Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2021-жылдын 13-декабрындагы № 396
«Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө» 2016-жылдын 27-январындагы №1 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругу менен бекитилген, «КРАЭ-1. Авиациялык персоналдарга күбөлүктөрдү берүү», Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 токтомуна ылайык, ошондой эле Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун стандарттары жана сунушталуучу тажрыйбасы менен максималдуу бир түрдүүлүктү камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы №1 буйругу менен бекитилген, “КРАЭ-1. Авиациялык персоналдарга күбөлүктөрдү берүү” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине 1,2 тиркемелерге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Министрликтин алдындагы Жарандык авиация департаменти:
- бул буйрукту аткарууга алсын;
- катталгандан тартып үч иш күндүн ичинде «Эркин Тоо» гезитине бул буйрукту жарыяласын.
3. Министрликтин жарандык авиация бөлүмү, бул буйрук күчүнө киргенден тартып үч күндүн ичинде, буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө, аталган ченемдик укуктук акты жарыяланган булакты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат катары жиберсин.
4. Бул буйрук расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо, министрдин авиация тармагын көзөмөлдөгөн орун басарына жүктөлсүн.
Министр | Э.Осоев
|
Кыргыз Республикасынын
транспорт жана коммуникациялар министрлигинин
2021-жылдын “____”______ №______
буйругуна тиркеме 1
«КРАЭ-1. Авиациялык персоналдарга күбөлүктөрдү берүү» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1.2,2.-пункттар төмөнкү мазмундагы пункчалар менен толукталсын:
- «1.2.2.5. Күбөлүктөрдү берүүнүн жалпы эрежелеринин алкагында Келишим түзүп жаткан мамлекеттердин ортосундагы расмий Макулдашууга ылайык күбөлүккө күч берүү.
1.2.2.6. 1.2.2.1 жана 1.2.2.2 пунктчаларынын жоболоруна карабастан Келишим түзүүчү мамлекеттер берилген күбөлүктөргө автоматтык түрдө өз ара күч бере алышат, эгерде бул мамлекеттер:
ушул Тиркемеге ылайык күбөлүктөрдү берүүнүн жалпы эрежелерин кабыл алышса;
автоматтык түрдө күч берүү жол - жобосун тааныган расмий макулдашуу түзсө;
күбөлүктөрдү берүүнүн жалпы эрежелерин туруктуу негизде колдонууну камсыз кылуу максатында көзөмөл системасын киргизсе;
Эл аралык Жарандык авиация жөнүндө Конвенциянын 83-беренесине ылайык бул келишим ИКАО катталса.
Эскертүү I. Макулдашуулардын Реестри жана Келишим түзүүчү мамлекеттердин тийиштүү тизмеги ИКАОнун авиациялык келишимдер жана макулдашуулар жөнүндө маалымат базасында камтылган,
Эскертүү 2. Күбөлүктөрдү берүүнүн жалпы Эрежелери милдеттүү түрдө берилүүчү күбөлүктөрдүн жалпы Ченемдик системасын билдирет.
күчтү автоматтык берүү жол-жобосун таанууда колдонулган, макулдашуунун тараптарына мүчө мамлекеттерге карата түздөн-түз жана юридикалык күч колдонулат. Бул мамлекеттер тарабынан колдонулуучу күбөлүктөрдү берүүнүн жалпы эрежелери, мурдагы тажрыйбаны жана квалификациянын деңгээлин колдоого, күбөлүктөрдү берүүгө карата бирдей талаптарды камтый. Учуулардын коопсуздугу боюнча региондук орган өздөрүнүн мүчө-мамлекттери үчүн бул жалпы эрежелерди иштеп чыгып жаңырта алат.
1.2.2.'7. ИКАОнун макулдашуусунун каттоо номерине шилтеме жасоо жана 1.2.2.6-пунктчада айтылган Макулдашууга ылайык, аларга автоматтык түрдө күч берилгенин күбөлөндүргөн, Күбөлүккө, 1.2.2.6-пункчасында караштырылган жол-жоболордун негизинде күчкө ээ болгон, жазууну күбөлөндүрүүчү жазуу жазылат. Мындай күбөлөндүрүүчү жазууда, бул Макулдашуунун тараптары болуп саналган бардык мамлекеттердин тизмесин камтыйт.
1.2.2.8. 1.2.2.6.-пункчасындагы макулдашууга ылайык күчүнө кирген, башка мамлекеттер тарабынан берилген, күбөлүктөрдү далилдөө үчүн мүмкүндүгү бар же аба кемесинин бортунда турган башка натыйжалуу каражаттарды, күбөлүктөрдү 2017-жылдын 9-ноябрына чейин бергендер, 1.2.2.6-пункчасында талаптарын сактаган мамлекеттер, 2022-жылдын 31-декабрына чейин колдоно алышат.
Эскертүү. Көрсөтмө материалдын, күбөлөндүрүүчү жазуунун тийиштүү формасы, С толуктоосунда келтирилген. Ошондой эле көрсөтмө материалда маалыматка карата күбөлөндүрүүчү жазуунун ажырагыс бөлүгү катары күбөлүктүн толуктоосун колдонуу тартиби баяндалган, ал убакыттын өтүшү менен өзгөрүшү мүмкүн, б.а. ИКАО келишиминин каттоо номери жана ушул Макулдашуунун тараптары болуп саналган бардык мамлекеттердин тизмеси.
Сунуштама. Учкучтун берилген күбөлүгүнө, Келишим түзүүчү мамлекет тарабынан, башка Келишим түзүүчү мамлекеттерде ышкыбоз-учкучтар тарабынан колдонуу максатында күч берүү керек..
Эскертүү. Келишим түзүүчү мамлекеттерге, формалдуулугусуз эле күбөлүккө күч бере турган, ышкыбоз-учкучтар пайдалануу үчүн, Башка Келишим түзүүчү мамлекеттер тарабынан берилген, мындай мүмкүнчүлүк жөнүндө кабарлоону аэронавигациялык маалыматтар жыйнагына киргизүү сунуш кылынат.».
ЫЙГАРУУГА ТИПТҮҮ ТАЛАПТАР» 19-тиркемеге төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин;
1.6-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- 1.8-пунктта экинчи жана төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы L8* пункту менен толукталсын:
«Жарандык авиация уюмдарына класстарды дайындоого уруксатты, эмгек жамааттарынын чечимине ылайык, авиациялык персоналды квалификациялоо жана алар үчүн тиешелүү акы төлөө тартибин белгилейт.»;
- 1.22-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
1.24.1.-пунктунда «аба кемесинин жаны үлгүсүнө кайра окутуу» деген сөздөр алынып салынсын;
- 1.32-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1.32. АКБ боюнча диспетчерлер жана жеке күнөөсү боюнча авиациялык кырсыкка жол берген метеорологиялык персонал, адистиги боюнча бир жыл иштегенден кийин квалификациясын жогорулатууга уруксат берилет.»;
- 2.1. - 2.1.2.1. пункту күчүн жоготту деп табылсын:
2.3. - 2.4.2,1. пункту күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын
транспорт жана коммуникациялар министрлигинин
2021-жылдын “____”______ №______
буйругуна тиркеме 2
Свидетельство пилота любителя
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА KYRGYZ REPUBLIC
ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯСЫНЫН ЖАКТЫРУУЧУ УЧКУЧУНУН ЛИЦЕНЗИЯСЫ
СВИДЕТЕЛЬСТВО ПИЛОТА ЛЮБИТЕЛЯ ГРАЖДАНСКОЙ АВИАЦИИ
CIVIL AVIATION PRIVATE PILOT LICENCE |