Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 35-10/394 буйругунун 2-тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлери үчүн формалык кийимдерин кийүү ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2023-жылдын 9-июнундагы № 35-10/157, 2024-жылдын 10-майындагы № 35-10/1, 2024-жылдын 12-декабрындагы N 35-10/2, 2025-жылдын 11-мартындагы № 35-10/1, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2026-жылдын 16-июнундагы № 36-07/1 буйруктарынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлери үчүн формалык кийимдерин кийүү эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийимди кийүү тартибин жана эрежелерин аныктайт.
2. Берилген атайын наамдарга ылайык бажы органдарынын кызматкерлери, ошондой эле атайын наам ыйгарылбастан кызматкерлердин милдетин убактылуу аткарган жарандык калктын ичинен чыккан адамдар формалык кийимди кийип жүрүү укугуна ээ.
Терс негиздер боюнча бошотулган адамдарды кошпогондо, бажы органдарындагы кызматтан пенсия алуу укугу менен бошотулган адамга Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген майрам күндөрүндө жана "Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын кызматкерлеринин күнү" кесиптик майрамында гана формалык кийимди кийүүгө уруксат берилет.
Укук коргоо органынын баркын түшүрүүчү жосундары үчүн кызматтан бошотулган адам формалык кийимди кийүү укугунан ажыратылат.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2 буйругунун редакциясына ылайык)
3. Бул Эрежелерде формалык кийимдердин предметтеринин аталыштарында төмөнкү кыскартуулар колдонулат:
- формалык кийимдердин предметтери - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын буйругу менен белгиленген бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийимдеринин предметтери, бут кийимдери;
- шеврондор - ушул Эрежелерге ылайык формалык кийимге жайгаштырылуучу жең жана төш белгилер.
(КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2023-жылдын 9-июнундагы № 35-10/157 буйругунун редакциясына ылайык)
4. Кызматкерлердин формалык кийимдерди төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- өкүлчүлүк;
- күнүмдүк;
- атайын.
5. Бул формалардын ар бири жайкы, күз-жай жана кышкы болуп бөлүнөт.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2 буйругунун редакциясына ылайык)
6. Өкүлчүлүк формалык кийим ант берүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын алуу учурунда, бажы кызматынын атайын наамын ыйгарууда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик майрам күндөрүндө, "Кыргыз Республикасынын бажы кызматкерлеринин күнү" кесиптик майрамда, салтанаттуу жана юбилейлик отурумдарда (чогулуштарда), коллегиянын отурумдарында, эл аралык форумдарда, расмий кабыл алууларда, курман болгон жоокерлердин эстеликтерине, мүрзөлөрүнө, мемориалдарга жана башка объекттерге гүл чамбарларды койгон учурда, бажы органдарынын өздүк курамынын катышуусу менен расмий иш-чараларда кийилет.
Өкүлчүлүк формалык кийим ордендер, медалдар же мамлекеттик сыйлыктардын символдору жана белгиленген үлгүдөгү төш белгилер (мындан ары - төш белги) менен кийилет.
Кызматтык (кызматтык) милдеттерин аткарууда дем алыш жана майрам күндөрү өкүлчүлүк формалык кийимди кийүүгө жол берилет.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2 буйругунун редакциясына ылайык)
7. Күнүмдүк формалык кийим отурумдарда (чогулуштарда), коллегиянын отурумдарында, ведомстволук сыйлыктарды алууда, аттестациядан өтүүдө, кызматтык милдеттерин аткарууда, ошондой эле кызматтан тышкары убакытта кийүүгө жол берилет.
Күнүмдүк формалык кийим ордендик тасмалар жана планкаларга медалдардын тасмалары жана төш белгилер менен тагылат.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2 буйругунун редакциясына ылайык)
8. Атайын формалык кийимдер кызматкерлер өзгөчө температуралык шарттарда же булгануу менен байланышкан шарттарда жүргүзүлүүчү өткөрүү пункттарында кызматтык (кызмат орун) милдеттерди аткарууда (аба өткөрүү пунктунан тышкары), товарларды жана транспорт каражаттарын, контейнерлерди жана өзүнчө келүүчү жүктөрдү текшерип кароодо, контрабандага жана бажылык укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча атайын иш-чараларды жүргүзүүдө, кинология кызматы жана ыкчам издөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан өздөрүнүн кызматтык (функционалдык) милдеттерин аткаруу учурунда кийилет.