Загрузка документа…
| 14-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик
РЕГЛАМЕНТИ
«Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү»
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 – жылдын 10 - февралындагы №85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган Реестринин (тизмесинин)
6-главасынын 55-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызматты көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалдары тарабынан ишке ашырылат.
2. Аталган кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартынын № 109 токтомунун редакциясына ылайык) токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын V-бөлүмүнүн 45-главасынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы
1. Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөнү, жергиликтүү каттоо органы боюнча кыймылсыз мүлккө мурда катталган менчик укугу жөнүндө жана жергиликтүү каттоо органы боюнча кыймылсыз мүлктүн жоктугу жөнүндө маалымкаттарды берүүнүн мөөнөтү:
- документтерди кабыл алуу мөөнөтү 30 мүнөттөн ашпайт;
- көчүрмөлөрдү жана маалымкаттарды берүүнүн жалпы мөөнөтү 30 мүнөттөн ашпайт;
- кызмат көрсөтүүнүн чектелген убактысы - 30 мүнөттөн ашык эмес.
2. Каттоо делосунан документтердин көчүрмөлөрүн берүүнүн мөөнөтү:
- документтерди кабыл алуу мөөнөтү 30 мүнөттөн ашпайт;
- документтердин көчүрмөлөрүн берүүнүн жалпы мөөнөтү 8 иш саатынан ашпайт;
- кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүүнүн чектелген убактысы 30 мүнөттөн ашык эмес.
3. Кыймылсыз мүлктүн бирдиктүү маалыматтык системасына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыймылсыз мүлккө мурда катталган укуктар жөнүндө, кыймылсыз мүлктүн жоктугу жөнүндө, кыймылсыз мүлккө катталган укуктар жөнүндө маалымкаттарды берүү, кыймылсыз мүлктүн техникалык параметрлери жөнүндө, кыймылсыз мүлк рыногу боюнча статистикалык маалыматтар, мүлктүн графикалык маалыматтары, картографиялык материалдардын электрондук жана кагаз түрүндөгү көчүрмөлөрү, спутниктик тармакты башкаруу борборунан (GNSS станциясынан) алынган маалыматтарды берүү мөөнөтү:
- документтерди кабыл алуу мөөнөтү 5 мүнөттөн ашпайт;
- маалымкаттарды жана маалыматтарды берүүнүн жалпы мѳѳнѳтү 10 мүнөттөн ашпайт;
- кызмат көрсөтүүнүн натыйжасын берүүнүн чектелген убактысы 5 мүнөттөн ашык эмес.
(2) Кызматты кѳрсѳтүүдѳгү зарыл болгон документтердин тизмеси:
Мамлекеттик кызматты кѳрсѳтүүдѳ төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- белгиленген формадагы арыз;
- кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдүн квитанциясы;
- жеке жак үчүн - ким экендигин күбөлөндүргөн документ. Жеке жактын ыйгарым укуктуу өкүлү үчүн - ким экендигин тастыктаган документ, ошондой эле жеке жактын өкүлүнүн ыйгарым укугун тастыктаган документ;
- юридикалык жак үчүн - анын өкүлүнүн ким экендигин жана анын ыйгарым укугун тастыктаган документ, ошондой эле юридикалык жакты каттоо тууралуу күбөлүктүн түп нускасы жана көчүрмөсү, юридикалык жактын уюштуруу документтери (юридикалык жак катары Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында катталбаган учурда жергиликтүү бийлик органынын токтомунун же юридикалык жак катарында катталган статистикалык баракчанын түп нускасы жана көчүрмөсү берилет).
Кызматты электрондук форматта берүү.
1. Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системадан (мындан ары - КМБМС) веб-портал аркылуу онлайн режиминде төмөнкү маалыматтарды берүүгө болот:
- КМБМСнын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыймылсыз мүлккө мурда катталган укуктар тууралуу маалымкат;
- КМБМСнын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу тууралуу маалымкат;
- КМБМСнын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталган укуктар тууралуу маалымкат;
- кыймылсыз мүлктүн техникалык параметрлери жөнүндө маалыматтар;
- кыймылсыз мүлк рыногу жөнүндө статистикалык маалыматтар;
- кыймылсыз мүлк объектисинин графикалык маалыматтары;
- спутниктик тармакты башкаруу борборунан (GNSS станциясынан) алынган маалыматтар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кыймылсыз мүлк жөнүндө башка маалыматтар.
КМБМСнан маалымат берүү тартиби:
- электрондук кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимди түзүү;
- келишимдин негизинде колдонуучунун атын жана сыр сөзүн ыйгаруу аркылуу авторизациясы;
- колдонуучунун жогорудагы кызматтарды алууга уруксаат берүү;
- маалымат дароо электрондук түрдө эч кандай арыз талап кылынбастан берилет;
- суралган маалыматтын берилген формасы:
1) КМБМСнан алынган маалыматтын берилген күнүн жана убактысын;
2) КМБМСдагы маалыматтын жаңылануу күнүн жана убактысын;
3) суралган мүлк жөнүндө маалыматты жаңылоонун күнүн жана убактысын камтыйт
2. Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталынан төмөнкү маалыматтарды онлайн режиминде берүүгө болот;
- КМБМСнын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыймылсыз мүлккө мурда катталган укуктар тууралуу маалымкат;
- КМБМСнын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу тууралуу маалымкат;
- КМБМСнын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталган укуктар тууралуу маалымкат;
- кыймылсыз мүлктүн техникалык параметрлери жөнүндө маалыматтар.
Жеке адам үчүн маалыматтар булуттук электрондук санариптик кол тамга (ЭСКТ) же биометрикалык паспорттун маалыматтарын колдонуу аркылуу аныктап берилиши мүмкүн.
Төлөм «Түндүк» порталынын жѳнѳтүү (шлюз) аркылуу жүргүзүлөт.
«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму (мындан ары – ВЭӨТ):
- мамлекеттик органдар жана башка юридикалык жактар веб-сервис аркылуу кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат алышат. Төлөм «Түндүк» ВЭӨТнун жѳнѳтүү (шлюз) тѳлѳмү боюнча Э-Банк аркылуу жүргүзүлөт
(3) Кызмат кѳрсѳтүүнүн баасы: Мамлекеттик кызмат акы төлөѳ негизинде кѳрсѳтүлѳт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы (Баалардын прейскуранты) Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын АСЧАӨМнин буйругу менен бекитилет.
(4) Кызмат кѳрсѳтүүнүн жыйынтыгы:
Төмөнкү кѳрсѳтүлгѳн документтердин бири:
1. Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө.
2. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмчөсүнүн маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыймылсыз мүлккө мурда катталган укуктар тууралуу маалымкат.
3. Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан алынган маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыймылсыз мүлккө мурда катталган укуктар тууралуу маалымкат.
4. Ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмчөсүнүн маалыматы боюнча кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу тууралуу маалымкат.
5. Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан алынган маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкүнүн жоктугу тууралуу маалымкат.
6. Кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык системасынан алынган маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында катталган укуктар тууралуу маалымкат.
7. Кыймылсыз мүлктүн техникалык параметрлери жөнүндө маалыматтар.
8. Каттоо делосунан алынган документтердин кѳчүрмѳсү.
9. Кыймылсыз мүлк рыногу жөнүндө статистикалык маалыматтар.
10. Кыймылсыз мүлк объектисинин графикалык маалыматтары.
11. Электрондук жана кагаз түрүндѳгү картографиялык материалдардын кѳчүрмѳлѳрү.
12. Спутниктик тармакты башкаруу борборунан (GNSS станциясынан) алынган маалыматтар.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеси
4. Кызмат көрсѳтүү төмөнкү жол-жоболорду камтыйт
Таблица 1
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертме |
Арызды кабыл алуу. Төлөм документинин жазылышы жана кабыл алынышы. Арыз ээсине арызды кабыл алынганы тууралуу түшүнүк кат берүү. |
| |
Арыздарды бѳлүштүрүү. |
| |
Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды даярдоо же кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүдөн жүйөлүү баш тартуу. |
| |
Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүү же кыймылсыз мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүдөн жүйөлүү баш тартуу |
|