Загрузка документа…
| 21-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик
РЕГЛАМЕНТИ
«Мамлекеттик токой питомниктеринде өстүрүлгөн жыгачтарды багып кыюудан, токойду калыбына келтирүүчүү кыюудан, санитардык кыюудан кийин жана тигилүүчү материалдарды сатуу»
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 – жылдын 10 – февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 9-главасы, 4-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызматты көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын аймактык мамлекеттик токой чарба органдары (мындан ары - токой чарбасы) тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Аталган кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы №303 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрыдагы № 735 токтомунун редакциясына ылайык) токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын VI-бөлүмүнүн 3-главасынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандартында аныкталган негизги параметрлер:
(1) Жалпы кызмат көрсөтүү убактысы: 14 жумушчу күн
(2) Кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
а) Арыз;
б) Акы тɵлɵгɵндүгү тууралуу дүмүрчөк;
в) Товарларды коё берүү жɵнүндɵ накладной.
Кызматты электрондук форматта алууда электрондук формада арыз толтуруу Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (мындан ары - ЭКМП) аркылуу ишке ашырылат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрылууда кызмат көрсөтүүчү «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу алууга боло турган документтерди сурабайт.
(3) Тейлөө наркы: Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы (Баалардын прейскуранты) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ТЧМА тарабынан бекитилет.
(4) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Арыз берүүчү тарабынан жыгач, көчөт материалдарын кабыл алуу.
2. Кызмат көрсөтүү процесинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү төмөнкү жол – жоболорду өзүнө камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жоболордун аталышы | Эскертүү |
1 | Мамлекеттик кызматты пайдалануучудан арыз кабыл алуу (кабыл алуу), арызды каттоо жана кароо | Арыз ээсинин жеке кайрылуусу менен административдик аракеттерди жасоонун максималдуу мөөнөтү 15 мүнөттөн 24 саатка чейин. ТЧМА борбордук аппаратына жазуу түрүндө кайрылса - 14 жумушчу күн. |
2 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдү кабыл алуу, документтерди тариздөө (эсеп-фактура). | Иш-аракет түздөн-түз аткаруучу тарабынан ишке ашырылат(токой чарба). |
3 | Арыз ээсине зарыл продукцияны берүү (жыгач же көчөттөр) | Жыгачтарды берүү мөөнөтү кыюу мөөнөтүнө жараша болот |
2. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөлөрүн баяндоо
2-таблица
Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы | Аракеттердин натыйжасы | Аракеттерди жөнгө салуучу документтер |
1-жол жобо. Мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн арызын кабыл алуу жана каттоо | ||||
1.1-аракет А) Мамлекеттик кызматты керектөөчүнүн арызын кабыл алуу жана каттоо | ТЧМА жалпы бөлүмдүн адиси; бухгалтер | ТЧМАнин борбордук аппаратына жазуу жүзүндөгү суроо-талап боюнча - бир жумушчу күндүн ичинде | ТЧМА: арызды белгиленген формадагы журналга каттоо жана 14 жумушчу күндүн ичинде тиешелүү токой чарбасына буйрук жөнөтүү. | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигине караштуу Токой чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө» жобо |
Токой чарбада: кызматчы жана токой чарбасынын директору. | арыз ээсинин жеке кайрылуусу менен 15 мүнөттөн 24 саатка чейин | продукцияны чыгаруу боюнча тиешелүү токой чарбасына буйрукту аткаруу | ||
Б) ЭКМП тарабынан электрондук түрдө арызды кабыл алуу | ТЧМАнин жалпы бөлүмүнүн адиси | Автоматтык түрдө | арызды каттоо жана иш-аракеттердин натыйжалары жөнүндө арыз ээсине билдирүү менен тиешелүү токой чарбасына буйрук берүү | КР Өкмөтүнүн 07.10.2019-жылдагы № 525 токтому менен бекитилген Электрондук кызмат мамлекеттик порталын пайдалануу эрежеси |
1-жол жобонун натыйжасы: Арызды кабыл алуу жана каттоо | ||||
1-жол жобонун узактыгы: 1 жумушчу күн | ||||
1-жол жобонун тиби: уюштуруучулук жана башкаруучулук | ||||
2-жол жобо. Кызмат көрсөтүүчүнү дайындоо (тиешелүү токой чарбасына буйрук берүү) | ||||
2.1-аракет Тиешелүү токой чарбасы тарабынан арыздын каралышы (токой чарбалары) | Токой чарбанын директору | 15 мүнөттөн 24 саатка чейин | - кызмат көрсөтүү жөнүндө же баш тартуу жөнүндө арыз ээсине билдирүү. - арызды канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алууда кызмат көрсөтүүнү керектөөчү акыркы жыйынтыкты ала турган күн жөнүндө кабарланат. - ЭКМП аркылуу электрондук түрдө арыз келип түшкөндө, билдирүү арыз ээсинин жеке кабинетине жөнөтүлөт. | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигине караштуу Токой чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө» жобо |
Жыгачтарды коё берүүгө уруксат кагазын каттоо | Директор | Кайрылган күнү | Жыгачты коё берүүгө уруксат берүү | |
1-жол жобонун натыйжасы: Кызмат көрсөтүүчүгө дайындоо, кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жөнүндө арыз ээсине билдирүү | ||||
2-жол жобонун узактыгы: 1 жумушчу күн | ||||
3-жол жобонун тиби: уюштуруучулук жана башкаруучулук | ||||
3-жол жобо. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдү кабыл алуу, документтерди тариздөө (эсеп-фактура). | ||||
3.1- аракет Төлөмдү кабыл алуу, мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн документтерди тариздөө (накладной) | Токой чарбанын башкы жана материалдык бухгалтерлери | административдик иш аракетти аткаруу үчүн максималдуу убакыт 30 мүнөт. (кайрылган күнү) | мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн арыз ээсине эсеп-фактураны берүү;
|
|
3-жол жобонун натыйжасы: арыз ээсине төлөм дүмүрчөктөрүн берүү | ||||
3-жол жобонун узактыгы: 30 мүнөт | ||||
3-жол жобонун тиби: административдик | ||||
4-жол жобо. Арыз ээсине керектүү продукцияны берүү (жыгач же көчөт материалы) | ||||
4.1-аракет Арыз ээсине керектүү продукцияны берүү (жыгач же көчөт материалы) | Токойчулук башчысы (токойчу) тийиштүү токойчулуктун | кыюу мөөнөтүнө жана аба ырайынын шарттарына байланыштуу болот (бул жөнүндө арыз берүүчүгө 2-жободо маалымдалган) | продукцияны коё берүү жана продукцияны коё берүү үчүн накладнойду жазуу (10 күндүн ичинде) |
|
4-жол жобонун натыйжасы: продукцияны чыгаруу жана продукцияны чыгаруунун эсеп-фактурасында каттоо | ||||
4-жол жобонун узактыгы: жыгач даярдоонун убактысына жараша болот | ||||
4-жол жобонун тиби: административдик | ||||