүргүзүүгѳ уруксатын тастыктаган документ, юридикалык жак үчүн анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын тастыктаган документти, ошондой эле юридикалык жактын каттоодон ѳткѳндүгү тууралуу күбѳлүктүн ѳзү же анын кѳчүрмѳсү жана уюштуруучулук документтерин берүүнү камсыз кылуу керек.
- кыймылсыз мүлк бирдигине укук таануучу документ;
- мыйзамдуулукка ылайык архитектура жана курулуш жүргүзүү органдары тарабынан даярдалган уруксат берүүчү документтер (кыймылсыз мүлк бирдигинин курулушунда ѳзгѳрүлѳр жок болсо талап кылынбайт);
- тѳлѳм жүргүзүлгѳндүгү жѳнүндѳ квитанция (арыз ээсинин төлөм жүргүзүүсү мамлекеттик органдын адисинин берилген документтерди белгиленген талаптарга ылайык келишин текшергенден кийин арыз ээсине мамлекеттик каттоо үчүн эмгек акы төлөө жѳнүндѳ документти алып бергенден кийин жүргүзүлөт).
Кызматты электрондук форматта алууда электрондук формадагы арызды толтуруу жана кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтерди тапшыруу Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (мындан ары – мамлекеттик портал) же кызмат көрсөтүүчүнүң электрондук ресурсу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кайрылууда кызмат көрсөтүүчү тарабынан “Түндүк” өз ара аракеттенүү ведомстволор аралык системасы аркылуу алууга боло турган.документтер талап кылынбайт.
(3) Кызмат наркы: Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлѳт. Мамлекеттик кызматтын наркы (прейскуранты) ргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин буйругунун негизинде антимонополдук жѳнгѳ салуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктук орган менен макулдашуу аркылуу бекитилет.
(4) Кызматтын натыйжасы: кыймылсыз мүлк бирдигинин Техникалык паспорту.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеси
4. Кызмат көрсѳтүү төмөнкү жол-жоболорду камтыйт
1-таблица
№ | Жол-жоболордун аталышы | Эскертүү
|
Арызды жана документтерди кабыл алуу |
| |
Арыздарды тиркелген документтер менен бирге бѳлүштүрүү |
| |
Кыймылсыз мүлктүн техникалык изилдѳѳсүн ѳткѳрүү |
| |
Арыз ээсине кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспортун берүү |
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн.
4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн баяндоо
Таблица 2
Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы | Аракеттердин натыйжасы | Аракеттерди жөнгө салуучу документтер |
1-жол-жобо. Арызды жана документтерди кабыл алуу | ||||
1.1-аракет Арызды жана документтерди кабыл алуу | Документтерди кабыл алуу жана берүү бѳлүмүнүн документтерди кабыл алган жана берген кызматкери | 10 мүнөттөн ашпайт | арыз документтерди кабыл алган жана берген кызматкер тарабынан толтурулат | - «Кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо жана укуктарды чектѳѳ, алар менен бүтүмдѳрдү түзүү жѳнүндѳ» КРнын мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №388 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык изилдѳѳ жүргүзүү тартиби жѳнүндѳ жобо.
|
1.2-аракет Тѳлѳм жѳнүндѳ кѳчүрмѳнү жана документти кабыл алуу | 10 мүнөттөн ашпайт | Кыймылсыз мүлккѳ техникалык изилдѳѳ жүргүзүү боюнча иштерге тѳлѳм жүргүзүү документи жазылат | ||
1.3-аракет Арыз ээсине анын арызын жана документтерин кабыл алгандык тууралуу тил катты (расписка) берүү | 10 мүнөттөн ашпайт | - тѳлѳм жүргүзүлгѳндүгүн тастыктаган документти кѳрсѳтүүдѳн кийин арыз кыймылсыз мүлккѳ техникалык изилдѳѳ жүргүзүүнү ѳткѳрүү журналында катталат; - арыз ээлерине алардын арызын жана документтерин тийиштүү белгиленген формада кабыл алгандык тууралуу расписканы; | ||
Б) арызды электрондук түрдѳ Мамлекеттик портал/ мамлекеттик органдын электрондук ресурсы аркылуу кабыл алуу. Э-Банк аркылуу «Түндүк» аттуу ведомсто аралык ѳз ара аракеттенишүү системасынын (ВАѲААС) акы тѳлѳѳ шлюзу аркылуу тѳлѳм жүргүзүү | Документтерди кабыл алуу жана берүү бѳлүмүнүн документтерди кабыл алган жана берген кызматкери | Онлайн | Мамлекеттик портал аркылуу кызмат кѳрсѳтүүгѳ арызды жоопту кызматкерге керектүү документтерди андан кийин берүү мүмкүнчүлүгү менен жолдо мүмкүнчүлүгү бар | Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2019-жылдын 7-октябрындагы №525 токтому менен бекитилген Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталын пайдалануу тартиби |
Жол-жобонун натыйжасы : арызды тийиштүү тартипте кабыл алуу | ||||
Жол-жобонун узактыгы : 30 мүнөттөн ашпайт | ||||
Бул жол-жобонун тиби : уюштуруу-башкаруучулук | ||||
2-жол-жобо. Арыздарды тиркелген документтери менен бирге бѳлүштүрүү | ||||
2.1-аракет Тиркелген документтери менен бирге кабыл алынган арыздын кыймылсыз мүлккѳ техникалык изилдѳѳ жүргүзүү боюнча түзүмдүк бѳлүмгѳ келип түшүшү. | Кыймылсыз мүлккѳ техникалык изилдѳѳ жүргүзүү боюнча түзүмдүк бѳлүмдүн жетекчиси | 1 саат | Кыймылсыз мүлктү техникалык изилдѳѳдѳн ѳткѳрүү үчүн түзүмдүк бѳлүмдүн аткаруучусуна документтерди берүү | Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш жүргүзүү боюнча типтүү нускама (инструкция) |
Жол-жобонун натыйжасы : кызматты кѳрсѳтүүчүнү дайындоо | ||||
Жол-жобонун узактыгы : 1 саат | ||||
Бул жол-жобонун тиби : уюштуруу-башкаруучулук | ||||
3-жол-жобо. Кыймылсыз мүлккѳ техникалык изилдѳѳ жүргүзүү | ||||
3.1-аракет Кыймылсыз мүлккѳ техникалык изилдѳѳ жүргүзүү | Кыймылсыз мүлккѳ техникалык изилдѳѳ жүргүзүү боюнча түзүмдүк бѳлүмдүн кызматкери | 3 жумушчу күнү. Ири жана татаал объекттерге мѳѳнѳтү кызмат кѳрсѳтүүнү кѳргѳн тарап (арыз ээси) менен макулдашуу аркылуу коюлат.
| - техникалык изилдѳѳ ѳткѳрүү жана бул документти ага тиркелген документтер менен бирге каттоо бѳлүмүнѳ же документтерди берүү бѳлүмүнѳ берүү; - эгер КРнын мыйзамдуулугуна укук таануучу документтер топ келбесе, арыз боюнча техникалык изилдѳѳнү ѳткѳрүүдѳн баш тартуу | Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №388 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык изилдѳѳ жүргүзүү тартиби жѳнүндѳ жобо. |
3.1-аракет Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык паспортту даярдоо жана жол-жоболоштуруу (оформление) | Кыймылсыз мүлккѳ техникалык изилдѳѳ жүргүзүү боюнча түзүмдүк бѳлүмдүн кызматкери | Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык паспортту даярдоо жана кабыл алуу залына тапшыруу, документтерди берүү Эгер кыймылсыз мүлккѳ техникалык изилдѳѳ биринчи жолу жүргүзүлүп жатса, анын техникалык паспорту каттоо бѳлүмүнѳ тапшырылат. | ||
Жол-жобонун натыйжасы : кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык паспортту даярдоо | ||||
Жол-жобонун узактыгы : 3 жумушчу күнү (ири жана татаал объекттерге мѳѳнѳт макулдашуу аркылуу коюлат) | ||||
Бул жол-жобонун тиби : административдик процедура | ||||
4-жол-жобо. Арыз ээсине кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспорттун берүү | ||||
4.1-аракет Арыз ээсине кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык паспорттун берүү | Документтерди кабыл алган жана берген адис
| 30 мүнөттөн ашпайт | Техникалык паспортту берүү
| КРѲнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №388 токтому менен бекитилген Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык изилдѳѳ жүргүзүү тартиби жѳнүндѳ жобо. |
Жол-жобонун натыйжасы : кыймылсыз мүлктүн техникалык паспорту | ||||
Жол-жобонун узактыгы : 30 мүнөттөн ашпайт | ||||
Бул жол-жобонун тиби : административдик процедура | ||||