Загрузка документа…
| 18-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик
РЕГЛАМЕНТИ
«Жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча карантинге алынчу продукцияны, транспорт каражаттарын зыянсыздоо, кампа жайларды өсүмдүктөрдүн карантинин камсыздоо ченемдерине жана эрежелерине ылайык профилактикалык фитосанитардык зыянсыздоо жана зыянсыздалганын ырастоочу документти берүү»
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 – жылдын 10 – февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 8-главасы, 4-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Аталган мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдында Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан ишке ашырылат (мындан ары -Депаратмент).
2. Аталган кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-майындагы № 254 токтомунун редакциясына ылайык) токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын VIII-бөлүмүнүн 13-главасынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
1) Жалпы кызмат көрсөтүү мөөнөтү: 7 күнгө чейин анын ичинен:
- арызды жана документтерди кабыл алуу жана кароо, зыянсыздоо методун тандоо, ошондой эле химиялык затты сарптоо санын алдын ала эсептөө убактысы - 30 мүнөткө чейин;
- карантинге алынуучу продукцияны, транспорт каражаттарын, кампа жайларын жайгашкан ордуна, жылчыксыздыгына, зыянсыздоо үчүн карантиндик объекттин көлөмүнө карата кароо убакыты - 2 саатка чейин;
- газдаштыруу методу же аэрозоль чачуу методу менен зыянсыздоо карантиндик объекттин көлөмүнө жана зыянсыздоо методуна жараша - 24 сааттан 168 саатка чейин;
- карантиндик фитосанитардык зыянсыздоо жөнүндө актты тариздөө жана берүү убактысы - 40 мүнөткө чейин.
2) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектүү документтердин тизмеги:
а) ким экендигин ырастаган документ;
б) кызмат көрсөтүүнү алууга арыз берүү;
в) кызмат көрсөтүү акысы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
г) ишеним кат (юридикалык жактардын атынан, алардын өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын тастыктоочу документ).
Кызматты электрондук форматта алууда электрондук формадагы арызды толтуруу жана кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтерди тапшыруу Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (мындан ары – мамлекеттик портал) же агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук ресурсу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кайрылууда кызмат көрсөтүүчү тарабынан “Түндүк” өз ара аракеттенүү ведомстволор аралык системасы аркылуу алууга боло турган документтер талап кылынбайт.
3) Кызмат көрсөтүү акысы – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөнөт. Кызмат көрсөтүү акысы агрардык өнөржай комплекси жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында жайгаштырылган баалардын прейскурантында көрсөтүлгөн (www.agroprod.kg). Акы төлөө шарттары: төлөөгө берилген эсептин негизинде накталай эмес эсептешүү.
4) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча карантинге алынуучу продукцияны, транспорт каражаттарын зыянсыздоо, кампа жайларын өсүмдүктөрдүн карантинин камсыздоо ченемдерине жана эрежелерине ылайык профилактикалык фитосанитардык зыянсыздоо жана зыянсыздалганын ырастоочу документти берүү.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү төмөнкү жол-жоболорду өзүнө камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1. | Мамлекеттик кызматка суроо-талаптын берилиши | Кызмат көрсөтүүнүн зарылдыгы жөнүндө суроо-талап келип түшкөндөн кийин, адис кызмат көрсөтүү тартиби жөнүндө маалымат берет. Белгиленген үлгүдөгү арыз жана коштолуучу документтер берилет, андан соң жетекчилик кызматты аткарууга жооптуу адамды дайындоо жөнүндө резолюция чыгарат. Аткаруучу арызды карап чыгып, арызды каттоодон өткөрөт жана документтердин пакетин топтойт |
2. | Карантинге алынуучу продукцияны, транспорт каражаттарын, кампа жайларын зыянсыздоонун алдында текшерүү
| Зыянсыздандыруу кызматын (карантинге алынуучу продукцияны, транспорт каражаттарын, кампа жайларынын жайгашкан жерин, герметикалык абалын, карантинге алынуучу объекттин көлөмүн текшерүү) көрсөтүү максатында зыянсыздандыруу боюнча адис менен алдын ала иш алып баруу |
3. | Зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүү | Зыянсыздандыруу боюнча адис зыянсыздандыруу иштерин аткаруучу жерге барат |
4. | Зыянсыздандыруу иштерин аткаруу актысын берүү, карантиндик фитосанитардык зыянсыздоо актысын берүү | Бул жол-жободо тийиштүү документтерди тариздөө жана берүү менен кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы каралат |