Загрузка документа…
| 16-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик
РЕГЛАМЕНТИ
«Айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөрдүн арыздары боюнча өсүмдүктөрдүн зыянкечтерине, илдеттерине жана отоо чөптөргө каршы химиялык иштетүү»
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 – жылдын 10 – февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 8-главасы, 2-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан аткарылат.
2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 токтому (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы №533 токтомунун редакциясы) менен бекитилген стандартынын IV-бөлүмүнүн 49-главасынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убакыты 15 жумушчу күн:
- кабыл алуу, арызды жана документтерди кароо - 20 мүнөттөн көп эмес;
- химиялык иштетүү - арыз жана керектүү документтер берилген күндөн тартып 5 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөт;
- иштердин натыйжалуулугун баалоо – химиялык иштетүү күнүнөн тартып 10 жумушчу күндөн көп эмес;
- аткарылган жумуштардын актысын даярдоо - химиялык иштетүү күнүнөн тартып 10 жумушчу күндөн көп эмес;
(2) Кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:
1. Жеке жана юридикалык жактардын белгиленген формага ылайык толтурулган арызы.
2. Документтер:
- жеке жак үчүн - керектөөчүнүн (ыйгарым укуктуу жактын) өздүгүн тастыктаган күбөлүк же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- юридикалык жак үчүн - юридикалык жакты каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
анын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын тастыктаган документ (ишеним кат).
Кызматты электрондук форматта алууда электрондук формадагы арызды толтуруу жана кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтерди тапшыруу Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (мындан ары – мамлекеттик портал) же агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук ресурсу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кайрылууда кызмат көрсөтүүчү тарабынан «Түндүк» өз ара аракеттенүү ведомстволор аралык системасы аркылуу алууга боло турган документтер талап кылынбайт.
(3) Кызмат көрсөтүүнүн баасы: Мамлекеттик кызмат акы төлөөнүчү негизинде көрсөтүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы (Баалардын прейскуранты) Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин буйругу менен бекитилет.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Контролдук иликтөөлөрдүн негизинде зыянкечтерге, илдеттерге жана отоо чөптөргө каршы химиялык дарылоо жүргүзүү.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү төмөнкү жол-жоболорду өзүнө камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жоболордун аталышы | Эскертүү |
1. | Документтерди кабыл алуу жана каттоо |
|
2. | мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн төлөм кабыл алуу |
|
3. | пестициддерди колдонуунун түрүн жана регламентин аныктоо максатында зыянкечтерди, илдеттерди жана отоо өсүмдүктөрүн аныктоо жана диагностикалоо үчүн арыз ээлеринин айыл чарба жерлерине жана көп жылдык бак-дарактарына контролдук иликтөөлөрдү жүргүзүү |
|
4. | контролдук иликтөөлөрдүн негизинде зыянкечтерге, илдеттерге жана отоо өсүмдүктөрүнө каршы химиялык дарылоо жүргүзүү |
|
5. | Аткарылган иштердин натыйжалуулугун, сапатын текшерүү жана Аткарылган иштердин актысын арыз ээсине өткөрүп берүү |
|
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн.
4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн баяндоо
2-таблица
Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы | Аракеттердин натыйжасы | Аракеттерди жөнгө салуучу документтер |
1-жол-жобо. Документтерди кабыл алуу жана каттоо | ||||
1.1-аракет А) керектүү документтер менен арызды кабыл алуу | Кабыл алууга жана документтерди каттоого жооптуу адис | 20 мүнут | 1) Мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн арызы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө буйрук каттоо журналына каттоо. 2) Документтерди кабыл алуудан жана/же бул мамлекеттик кызматты көрсөтүүдөн баш тартуу чыгыш каттарынын журналында катталууга тийиш. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү типтүү нускама жөнүндө |
Б) арызды электрондук түрдө Мамлекеттик портал же Кызмат көрсөтүүчүнүн электрондук ресурсу аркылуу кабыл алуу | ||||
1-жол-жобонун натыйжасы: Арызды кабыл алуу жана каттоо | ||||
1-жол-жобонун узактыгы: 20 мүнөт | ||||
1-жол-жобонун тиби: уюштуруу-башкаруучулук | ||||
2-жол-жобо. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн төлөм кабыл алуу | ||||
2.1-аракет А) арыз ээсине, же анын өкүлүнө төлөө эсептерин берүү | Бухгалтер | 20 мүн | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдүн дүмүрчөгүн же төлөм тапшырмасынын көчүрмөсүн кабыл алуу (анын ичинде эгерде арыз электрондук форматта берилсе, Мамлекеттик порталдын төлөм шлюзи аркылуу) |
|
2-жол-жобонун натыйжасы: Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн төлөм кабыл алуу | ||||
2-жол-жобонун узактыгы: 20 мүнөт | ||||
2-жол-жобонун тиби: административдик | ||||
3-жол-жобо. Пестициддерди колдонуунун түрүн жана регламентин аныктоо максатында зыянкечтерди, илдеттерди жана отоо өсүмдүктөрүн аныктоо жана диагностикалоо үчүн арыз ээлеринин айыл чарба жерлерине жана көп жылдык бак-дарактарына контролдук иликтөөлөрдү жүргүзүү | ||||
3.1-аракет - иликтөө өтүүчү жерге баруу; - зыянкечтердин отрукташуусун, илдеттердин жайылышын жана отоо чөптөрдүн айыл чарба жерлеринде жана көп жылдык бак-дарактарда аныктоо; - зыяндуу объекттердин түрдүк курамын түзүү, ылаңдаган аянттарды тактоо жана аларды кайра иштетүү тартибин аныктоо. | Иликтөөчүлөрдүн тобу (директордун буйругу менен бекитилет жана борбордук аппараттын жана (же) аймактык башкармалыктардын адистеринен түзүлөт) | 1 күн | Белгиленген аянтты иликтөө жана зыянкечтердин орточо жыштыгын аныктоо, 1 м2 жердеги илдеттер жана отоо чөптөр менен жабыркаган өсүмдүктөрдү текшерүү.
| КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жөнүндө жобо
|
3.2-аракет Чогултулган материалды талдоо | Ар бир изилдөөчү | 1 күн | Ар бир изидөөчү басып өткөн жолдун жалпы узундугун жана кооптуу объекттин орточо санын аныктайт, андан кийин изилденүүчү жана отурукташкан аймактын жалпы аянтын, кооптуу объекттин орточо тыгыздыгын тактайт. | |
3.3-аракет Иликтөө актысын түзүү | Аймактык бөлүмдөрдүн адистери | 1 күн | Иликтөө актысында изилденген жалпы аянт, илдет жуккан аймак, иликтөөнүн мөөнөтү, колдонулган пестициддер ж.б. көрсөтүлөт. Актыга зыяндуу объекттин жайгашкан жеринин белгилери менен иликтелген себүү тилкесинин схемалык картасы тиркелет. | |
3-жол-жобонун натыйжасы: Контролдук иликтөө жүргүзүү | ||||
3-жол-жобонун узактыгы: 3 жумушчу күн | ||||
3-жол-жобонун тиби: административдик | ||||
4-жол-жобо. Контролдук иликтөөлөрдүн негизинде зыянкечтерге, илдеттерге жана отоо өсүмдүктөрүнө каршы химиялык дарылоо жүргүзүү | ||||
4.1-аракет дарылоо участогуна чыгуу жана зыянкечтерге, илдеттерге жана отоо чептерге каршы химиялык тазалоо
| Фитосанитардык коопсуздук бөлүмүнүн адистери | Аткарылган иштердин көлөмүнө жараша 7 жумушчу күн
| Зыянкечтерге, илдеттерге жана отоо чөптөргө каршы химиялык дарылоо жүргүзүү
| КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жөнүндө жобо |
4-жол-жобонун натыйжасы: Химиялык дарылоо жүргүзүү | ||||
4-жол-жобонун узактыгы: 7 жумушчу күн | ||||
4-жол-жобонун тиби: административдик | ||||
5-жол-жобо. Аткарылган иштердин натыйжалуулугун, сапатын текшерүү | ||||
5.1-аракет Дарылоочу жерге баруу, кайталап иликтөөлөрдү жүргүзүү жана химиялык тазалоонун сапатын баалоо | Департаменттин фитосанитардык коопсуздук бөлүмүнүн жана Регионалдык өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмдөрүнүн адистери | 1 жумушчу күн (дарылоодон 3 күн өткөндөн кийин) | Натыйжасыз химиялык тазалоодо, буйрутмачы менен макулдашуу үчүн аткарылган иштердин актысын түзүү 4-процедурага ылайык кайталап химиялык тазалоо жүргүзүлөт жүргүзүлөт. | КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти жөнүндө жобо
|
5.2-аракет Аткарылган иштердин актысын буйрутмачыга өткөрүп берүү | Департаменттин фитосанитардык коопсуздук бөлүмүнүн жана Регионалдык өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмдөрүнүн адистери | 1 жумушчу күн | Буйрутмачы менен макулдашылган Аткарылган иштердин актысы буйрутмачыга өткөрүп берилет же ЭКМП аркылуу өздүк кабинетке жөнөтүлөт. | |
5-жол-жобонун натыйжасы: кызмат көрсөтүү | ||||
5-жол-жобонун узактыгы: 2 жумушчу күн | ||||
5-жол-жобонун тиби: административдик | ||||