Загрузка документа…
| 22-тиркеме БЕКИТИЛДИ Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 11-январындагы № 1-дп буйругу менен |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик
РЕГЛАМЕНТИ
“Жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү боюнча милдеттүү пландагы оңдоп-калыбына келтирүү иштеринен тышкары гидротехникалык иштерди аткаруу”
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 – жылдын 10 -февралындагы №85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган Реестринин (тизмесинин)
9-главасынын 11-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызматты көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын аймактык органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Аталган кызматтын административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 3 – июнундагы №303 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 645 токтомунунун редакциясына ылайык) токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүү стандартынын VI-бөлүмүнүн 9-главасынын талаптарына шайкеш келет.
3. Тейлөө стандартында белгиленген негизги параметрлер:
1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы:
Керектөөчүнүн өтүнмөсүн кабыл алуунун чектүү убактысы - 15 мүнөт.
Кызмат көрсөтүү үчүн келишим түзүү - 1 иш күнү.
Кызмат кол коюлган келишимге ылайык, керектөөчүнүн суроо-талабы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин түрүнө жараша, өтүнмө таризделген күндөн тартып 3-90 иш күндүк мөөнөттө берилет, атап айтканда:
- гидрокурулмаларды, каналдарды жана гидробекеттерди куруу жана оңдоо - 90 иш күнгө чейин;
- каналдарды, дренаждык системаларды, суткалык жана декадалык жөнгө салуу бассейндерин механикалык тазалоо - 90 иш күнгө чейин;
- сел өткөрүүчү курулмаларын, дюкер жана акведук куруу жана оңдоо 90 иш күнгө чейин;
- ачык жана жабык коллектордук-дренаждык системаларды куруу - 30 иш күнгө чейин;
- жабык дренажды жана канализацияны агызуу - 30 иш күнгө чейин;
- скважиналарды бургулоо - 90 иш күнгө чейин;
- каналдарды, дренаждарды жана коллекторлорду камыштан тазалоо - 30 календардык күнгө чейин;
- инерттүү материалдарды ташуу - 30 календардык күнгө чейин;
- тереңдиктеги насосторду монтаждоо жана демонтаждоо - 30 календардык күнгө чейин
2) Кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
- кызматты керектөөчү кол койгон иштин түрүн көрсөтүү менен кызмат көрсөтүүгө арыз;
- жеке жактар үчүн – өздүгүн такстыктаган документ;
- юридикалык жактар үчүн - юридикалык жакты каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү.
Кызматты электрондук форматта алууда электрондук формадагы арызды толтуруу жана кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтерди тапшыруу Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы (мындан ары – мамлекеттик портал) же агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук ресурсу аркылуу жүзөгө ашырылат.
Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу кайрылууда кызмат көрсөтүүчү тарабынан “Түндүк” өз ара аракеттенүү ведомстволор аралык системасы аркылуу алууга боло турган документтер талап кылынбайт.
3) Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы (Баалардын прейскуранты) Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигинин буйругу менен бекитилет.
Ведомствого караштуу мекеменин аймактык органдарынын адиси бекитилген прейскуранттын негизинде сунушталган иштин көлөмүнө ылайык ар бир керектөөчүгө жекече иштин сметалык наркын эсептейт. Иштин акыркы наркы аткарылган иштердин актысында көрсөтүлгөн, кызмат көрсөтүүчү жана керектөөчү тарабынан кол коюлган жана Кызмат көрсөтүү келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналган иш жүзүндө аткарылган иштердин көлөмүнө ылайык түзүлөт.
4) Кызматты керектөөчүнүн суроо-талабына жараша мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- гидрокурулмаларды, каналдарды жана гидропостторду куруу жана оңдоо;
- каналдарды, дренаждык системаларды, суткалык жана декадалык жөндөө бассейндерин механикалык тазалоо;
- сел өткөрүүчү, дюкер жана акведук курулмаларды куруу жана оңдоо;
- ачык жана жабык коллектордук-дренаждык системаларды куруу;
- жабык дренажды жана канализацияны агызуу;
- каналдарды, дренаждарды жана коллекторлорду камыштан тазалоо;
- скважиналарды бургулоо;
- инерттүү материалдарды ташуу;
- тереңдиктеги насосторду монтаждоо жана демонтаждоо.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү төмөнкү жол-жоболорду өзүнө камтыйт:
Таблица №1
№ | Жол-жоболордун аталышы | Эскертме |
1 | Кызмат көрсөтүүгө арызды кабыл алуу жана аны каттоо |
|
2 | Жооптуу аткаруучуну дайындоо |
|
3 | Кызматты аткаруу үчүн иштин көлөмү боюнча корутундуну даярдоо |
|
4 | Кызмат көрсөтүүгө келишим түзүү, алдын ала төлөө үчүн документтерди даярдоо |
|
5 | Оңдоо кызматы |
|
6 | Объектти кардарга жеткирүү, кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн документтерди тариздөө |
|