Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2022-жылдын 12-сентябры № 01-13/146
Бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр энергетика чөйрөсүндөгү кээ бир маселелер жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын электр энергетикалык тармагынын туруктуу өнүгүүсүн, ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуу, ошондой эле электр энергиясына тарифтерди белгилөө үчүн эсептөөлөрдүн жол-жоборлорунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында буйрук кылам:
1. Төмөндөкүлөр бекитилсин:
- Бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр тармактарынын шарттуу бирдиктерин эсептөөнүн усулдугу 1-тиркемеге ылайык;
- Электр тармактарынын шарттуу бирдигин эксплуатациялоого, техникалык тейлөөгө жана оңдоого сарптоолордун бирдиктүү салыштырмалуу суммаларын эсептөөнүн усулдугу 2-тиркемеге.
2. Электр энергетикадагы мамлекеттик саясат башкармалыгы:
- ушул буйрук катталгандан кийин үч күн ичинде Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумуш күнү ичинде Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн басылманын булагын көрсөтүү менен кагаз жүзүндөгү жана электрондук түрдөгү буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып бир жумуш күнү ичинде көчүрмөсү маалымат катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Электр энергетикадагы мамлекеттик саясат башкармалыгына жүктөлсүн.
Министрдин м.а. |
| Б.А.Азизбеков |
1-тиркеме
Бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр тармактарынын шарттуу
бирдиктерин эсептөөнүн усулдугу
1-глава. Жалпы жоболор
(КР Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2025-жылдын 17-апрелинин № 13-49 буйругунун редакциясына ылайык)
1. Бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн электр тармактарынын шарттуу бирдиктерин эсептөөнүн усулдугу (мындан ары – Усулдук) шарттуу бирдиктердеги электр тармактарынын лицензиатынын менчигинде турган көлөмдү эсептөөгө арналган.
2. Шарттуу бирдиктер 1 (бир) шарттуу бирдик көлөмүндөгү электр тармактарын эксплуатациялоого, техникалык тейлөөгө жана оңдоого сарптоолордун бирдиктүү салыштырмалуу суммаларын бааны жөнгө салууда ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан эсептөөгө арналган.
3. Бул Усулдук мекемелердин жана алардын бөлүмдөрүнүн өндүрүштүк-чарбалык иштеринин техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүн ченемдөө, пландаштыруу жана талдоо, ошондой эле электр тармактарын эксплуатациялоону уюштуруу түзмөктөрүн долбоорлоо, электр тармактар мекемелеринин оңдоо-өндүрүштүк базаларын жана оңдоо-эксплуатациялык пункттарын жайгаштыруу боюнча электр тармактары жана долбоорлоо мекемелеринин колдонуусу үчүн сунуш кылынат.
2- глава. Колдонуу тармагы
4. Бул Усулдук электр тармактар мекемелеринин жылдык сарптоолорун пландаштырууда жана бекитүүдө электр тармактар ишканаларынын ишин баа боюнча жөнгө салууда, ошондой эле лицензиялык ишмердикте жана шартуу бирдиктердин көлөмдөрүн колдонууну талап кылган башка жөнгө салуучу ыйгарым укуктарды ишке ашырууда бирдей экономикалык шарттарды түзүү менен менчикте турган электр тармактарынын шарттуу бирдиктеринин санына пропорциялуу бөлүштүрүүчү ишканалар үчүн жылдык сарптоолорду белгилөөгө жана электр тармактарын эксплуатациялоого, техникалык тейлөөгө жана оңдоого салыштырмалуу сарптоолорду эсептөө үчүн төмөндөгүлөрдүн эсебинен колдонулат:
1) электр тармактар мекемелери үчүн бирдей экономикалык шарттарды камсыздоо менен жылдык сарптоолорду эсептөөдө жана бекитүүдө салыштырмалуу сарптоолордун бирдиктүү суммаларын колдонуунун эсебинен лицензиаттардын электр тармактарын эксплуатациялоого, техникалык тейлөөгө жана оңдоого салыштырмалуу сарптоолорду эсептөөдө шарттуу бирдиктердин көлөмдөрүн колдонуу;
2) бөлүштүрүүчү ишканалардын тизмегине кирүүгө келип түшкөн өтүнмөлөрдүн талаптарында белгиленген лицензия алууга арыз берген ишкананын ылайык келүүсүн аныктоо үчүн электр тармактарынын шартуу бирдиктеринин минималдуу көлөмдөрүн белгилөө.