Загрузка документа…
| 19-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик
РЕГЛАМЕНТИ
“Суу пайдалануучуларды суу менен камсыздоо”
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 – жылдын 10 -февралындагы №85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган Реестринин (тизмесинин)
9-главасынын 1-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызматты көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Аталган кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-июнундагы № 412 токтомунун редакциясына ылайык) токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын VI-бөлүмүнүн 6-главасынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: Суу керектөөчүдөн арызды кабыл алуу мөөнөтү 20 мүнөт.
Кызмат Суу ресурстары мамлекеттик кызматынын аймактык бөлүмүндө арыз катталган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде көрсөтүлөт (кызмат көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын көзөмөлүндө болбогон учурлардан тышкары).
2) Кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
- сугат жерлеринин мамлекеттик актысы (же ижара келишими, эгерде кызматтын керектөөчүсү жер ижарасы болсо);
- суу менен камсыздоо жөнүндө келишими;
- суу алуу үчүн арыз;
- кызмат үчүн төлөм квитанциясы;
- өздүгүн таксыктаган документ (паспорт). Юридикалык жактар өздөрүнүн өкүлүнүн ыйгарым укуктарын тастыктоочу документи (ишеним кат) кошумча беришет.
Кызматты электрондук форматта алууда электрондук формадагы арызды толтуруу жана кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтерди тапшыруу Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (мындан ары – мамлекеттик портал) же агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук ресурсу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кайрылууда кызмат көрсөтүүчү тарабынан “Түндүк” өз ара аракеттенүү ведомстволор аралык системасы аркылуу алууга боло турган документтер талап кылынбайт.
3) Мамлекеттик кызмат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 372 "Мамлекеттик суу пайдалануучуларга мамлекеттик суу тутумдарынан суу берүү кызматтарына акы төлөө тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт.
4) Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн натыйжасы суу пайдалануучуларга суу пайдалануу планына ылайык сугат суусун берүү жана арыздардын негизинде суу пайдалануучуларга суунун керектүү көлөмү болуп саналат.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү төмөнкү жол-жоболорду өзүнө камтыйт:
Таблица 1
№ | Жол-жоболордун аталышы | Эскертме |
1. | Тейлөө келишимин түзүүгө арызды кабыл алуу | Зарыл болгон учурда кошумча документтерди суроо менен келишимге берилген документтердин тизмесин кароо |
2. | Суу менен камсыздоого арызды кабыл алуу жана тариздөө | Кардар кызмат көрсөтүү башталганга чейин 3 күн мурун арыз берүүгө милдеттүү |
3. | Сугат суу менен камсыз кылуу | 3 күндүн ичинде |
4. | Кызматтын баасын толук төлөө | Эсеп-фактура жана акыркы эсептешүү |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн.
4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн баяндоо
2-таблица
Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Жол-жобонун жана аракеттин аталышы |
1-жол- жобо. Кызмат көрсөтүү келишимин түзүүгө арызды кабыл алуу | ||||
1.1-аракет Келишим түзүү үчүн арызды кабыл алуу, документтерди текшерүү | Суу пайдалануу бөлүмүнүн адиси
| 15 мин. (жылдын 15.02.) | Арызды каттоо | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 28-апрелиндеги № 233 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик суу тутумдарынан сугат суусун берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө типтүү келишимди бекитүү жөнүндө" токтому |
Документтердин даяр пакети
| ||||
1.2-аракет Келишимдин долбоорун түзүү | 15 мин. | Келишимдин долбоору | ||
1.3-аракет Келишим түзүү
| Жетекчи | Келишимди түзүү | ||
Процедуранын натыйжасы: суу менен камсыз кылуу келишимин түзүү | ||||
Процедуранын узактыгы: 30 мүнөт | ||||
Жол-жобонун түрү: Административдик | ||||
2-жол- жобо. Суу берүүгө арызды кабыл алуу жана тариздөө | ||||
2.1-аракет А) Өтүнмөнү кабыл алуу жана каттоо | Суу пайдалануу бөлүмүнүн адиси
| 20 мин. | - арызды каттоо (келишимдин негизинде) - каттоо жөнүндө арыз берүүчүгө билдирүү | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги жөнүндө» жобо. |
Б) Мамлекеттик портал (же кызмат көрсөтүүчүнүн электрондук ресурсу) аркылуу электрондук түрдө арызды кабыл алуу
| Автоматтык түрдө | |||
Процедуранын натыйжасы: алдын ала төлөм жүргүзүү | ||||
Процедуранын узактыгы: 20 мүнөт | ||||
Жол-жобонун түрү: Административдик | ||||
3-жол- жобо. Сугат үчүн суу берүү | ||||
3.1-аракет Кызмат көрсөтүү
| Гидроучастканын адистери | Арыз берилген күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде
| Сугат үчүн суу менен камсыздоо (төлөмдү алуу боюнча)
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги жөнүндө» жобо |
5.2-аракет Суу берүү жана кабыл алуу актысын түзүү | Гидроучастканын адистери | Кызмат көрсөтүлгөндөн кийин 3 жумушчу күндүн ичинде | Суу берүү жана кабыл алуу актына кол коюлган |
|
Процедуранын натыйжасы: сугат үчүн суу берүү | ||||
Процедуранын узактыгы: арызга жараша (жер аянты) | ||||
Жол-жобонун түрү: Административдик | ||||
4-жол- жобо. Кызматтын баасын толук төлөө | ||||
4.1-аракет Сууну берүү жана алуу актысын түзүү (төлөмдүн наркы) | Гидроучастканын адистери | Кызмат көрсөтүлгөндөн кийин 3 жумушчу күндүн ичинде (ай сайын) | кол коюлган Суу берүү жана кабыл алуу акты
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги жөнүндө» жобо. |
4.2-аракет Салыштыруу отчетун түзүү (жылдын аягында)
| Гидроучастканын адистери | 30 мин | Акыркы эсептешүү жана төлөө үчүн эсеп коюу. Кол коюлган жана күбөлөндүрүлгөн салыштыруу актысы | |
Процедуранын натыйжасы: суу менен камсыз кылуу үчүн акыркы төлөм | ||||
Процедуранын узактыгы: 30 мүнөт | ||||
Жол-жобонун түрү: Административдик | ||||