Загрузка документа…
| 2-тиркеме
2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2022-жылдын 5-декабрындагы №207 буйругу менен бекитилген |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн
административдик регламенти
Соттун чечими боюнча мажбурлап жоюлгандан башка учурларда юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишинин токтотулганын каттоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) электрондук маалымат базаларына маалыматтарды киргизүү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кабарлоо менен берүү.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген № 94 Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесинин) 4-главасы каттоо, маалымкат, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын берүү кызмат көрсөтүүлөрү).
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүү:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын Юридикалык жактарды каттоо башкармалыгы (мындан ары – Башкармалык);
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрү (мындан ары – аймактык бөлүмдөр) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
1) Кызматты берүүнүн жалпы убактысы: 7 жумушчу күн.
2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
а) Юридикалык жактын ишинин токтотулганын каттоо үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы № 31 токтому менен бекитилген форма боюнча каттоого алуу арызы;
- юридикалык жактын органынын жоюу жөнүндө жана жоюучу комиссияны (жоюучу) тандоо (дайындоо) жөнүндө чечиминин түп нускасын;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн түп нускасын;
- жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимдин түп нускасын;
- уставды (коммерциялык эмес уюмдар жана финансы-кредиттик мекемелер үчүн);
- камсыздандыруу төгүмү боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалымкат («Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга болот);
- салыктар боюнча карыздын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкатын («Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга болот);
- мөөрдүн жана (же) штамптын (алар болсо) өткөрүлгөндүгү жөнүндө ички иштер органынын маалымкатын («Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга болот);
- жоюлуп жаткан юридикалык жактын архивдик документтерин сактоо орду жөнүндө мамлекеттик архив фондунун корутундусун;
- каттоо жыйымы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны;
- 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) жана мамлекеттик реестрге киргизилбеген юридикалык жак үчүн мамлекеттик статистика органдары тарабынан берилген юридикалык жак жөнүндө документ.
б) Филиалдар (өкүлчүлүктөр) үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы № 31 токтому менен бекитилген форма боюнча каттоого алуу арызы;
- филиалды (өкүлчүлүктү) жоюу жөнүндө соттун же юридикалык жактын органынын чечиминин түп нускасын;
- филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн түп нускасын;
- мөөрдүн жана (же) штамптын (алар болсо) өткөрүлгөндүгү жөнүндө ички иштер органынын маалымкатын («Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга болот);
- каттоо жыйымы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны;
- жобону (финансы-кредиттик мекемелердин . чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);
- салык төлөөчүнүн каттоо карточкасынын көчүрмөсү (эгер мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктө ИИН көрсөтүлбөсө) же салык органынын жоюлуп жаткан филиалдын (өкүлчүлүктүн) ИИН көрсөтүлгөн маалымкаты (эгер салык төлөөчүнүн каттоо карточкасы жоголсо же жараксыз болсо);
- 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) жана мамлекеттик реестрге киргизилбеген филиал (өкүлчүлүк) үчүн мамлекеттик статистика органдары тарабынан берилген филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө документ.
- камсыздандыруу төгүмү боюнча карыздын жоктугу жөнүндө маалымкат («Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга болот);
- салыктар боюнча карыздын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкат («Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга болот).
3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: прейскурант Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибине ылайык белгиленген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифи Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы менен макулдашылган Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилген.
4) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) электрондук маалымат базасына маалыматтарды киргизүү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кабарлоо менен Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишинин токтотулганын каттоо жөнүндө буйрук.
2. Кызмат көрсөтүүнү берүү процессинде аткарылган жол-жоболордун тизмеси
4. Кызмат көрсөтүү төмөнкү жол-жоболорду камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Документтер менен юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишинин токтотулганын каттоо жөнүндө арызды кабыл алуу жана каттоо (Уюштуруу-башкаруу жол-жобосу) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлбөйт |
2 | Арызды аткаруучуга берүү (Уюштуруу-башкаруу жол-жобосу) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлбөйт |
3 | Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишинин токтотулганын каттоо жөнүндө арызды кароо берилген документтерди экспертизалоо/долбоорду даярдоо (документтердин/юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) ишинин токтотулганын каттоо боюнча чечимдердин долбоорун даярдоо (Административдик жол-жобо) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлөт |
4 | Арыз берүүчүгө юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишинин токтотулганын каттоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн берүү (Уюштуруу-башкаруу жол-жобосу) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлбөйт |
5 | Документтердин тизими жана делолорду архивге берүү (Уюштуруу-башкаруу жол-жобосу) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлбөйт |